Карамат Орозова, КСДПчы депутат: “Алмаз Атамбаев 2015-жылы Самаркандек айылына барып “таза суу киргизип берем”деп убада кылды эле, ошол аткарылбай калды”

“Экс-президент Алмаз Шарешенович 2015-жылы Баткен облусунун Самаркендек айылына барып, эл менен жолугушканда эл таза суунун жоктугуна арызданышкан, ошондо Алмаз Шаршенович элге “таза сууну киргизип беребиз” деп убада кылды эле, ошол бойдон ал убада аткарылбай калды, эл дагы эле таза суусу жок олтурат”, – деп билдирди бүгүн, 25-январда КСДПчы депутат Карамат Орозова Жогорку Кеӊеште калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө өкмөттүк саат учурунда вице-премьер Дайыр Кеникеевге суроо узатып.

“Буйруса болот, дагы 15 айыл өкмөтүнө таза суу пландаштырып жатабыз”, – деп жооп берди КР архитектура жана курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *