Султан Раев: Капитал. Табылды Эгембердиев туралуу күлкү-ый аралаш эпитафия

Кыргыз саясатынын Марксы, атамекендик бизнестин Рокфеллери, кыргызга “эмгектенсең гана жалкоолукту жеңесиң” деген насаатты калтырган Табылды Эгембердиев туралуу күлкү-ый аралаш эпитафия.

(Башы өткөн сандарда)

Инкубатордо чегилген жөжөлөрдөй ажону күтүп турдук. Бир маалда узун бойлуу, чап жаак орус чыкты. Бу кишини жансакчы экен деп жүргөнбүз. Көрсө, АААнын жеке врачы экен. Ооруса карап гана там болбостон АААнын жей турган тамагын да алгач ушу киши ооз тийип көрөт тура.

Расмий сапар мүчөлөру баары чогулдук. АААны күтүп атабыз. Эң оболу отелдин айнек эшигинен Карабаев чыкты. Андан соң AAA, МДА менен чогуу чыкты. МДА сылык, өтө интеллигенттүү көрүнгөн. Чындап эле баарыбыз менен кол алыша сылык учурашып чыкты. АААга баары барып учурашты. Такем экөөбүз ордубуздан карыш жылганыбыз жок. ААА өзү эле биз жакты баш жаңсай карап, «Табылды, Султан, кандайсыңар?» деп колун өйдө көтөрүп койду. Расмий сапар мүчөлөрү баары ийин тийиштире бир аз чымык чогулушка баш кошо калды. МДА жана биз берирээкте турабыз.

Алабармандай көрүнгөн Такем бир кызыкты мага айтпаспы. Бу да баягы чубалжыган костюмдун икаясынын уландысы болуп чыкты окшойт. Такем мени окчунураак жерге чакырды да, кулагыма шыбырады: «Эй, балбан (Такем мени ушинтип койчу кээде…) алдагы АААнын костюмун карасаң, ии… кандай экен?» деп калды. «Сенин териңен сыйрып алгандай окшош экен» деди. АААнын костюмун карасам, чындап эле Такем баамдагандай, мен кийген костюмдун эле өзү экен. Бири-биринен айрымасы жок. Акаевдин костюму Раевдикине же Раевдики Акаевдикине жупкадай окшош болуп чыкпаспы. Фасону да, материалы да… баягы сирийский… күнгө чыксаң майланган суурдун терисиндей күнгө чагылышып турат. Такеме «эмне кылабыз?» дедим. А киши өлкөнүн президенти болсо, а мен сегиз барак гезиттин редактору болсом… бул жагы кызык болуп калды. Кызыгы, Такем айткандай, «буларыңдын букарасы да, ханы да окшош костюм кийет экен» дебейби бу куу еврейлер. Такеме «эмне кылабыз?» деп жанатан бери жообу жок турган суроомду кайра кайталадым. «Эмне кылабыз? Чечип салмак белең, Сүкө…» деди Такем. «Болгону сен ажонун жанына таптакыр жолобо. Буларыңдын букарасы да бир, президенти да бир экен. Бирдей кийинет экен деп калбасын» деген тейде айтты. АААнын дресс-кодуна зыяным тийбесин деп жети метр ары жүрөм. Президенттин жанына келген жокмун. Сүйлөгөндүн баарын, кыбыр эткендин баарын баамдап турган Такем «кеп сенин костюмуңда эмес, президенттин кадыр-баркында турат» деди. Менин костюмум эми АААнын кадыр-баркына доо кетирмей болуп калды. Чечип салайын дейм, көздүн карегиндей жалгыз костюм…

А болду, бу болду, расмий сапар башталды. Кортеж жол алды. АААны салтанаттуу түрдө Израилдин президенти Хаим Герцог кабыл алмак. Биз баарыбыз бардык. Баягы советский кулк-мүнөз менен сугарылып калган жаныбыз АААны там эле  заңкайган сонун аянтта кабыл алса керек деп ой боолгоп турганбыз. Булардын өлкөсүнө ислам динин тутунган мамлекет башчылары да оңою менен келе бербейт. ААА бу өлкөгө сейрек келчү өлкөлөрдүн ажосу. Буга дейре өзбек президенти Каримов келип кеткен деген сөз бар эле. Андан таптакыр кабарыбыз жок экен.

Бу сапарда АААнын кеңешчиси Левитиндин жылдызы жаркырап күйө баштады. Күндүзү АААны жандайт, түндөсү өзү айтмакчы, АААнын «сөзүн токуйт». Көрсө, анын да укум-тукуму «екендер» экен. Бул жерде көлдөгү балыктай жүрдү. Европа өлкөлөрү өлкө башчыларын чоң аянтта же плацтарда, хансарайларда кабыл аларын билет элек. Биз шаардын ичиндеги эле кадимки бакка келдик. Чөбү кызыл ашыктан. Жапжашыл болуп, жайкалып турат. Багында түркүн-түмөн канаттуу сайрап атыры. Бейиштин бир тамчы шилекейиндей жер экен. Кыргыз расмий делегациясы жана ж.б. (ошо «ж.б.» деген биз Такем экөөбүз) бакка келип, каз катар тизилдик. Ортодо аскер оркестри. Улуттук гвардиянын жоокерлери. Кыргызстандын желеги желбирейт. Биздин желектин фонунда береги желек анчейин көрүнбөй да турду. Бир маалда музыка жаңырып, биздин ААА менен Хаим Герцог тээ төрдөн пайда болду. Аскер башчы «Түздөнгүлө!» дегендей буйрук берди. Айланада чиркей учса билинбеген тынчтык орноду. Бу буйрукка баш ийбеген канаттуулар туш-туштан сайрап жатты. Чындыгында буер өтө кооз эле. Бу элдин акылына айласыз дагы таң бердик. Президентти кадимки эле чөптүн үстүндө, эч кандай аша чапкан «помпезный» шаан-шөкөтү жок эле кабыл алып жатгы. Таке экөөбүз баягы «ж.б.» катарында турабыз. Расмий сапар мүчөлөрүнө ААА чоңдук кылса, Такем мага чоң болуп алды. «Түз тур, бүкүрөйбө, плечоңу түздө» деген мелкий замечаниелерди айтып турду. Бул тушта да бу бактын көрүнүшүнө элирип кеткенминби, кыялга батып кетипмин. Канткен менен чыгармачыл адамбыз да. «Түз тур!» деп Такем мага башын бурбай какайган бойдон шыбырап «буйрук» берди.

Аңгыча бу иш-чаранын аскер башы эки ажого «Баары даяр!» дегендей ишарат берди. Эки өлкөнүн гимни ойной баштады. Сыбызгып тээ түпкүрдөн ушунчалык жүрөк кылдарына жеткен музыка обого көтөрүлдү. Көрсө, бу музыка еврейлердин гимни экен. Такем жөн турбай, толкунданып алган. «Сүкө, Атайдын эле «Эсимдесине» окшош экен» деди шыбырап. Чындыгында эле бу музыка ушунчалык кайрыгына еврей элинин бүткүл азап-тозогун камтыган, муш да, мукамдуу да экен. Гимн сыбызгып жатты. Ушул атмосферага бу музыка төп келип турду. Буердегилердин баары бири калбай музыканы коштоп ырдап жатты. Ырдаганда да жөн ырдабай жүрөктөрү көөп, көзүнүн жаштары агылып ырдашты. Биз таңкалдык. Ушунчалык да болобу деп. Еврейлер гимнди көз жаш менен ырдайт экен. Музыка бүттү. Кайрадан айлананы терең тынчтык басты. Куштар кана сайрап турду.

Ушул тушта биздин Кыргызтандын, биздин суверендүү өлкөнүн гимни башталды. Башталганда эле бийик пафос жаңырып, оркестрдин «тарелкасы” “заң” деди. Ошо «заң» деген үнүнөн кошо баягы бейиш бакта сайрап жаткан куштардын баары катуу чочуп, «пыр» деген бойдон учуп кетишти. Ушунчалык кичинекей элдин амбициялуу гимнине буердегилер да таң калды окшойт, куштардын учуп кеткенине карганда.

Биздин гимн жаңырып жатты, музыкага кошулуп ААА «ж.б.» катарындагы Такем экөөбүздөн башка эч ким гимндин текстин билбейт экен. Үчөөбүз гана ырдап жаттык, оозубузду кыбыратып ырдап жаттык.. Амбициялуу гимн биздин ырыбызды басып кетти.

Ошентип, биринчи күн, расмий сапардын биринчи күнү ушинтип башталды…

(Уландысы кийинки санда)

Султан Раев

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *