Карапайым жарандар Кыргызстандын динге сугарылышын жактырышпайт

Кийинки жылдары Кыргызстанда диний ишенимге берилгендер арбыды.  Эксперттер диний абалдын барган сайын курчуп жатканын белгилеп келишет. Буга байланыштуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен диний кырдаалды изилдөөгө алган социологиялык сурамжылоожүргүзүлгөн. Натыйжада кыргызстандыктардын көпчүлүгү өлкө светтик багытта өнүгүшү керектигин белгилешкен.  Башкача айтканда,сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 1200 адам катышып, жооп бергендердин 74%ы Кыргызстан светтик мамлекет болушу керек деген. Дээрлик 14%ы “ислам мамлекетте маанилүү роль ойношу зарыл” десе, 12%ы “ислам мамлекеттик дин болуп кабыл алынышы керек” деген оюн билдиришкен.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *