Кара-Балта шаарына мэр шайланат

2017-жылдын 7-августунда  КР БШК  Кара-Балта  шаарынын мэрин шайлоону  2017-жылдын 25-августунда  саат  9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүүнү  дайындады. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирет.

Чечим 2017-жылдын 7-августунда өткөн  Кара-Балта  шаардык  кеңешинин  сессиясында   кабыл алынган. Анда шаардык кеңештин төрагасы болуп Азимкул  Боромбаев  шайланган.

Шаардык  кеңештин  төрагасы кызматына  эки талапкер: “Эламан” фракциясынан  Т.Сүйүмбаев, “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан  А.Боромбаев ат салышкан.  Шайлоо жашыруун  добуш  берүү  менен  өттү. Жеңүүчү катышып отурган 30 депутаттын 18 добушун алган.

КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 3-статьясына ылайык,  кеңештин  төрагасын шайлоо   жалпы депутаттардын  үчтөн экисинен  кем  эмеси катышкан учурда  шайлоо өттү деп эсептелинет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *