Каныбек Осмоналиев, профессор: «Илимдеги популизм – ​көз боёмочулук»

Түрмөлөр, базарлар сыяктуу эле илим тармагы да коомубуздун күзгүсү. Эмне үчүн дегенде, аталган тармак да, теориялык жактан алганда өзү жашап жаткан коомдун кызыкчылыгына баш ийдирилген эмеспи… Россиянын биз күндө көрүп жаткан ОРТ, РТР жана башка ири телеканалдары түрдүү дүйнөлүк окуялар менен бирге өз өлкөсүндөгү өнөр-жайындагы, айыл чарбасындагы, социалдык тармактардагы жаңылыктар менен кошо илимдеги болуп жаткан ачылыштар, алардын эл чарбасына тийгизип жаткан пайдасы тууралуу да тез-тез билдирип турушат. Андайларды көрүп кубанбай койбойсуң. Казанда болсо кашыкка илинет дегендей, ММКалар аркылуу бул жаатта Россияда гана эмес, кошуналарыбыз Казакстан менен Өзбекстанда да дайыма позитивдүү өзгөрүштөр болуп жаткандыгын байкап келүүдөбүз.

Бул жаатта биздеги акыбал, анын элдин турмушуна тийгизген таасири кандай деген жана башка суроолор менен кабарчыбыз математика илимдеринин доктору, профессор, мурдагы Билим берүү жана илим министри, экс-депутат Каныбек ОСМОНАЛИЕВ менен маектешкен.

— Союз мезгилинде эл чарбасынын маанилүү тармактарынын бири катары илимий изилдөөлөргө чоң маани берилип, ал коомдук турмуштун локомотиви катары кызмат кылып келген, — ​деп сөз баштады профессор Каныбек Осмоналиев. — ​Петр Биринчи, Николай, Сталин, Брежнев сыяктуу журт башчыларынын доорунда да бул тармак өзгөчө колдоого алынып, дайыма мамлекеттик камкордуктун алкагында болуп келген. Айрыкча, өткөн кылымдын 60–80-жылдары илим жааты боюнча атомдук энергетика, космос тармактары боюнча СССР дүйнөлүк дүйнөлүк лидерликке жетишкен. Дүйнөлүк ысымга ээ болгон ири илимпоздор өсүп чыккан.

— Албетте, сиз айткан нерселер талашсыз чындык. Анткен менен ал өткөн чак да. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандагы илим тармагынын акыбалы кандай болду?

— Окумуштуу катары гана эмес, бул тармактын бир кездеги чиновниги катары айтсам: эл чарбасынын башка тармактары сыяктуу эле талкаланды, ашмалтайы чыкты. Материалдык-техникалык базасы таланды, тонолду.

– Майрамдын доорунда Аскар Акаев бул тармактын мыкты адиси катары колдоого алды. Бара-бара ал саясатка ооп, популизмге жетеленип, жогорку окуу жайларынын саны өсүп, сапаты кескин төмөндөп, илим тармагы мааниси азайып, жүрүп отуруп, кадыр-баркы биротоло кетти. Натыйжада бүгүнкү таз кейпин кийген акыбалга келдик. Популизмге жетеленип: кереги болбосо да Славян университети, Америка университети, Кувейт университети жана башка ушул сыяктуулар пайда болду. Жүрүп отуруп, 50дөн ашык жогорку окуу жайлары пайда болуп, алардын материалдык-техникалык, профессордук-окутуучулук мүмкүнчүлүктөрү кескин азайып, аты эле калды. Өлкөдөгү соңку 30 жылдагы башаламандык биринчи кезекте илимдин багына балта чапты. Сан сапатты тепсегенде илим кандай тагдырга туш келээрине учурда өзүбүз күбө болуп отурабыз.

— Учурда илимий кадрларды даярдоонуну акыбалы кандай?

— Жерге кирсин. Бул багытта да сапат сандын алдында калып, тепсенди болуп, кордуктун сазына батты. 1992-жылдан тартып, илимий даражаны алгандардын саны кескин өсүп жүрүп отурду. Модага айланды. Кыргыз өкмөтүнүн алдында илимий даражаларды ыйгаруучу Жогорку аттестациялоо комитети, сан-эсепсиз адистештирилген диссертациялык кеңештер түзүлө калды. Натыйжада 2016-жылга карата Кыргызстанда илимдин 840 доктору, 3980 кандидаты бар экендиги маалым болду.

— Илим тармактары боюнча окумуштуулар тууралуу маалымат барбы?

— Бар. Мисалы, физика, математика жана техникалык багыттар боюнча илимдин 232 доктору, 800 кандидаты бар. Бул маалымат соңку 1,5 жылдын ичинде 4–5 пайызга өсүп кеткен болушу да мүмкүн. Гуманитардык илимдер тармагында илимдин 341 доктору жана 2180 кандидаты, табигый илимдер тармагында 267 доктор, 1000ден ашуун кандидат бар. Бул сандар соңку жылдарда жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыкты.

— Бул боюнча соңку 2 жылдын маалыматын келтире аласызбы?

— Мисалы, 2015-жылы 65 докторлук, 262 кандидаттык диссертациялар корголсо, 2016-жылы 77 докторлук, 281 кандидаттык диссертациялар корголду.

— Бул сандарды — ​“окумуштуулардын армиясын” илимдин тармактары боюнча бөлүп айтып бере аласызбы?

— Айтса болот. Экономикасы талкаланып, карыздын чечилбес каргысын кийген Кыргызстанда илимий даражалардын саны боюнча экономика багытында “генийлер” көбөйдү. Андан кийин саны боюнча медицина, педагогика, тарых, тил-адабият, укук багыттарында “илимдин олуялары” үстөмдүк кылат…

— Окумуштуунун дипломун алгандардын баары эле торпок эместир?..

— Албетте, баары эмес. 10–15 пайызында окумуштуулук даремет болушу мүмкүн. Сатып албай, аз болсо да, өз мээнети менен жактагандар да бар.

— КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде бул көрсөткүч кандай?

— Бизде 1000 кишиге карата илимий даражасы барлар 0,8ди түзсө, Казакстанда 1,7ни; Белоруста 4,7ни; Россияда 7,5ти түзөт. Бул жерде сан жагынан эмес, сапат жагынан артта экендигибиз өкүндүрөт. Россияда, мисалы, корголгон диссертацияда камтылган илимий ачылышка, анын эл чарбасынын тийиштүү тармактарына канча пайда алып келеээрине катуу талап коюлат.

— Биздечи?

— Андай талап бизде коюлчудай болсо, мынча сандагы “окумуштуулардан” улам Кыргызстан чындап эле Швейцария болуп кетпейт беле?

Дагы бир айтып кете турган нерсе — ​акыркы 25 жылда Кыргызстанда биздин окумуштуулар болгону 5–6 гана илимий ачылыштардын күбөлүгүнө ээ болушкан.

— Диссертацияларды коргоого талапты күчөтсө болбойбу?

— Кыргыз өкмөтү бул багытта талапты күчөтүмүш болуп, диссертацияларды коргоонун санын азайттык деп жатат. Ага карабастан, Кыргыз өкмөтүнүн Жогорку аттестациялоо комитети суткасына 3 сменадан иштеп жаткандай.

Мисалы, бир облустун экономикасы тууралуу корголгон диссертация менен таанышып чыктым: эч кандай илимий талдоо, илимий жаңылык же иштиктүү сунуш байкалбайт. Жөн гана статистикалык маалыматтарды урдуруп салыптыр. Аргаң түгөп: күлкүң да келет, жиниң да келет!

Мамлекеттик кызматтарды иштеп жүрүп, 15 миң доллардан 30–40 миң долларга чейин акча төлөп, кандидаттыкты, докторлукту сатып алган акүй-көгүйдөгү “генийлердин” санын айта көрбө.

— Агай, баары эле сизчелик күйсө кана. Мындай талап-тоноочулук саясатты чектесек болобу? Бул боюнча дүйнөлүк практика эмне дейт?

— Кантип болбосун. Мисалы, Россияда бизден кескин айырмаланып, корголууга сунуш кылынган темада кандай жаңы сунуш камтылган, анын иш жүзүндө эл чарба тармагына алып келе турган пайдасы кандай деген көз менен каралат. Ал эми кошуна Казакстанда диссетацияларды коргоо кеңешине “казакчылыкты” чектөө максатында россиялык окумуштууларды кошо киргизишкен. Орусту сатып алуунун, болгондо да орустун чыныгы окумуштуусун сатып алуунун оңойго турбастыгын түшүнөсүң да.

Кыргызстанда ушул күндө 5 миңдей кишинин илимий даражасы бар экендигин айтып кеттим. Дээрлик эч кандай пайда чыкпай жатып, мына ушул 5 миң киши илимий даражасы үчүн жогорулатылган айлык алат. Мындай учурда коомду, мамлекетти жана өзүн алдаган окумуштуу сөрөй жалаң гана зыян алып келет. Тээ 90-жылдардын аягында Ички иштер министриңер Өмүрбек Кутуев жасалма диплом сатып алып, көп жылдардан бери офицердин айлыгын алып келген 40тай шүмшүктү милициядан кууп чыккандыгын билемин.

Илимдеги мындай зыяндуу практиканы чектөө үчүн чет элдик окумуштууларды тартуу менен бардык диссертацияларды текшерип чыгуу керек. Ошондо гана бюджетти коомчулукка билдирбей уурдап жеп келаткан келемиштердин саны кескин азайышы мүмкүн. Ошондо гана баш-аягы болуп бул тармакта 1000ге жетип-жетпеген бычакка сап боло турган илимпоз калышы мүмкүн.

— Менин союз кезден бери тууганчылык кылып келаткан тутунган байкем бар. Ал тээ 70-жылдары экономика тармагы боюнча илим жактап, илимдин кандидаты деген наамга ээ болгон. Ал жакында мага баш-аягы болуп 30дай “торпокко” кандидаттык, докторлук диссертация жазып бергендигин айтты. Мисалы, Кыргызстан нефтетрейдерлер биримдигинин мүдүрү “Дж” аттуу кыргызбайды алгач илимдин кандидаты, андан кийин доктору кылган. Ал “окумуштуу” кээде теледен чыгып, жакында күйүүчү май кымбаттайт деп, элди чоочутуп сүйлөп калат. Дагы бир мектепти, университетти ортосар окуп араң бүткөн юридикалык илимдердин доктору болуп эсептелген “А” аттуу окумуштуу сөрөй менин тааныштарыма кандидаттыкты — ​10 миң долларга, докторлукту 20 миң долларга жазып берем деген “илимий-коммерциялык” сунушун укканым бар.

Милиция тармагында иштеп жүрүп, ички иштер органдарын кыйратканы аз келгенсип, жашы 60ка жакындаганда түшүнөн чоочугансып, илим “жактагандар” — ​кандидаттыкты сатып алуунун учурлары соңку жылдарда козу карындай жайнады…

— Жогоруда сиз айткан ал эки “генийдин” ким экендигин мен да жакшы билем. Албетте, андайлар аттарын атасаң — ​аркан арзан кезде асынып өлүп алууга да даяр. Же окумуштуулук кадыр-баркыма доо кетирдиң деп, сотко берүүдөн да кайра тартышпайт. Мындай бүлүндүргүч базар-вокзал практикасына Кыргыз өкмөтү тез арада тыюу салбаса болбой калды.

Мурда, союз кезинде кандидаттыкты жактоого 5–6 жылдык мөөнөт, докторлукту жактоого 10–15 жылдык мөөнөт оптималдуу деп эсептелсе, азыр 1–2 жыл эле жетет. Азыр болсо, айрым торпоктор 2–3 айда эле окумуштуунун даражасын сатып алайын дейт. Бирок, коомдук пикирден чоочуп, бул коммерцияны 2–3 жылга создуктурууга мажбур болушууда.

Мындан 3–4 жыл мурда тоолуу катаал шарттарда кызмат өтөп, пенсияга чыкты деген жалган документтерди жасап, өздөрүн олчойгон пенсия менен камсыз кылган милициянын, аскер кызматчыларынын айрым офицерлерине жана генералдарына карата прокуратура органдары кылмыш ишин козгоп, мыйзамсыз жеп келген арам тамактарын кустурушкан эле. Биздеги самопал окумуштууларды да кайрадан аттестацияга салып, жеп келаткан макүр тамактарын кустурууга неге болбосун?

— Тигил же бул тармактагы ийгиликти аны каржылоонун көлөмүнө түздөн-түз байланыштуу дешет…

— Албетте, бул талашсыз нерсе деңизчи. Бизде илимий мекемелерге бөлүнгөн каражаттын 90%ы айлыкка жана социалдык төлөмдөргө жумшалат. Мамлекет бүгүнкү күндө илимге жана бул тармактарга жаңылыктарды киргизүүгө ВВПынын 0,12%ын гана бөлөт. Башкача айтканда 3 миллион долларга жетип-жетпеген өлчөмдү түзөт. Бул көрсөткүч Тажикстанда 0,7%ды (биздикинен 6 эсеге көп), Беларуста 1,1%ды, Казакстанда 1,2%ды, Россияда 1,7%ды (бизден 900 эсе көп), Евросоюзга кирген өлкөлөрдө 3%ды, АКШда 4%ды, Японияда 4,5%ды түзөт.

— Депутат кезиңизде илим тармагын колдоо, коргоо боюнча сунуштар менен чыга алдыңызбы?

– 2012-жылы Жогорку Кеңеште илим жана инновация фонду түзүлсүн деп чечим кабыл алып, өкмөткө сунуш киргиздик. Өкмөт “куп болот” демиш болуп, иш жүзүндө Илимдер Академиясынын имараттарын, Ботаникалык бактын жерлерин талашууга, бүлүндүрүүгө өткөндүгүнө не дейсиң… Мен бул тармактагы кылмыштуу аракеттерди тактап, документтештирип туруп, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылмакчымын.

— Ушул мезгилде кыргыз илимпоздорунун эмгеги кандай бааланууда?

— Бүгүнкү күндө биздин профессор 25–30 жылдык иш стажы менен 15–20 миң сом айлык алат. Салыштыруу үчүн айта турган нерсе — ​Улуттук банктын жетекчиси сыйлык-пыйлыгын кошпогондо айына 120 миң сом, “Мегакомдун” мүдүрү 700 миң сом алат. Профессор бул мүдүрдүн бир айлыгын алуу үчүн 36–37 ай иштеш керек!.. Муну көргөн илимге умтулган жаштарыбыздын канаты кайрылып, илимге самопал окумуштуулардын агып кирүүсү күч алууда. Ошондуктан илимге 50дөн ашканда түшүнөн чоочуган, фамилиясын гана туура жаза алган акчалуулар көп келүүдө. Кантип ушундай болсун?!

— Кыргыз окумуштууларынын жаш курагы кандай?

— Азыр Кыргызстанда илимпоздордун жаш курагы өтө жогорулап кетти. Илимдин докторунун орточо жаш курагы 60ты, кандидаттыкы 50 жашты түзөт.

— Агай, мен сурабай калган нерселерди өзүңүз кошумчалап кетсеңиз?

— Кыргызстандагы илим тармагы эч качан бүгүнкүдөй башаламандыкты, жоопкерсиздикти жана кордукту көргөн эмес. Улуттук илимдер академиясында илим-изилдөө мекемелеринин саны 24, саламаттыкты сактоо тармагында 16, ЖОЖдордун алдында 38, юстиция, транспорт, коргоо, экономика министрликтеринин алдында баары болуп 4. Мындан тышкары илимий макамга ээ болгон 2 китепкана бар. Аларда жетекчилик, бухгалтерия, тейлөөчү кызматкерлер болуп, илимге кыйыр же түздөн-түз тиешеси болбогон бир нече миң киши айлык алат. …Айткандын оозу жаман дегендей, көп жолу жаман көрүнүп, далай куугунтукка алындым.

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *