Канжар өзү жооп берсин…

Мурдагы прокурордон жабыр тарткан Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү Ак үйдүн алдына митингге чыгып, мурдагы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев алардын үйүн жана «Улан» деген кафесин тартып алгандыгын билдирип, президентке кайрылышты. Бул иш тууралуу соттук иш 4,5 жылдан бери созулуп келе жатат. Алар сот жараянын тездетүүнү суранышат.

Канжар Кадыралиевдин эжеси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева “Vesti.kg” сайты менен болгон маегинде бир тууганынын ишине жооп бербей тургандыгын билдирди. Бул туурасында ал: «Алар Канжарга каршы чыгышса, менин кандай тиешем бар ал жерде. Эмне туугандары үчүн жакындары жооп береби? Канжар өзү жооп берсин. Биздин мамлекет мыйзам менен иштейт, ушактарга көңүл бурбайт. Беш жылдан бери териштирүү болуп жатат. Соттун чечимин күткүлө», – деп жооп берди. Учурда бул ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *