Каракол санэпидемиологиялык-көзөмөлдөө борборундагы шалаакылык же ымыркайларды майып кылган инфекция

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичирайонунда Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы Каракол шаардык ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык-көзөмөлдөө (санэпид.) борбору жайгашкан. Анын имаратынын маңдайында шаардык төрөткана турат. Булардын кошуна турганынан бекер айтканыбыз жок. Себеби, санэпид борборунун кошунасы – төрөт үйүндө коркунучтуу инфекция жүрүп ымыркайлар майып болуп жатканын көрүшпөй, базарларда араң оокат кылган ашканаларды ж.б. кыдырып, аларды көкүтүп, коркутуп эки миң сомдон штраф салып иштеп калышкан. Санэпид борборунун башкы врачы Нуркемел Бектуров ишин оңдуу алып баралбаганы үчүн элдин кыжырын келтирүүдө.

Базар кыдыргандан көрө коркунучтуу инфекция менен күрөшсө болмок

Өткөн айда шаардын ортосундагы базарларды кыдырып “кырып” келе жаткан санэпид борборунун кызматкерлерине туш болдук. Алар оңураңдашып ар бир ашканага кирип барып эле “2000 сомдон штраф салып жүрөбүз” – деп кагаздарын алып чыгып жазып жүрүштү. Байкуш базардагы соодагерлер унчукпай башын жерге салып алардын айткандарына макул. Бирөө өзүнүн укугун айтайын десе, ага дагы эки эселеп айып салып коюудан, же бирин-бирине кайраштыруудан кайра тартчудай эмес. Биз турган ашканага эки санэпид борборунун кызматкери келип, “жаңы иштей баштадык эле” дегенине карабай “бизге каяша айтасың 2000 сом штраф салам” деп, штраф салып кетти. Биз булардын орой мамилеси боюнча жетекчиси Бектуровго кайрылалы деп барсак, жумуш ордунда жок болуп чыкты, эки-үч жолу барып жатып араң таап, болгон окуяны айтсак “ал боюнча чара көрөбүз” демиш болуп, ошону менен калып калды.

Чынында, санэпид борборундагы өзүмбилемдик, шалаакылык күчөп кеткенине көп болду. Ал эми төрөтканадагы эң коркунучтуусу инфекциянын таралышына маалында эч чара көрө албаганы – шалаакылыктын жеткен чеги эмей эмне. Төрөткана жетекчилигинин жоопкерчилиги өзүнчө кеп. Болуптур тиги кызматкерлерин көрбөй калыптыр дейли десек, бул инфекциянын таралышын кантип билбей калды болду экен?.

Буга чейин көлдө Каракол шаардык төрөтканасында эне түгүл уккан адамдын жүрөгүнүн үшүн алган, бир сөз менен айтканда төрөтканадагы «бардак” ар бир дарыгер өз билгенин жасашып, кой деген кожосу жок чаржайыт багытка түшкөнү жазылып келет. Каракол шаардык ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык-көзөмөлдөө борборунун шалаакылыктары жана алдын-ала иштерин жасабагандыгы үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайларга инфекция кирип, алардын төртөө «остеомиелит» оорусуна кабылып майып болуп калышкан. Керек болсо, инфекция байкалган маалда дагы алар чара колдонушкан эмес.

Ошондуктан, Ысык-Көл областык саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча Координациялык кеңештин отурумунун 2018-жылдын 16-февралындагы чечиминде Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы Каракол шаардык ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык-көзөмөлдөө борборунун башкы врачы Нуркемел Усенбаевич Бектуровго:

-Дарылоо мекемелеринде пайда болуучу жугуштуу оорулардын алдын-алуу үчүн, облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө инфекциялык көзөмөл күчөтүлүп, санитардык талаптарга жооп бербеген, инфекциялык көзөмөл аткарылбаган бөлүмдөрдүн иштерин токтотуу;

-2017-жылда орун алган ымыркайлардын жана энелердин инфекциялык ооруларга чалдыккан учурлар боюнча эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүп, маалыматты берүү жагы тапшырылсын деп жумшактап чечим чыгарып койгон. Төмөндө, остеомиелитти козгоочу стафилококк (инфекция) азабын тартып майып болуп калган ымыркайлардын энелеринин сөзүн укканда: (кыскартылып берилди).

Азаева Айнура: көрсө, төрөтканада остиомиелитти козгоочу стафилококк бактериясы бар экен… дезинфекция иштерин жүргүзүү керек эле да…

” -2017-жылдын 16-мартында Каракол шаарындагы төрөтканага баргам. Кан басымым жогору болуп, 17-мартта кесарево жолу менен уул төрөдүм. 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Анан балдардын патология бөлүмүнө которулдук. Балам 1-2 күн жакшы эле жүргөн. Анан врачтар “балаңдын башында гематома бар экен” – деп дары жазышты, актовегин дарысын сайышты. Биринчи түнү баламдын дене табы көтөрүлүп, ыйлап чыкты. Эртеси дагы актовегин сайышты, ал түнү баланын табы 39га чейин көтөрүлдү. Көрсө ошондо эле инфекция жайыла баштаган окшойт. Сол жак бутунун тизеси шишип, кол тийгизбей 3 күн ыйлады. Чыдабай калганда балдар патология бөлүмүнүн башчысы Асанбекова Элмирага барсак, рентгенге тартып “балаң дизплазия, сөөгү жетпей турат. Эч кандай эмдөө кылбагыла, бир айдан кийин келесиңер” – деп ооруканадан чыгарып салды.

Көрсө, остеомиелитти козгоочу стафилококк бактериясы бизден мурун деле ошол төрөтканада бар экен. Анткени, арыз жазган энелердин арасында Шахида Матухтаеванын баласы 2016-жылы остеомиелит болуптур. Төрөт үйү дезинфекция иштерин жүргүзүшү керек эле да. Канчалаган баланын убалына, ата-эненин көз жашына калып жатышат?!

Төрөтканада баш-аягы 12 күн жаттым. Үйгө келгенде деле баламдын ыйлаганы басылбаганынан кайра Караколго келдик, Элмира Асанбекова көрдү, бирок эч нерсе кылган жок. Анан Бишкекке 17-апрелде келсек, врачтар дароо “остеомиелит” – деп диагноз коюп, “көпкө дарыланышыңар керек” дешти. Жаңы төрөлгөн, эч нерсе айта албаган наристе кандай кыйналды? Эне үчүн баласынын кыйналганын көргөндөн артык азап болбойт экен. Эртерээк барганыбыз үчүн врачтар оору терең жайылып кете электе токтотуп калышты. Күтүүдөн өткөн жаман нерсе жок экен. Арызданчу жердин баарына арыздандык. Баары эле “күткүлө” дешет, күтүп жатабыз…

Гүлжигит кызы Айчүрөк: врачтар, бул энеден балага жукчу инфекция эмес. Бул оорукана инфекция дешти

– Бишкектеги балдар ооруканасы кызыма “остеомиелит” – деп диагноз чыгарышты. Кыздын бутуна ортопедиялык абдуктор аппаратын кийгизишти. Ошондо кызымдын 3 күн, 3 түн чыркырап үнү Кудайга жетти, жүрөктү эзип.

Бишкектен инфекция өзүмдөн жукканбы деп сурасам, врачтар: “Бул энеден балага жукчу инфекция эмес. Бул оорукана инфекциясы. Киндигин кесип жатканда же укол сайганда жугушу мүмкүн” дешти. Врачтар маалында жакшылап карап койсо болот беле, эми балдар өнөкөт остеомиелит болуп, 2 категориядагы майып болуп калышты.

Төрөт үйүнөн инфекция жуктурган энелер

Эмесе сөзүбүз куру кетпесин, төрөт үйүнөн жабыр тартышкан энелер: Жети-Өгүз району, Конкино айылы, Алапаев көчөсү №35 тургуну 09.09.1990-жылы туулган Гулжигит кызы Айчүрөк: Каракол шаары, Восход кичирайону 11-37 жашоочусу Муратбекова Үмүт; Каракол шаары Жамансариев көчөсү 181-7 жашоочусу Кадырова Шахида; Түп району, Ынтымак айылы, Ленин көчөсүнүн жашоочусу 23.04.1987-жылы туулган Дуйшөбаева Шайыркул; Түп району, Арал айылы, Имадыл көчөсүнүн тургуну 26.06.1980-жылы туулган Азаева Айнура; жана Каракол шаары, Жусаев көчөсү №92 жашоочусу 11.03.1989-жылы туулган Өмүрканова Кундуз ж.б.лардын азапка түшкөнүнө көңүл бурсак.

(Уландысы бар)

Асылбек Бектенов

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *