Канышай Мамыркулова, журналист: «Суракматов мага батир бермек беле, «тынч отур» десе керек да»

Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова өкмөттү, БШК төрайымын, президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасын шалаакылыкка айыптап, сотко берди. Мамыркулова Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин кызматка келгенинен бери эле “Кыргызтесттен” өтүшүн талап кылып келет. Буга чейин БШК аталган мэрлердин тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн «кыргызстесттен өтүү сунушталсын» деген чечим чыгарган. Бирок, журналист айым бул чечимдин мыйзамсыз экенин белгилеп, ошондон улам сотко кайрылганын айтат.

– Канышай эже, сотко дагы арыз жазыптырсыз. Бул жолу эмне маселеде арызданып жатасыз?

– Бишкек райондор аралык сотко БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча арыз жаздым. Тил комиссиясынын төрагасы Ишекеев менен БШК төрайымы Шайлдабековага өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылгандыгы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралышын талап кылып жатам. Сот арызды өндүрүшкө алды, качан караары белгисиз. Балким, өкмөткө сунуштап, же дагы бир шылтоо таап артка кайтарышы да мүмкүн.

– Буга чейин да Биринчи Май райондук сотко арыздандыңыз эле. Бирок, сот арызды кабыл албай койгон. Эмнеге?

– Ооба, биринчи райондук сотко арыз бергем. Анда алар «биринчи БШК карашы керек, анан гана биз карайбыз» дешкен. Анан мен эринбей «мэр Азиз Суракматовду тил сынагынан кайра өткөргүлө» деген сунуш менен БШКга кайрылгам. Анткени, 31-июлда мэрликке талапкер Суракматовдун кыргыз тил боюнча берген сынагынын жыйынтыгында, орой каталарына карабастан, «канааттандырарлык» деп өткөрүп ийишкен. Бул жерде мамлекеттик тил комиссиясы мыйзамсыз иштеп жаткандыгы көрүнүп калды. Ал эми БШК менин кайрылуумду карап, «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине кыргызтесттен өтүү сунушталат» деп өлөсөлүү чечим чыгарып берген. Конституциянын 90-беренесинде «өкмөттүн токтомдору жана буйруктары КРнын бүткүл аймактарында милдеттүү түрдө аткарылат» деп так жазылып турат. «Сунушталат, же сунушталбайт» деген түшүнүккө кирбейт. Тап-так аткарылууга тийиш. Демек, бул жагынан БШК шалаакылык кылып жатпайбы.

– Социалдык тармактарда сиздин мэр Суракматов менен сүйлөшкөнүңүз, маселе чечилгени жазылып жүрөт. «Сынак тапшырсын» деп көшөргөнүңүздөн кайттыңызбы?

– Мен өзүмдүн позициямда акырына чейин турам. Суракматов экөөбүз телефон аркылуу гана сүйлөштүк. «Жолугуп, бул теманы талкуулайлы дедик. Чынында мен «кыргыз тилден кайра сынак тапшырсын» деп талап кылып жаткан мэр кыргыз тилинде дурус сүйлөйт экен. Ал «мен кыргызтест тапшырууга каршы эмесмин, маалымат ЖМКларда так эмес кетип калган, «тапшырбайм» деп эч качан айткан эмесмин, «тапшырыш керек» десе, аткарганга даярмын» деди. Мэр туура айтат. Кептин баары БШКнын чала сабат чечиминде болуп жатат. «Сунушталсын» десе, мэр аткарабы-аткарбайбы өзү билет да.

– Акыйкатчыны да «тест тапшырсын» деп талап кылып жатасызбы?

– БШКнын чечиминде «Бишкек жана Ош шаарларынын мэри» деп гана белгиленген. Анда акыйкатчы шайлана элек эле. Бирок, бул маселенин ичинде акыйкатчы сөзсүз түрдө бар. Ал кишинин кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча сертификаты бар-жогун Жогорку Кеңеш сураган да жок. Жөн эле өткөрүп коюшту. Бирөө кетирген катаны экинчиси да кайталап жатса, кантип оңолмок элек.

– Башында Суракматовдун өзүн да кабыл албай жаттыңыз эле. «Курулуш компаниясы бар, жерлерди алып, курулуш баштайт» деп каршы болуп жаткандар дагы азыр мэрди кабыл ала башташты…

– Мен башынан эле Суракматовдун бир гана маселесине токтолгом. «Мамлекеттик тил билүү деңгээли талаптагыдай аныкталсын» деп. Албетте, президентке Суракматов жөнүндө соцтармактарда айтылып жаткандагы маселелер боюнча кайрылуу жазгам. Президенттин администрациясынан супсак кат келген. Демек, мен жазган маалыматтарга президенттин администрациясы олуттуу мамиле кылган эмес, же чын эле Суракматовдун мыйзам бузуулары жок. Эгер администрация «мыйзам бузуулары жок» деп тапса, анда мен Суракматовду кандай күнөөлөй алам?

– Мэр менен качан жолукмай болдуңар?

– «Эртең жок, бүрсүгүнү жолугалы, чай үстүндө сүйлөшөлү» дедик. Өзү деле шашылыш, жарым түндө чалып алып, оңтойсуз болду окшойт. Аны Түлөбаев өзүнө-өзү балээ тилеп, фейсбукка чыгарып салбадыбы. «Тажаткан Канышайдын жаагын басалы» дешсе керек да. Эмне тууралуу сүйлөшөрүбүздү деле билбейм. Тилдин тегерегинде эле болсо керек. «Кыргызтест тапшырам, тынч отур» дейт да, эмне мага «Елизаветадан» үч бөлмөлүү батир берип ийет дейсиңерби?

– Ал киши «шедрый» экен, балким батирин деле аябастыр…

– Мага ким батир берсин, өзүмдүн жаман үйүмдөн артыгы жок.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *