Кара-Көл шаарында беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

2017-жылдын 8-октябры күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 423-чакырымында мамлекеттик № S95-97AL “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен мамлекеттик № S63-61АЕ “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыктын кесепетинен Хонда-Фит унаасындагы 5 адам каза болгон (2 эркек, 3 аял). Каза болгондордун жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Окуя болгон жерде КР ИИМ кызматкерлеринин ыкчам тергөө тобу тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

1 ой-пикир

  • Кыргыз says:

    Кыргызстандын аткаминерлери! Атка минбей эле эшекке минип, эшектин этин жеп калсанар экен! Качанкыга чейин адам омуру кыйыла берет! Кечээ эле вице-премьер министр каза болду эле эки адам менен. Дагы беш адам каза болду. Автожолдо качан тартип орнотосунар. Кыргызды автокырсык кырып буто турган болду го! Эшек мээ ГАИ кызматкерлери, ГРС кызматкерлери айдоочулук куболук сатпай балакет саткырлар. Айдоочуларды окумайынча куболук бербей койсонор болот го!!! башка айтчу соз да жок. Эшек минер эшек мээ, эшектин этин жегирлер, ушул адамдардын олумуно себеп болгондор силерсинер!!!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *