Карызына байланыштуу Орусиядан чыга албай калган жигит өзүнүн үйлөнүү тоюна катышпай калды

Красноярск жашоочусу карызына байланыштуу аэропортто кармалып, Орусиядан чыгарылган жок. Ал Өзбекстанга үйлөнүү үчүн бараткан, бул окуядан улам той күйөө баланын катышуусуз өттү.

«Аргументы и Факты» басылмасы кабарлагандай, жигит мас абалында автоунаа айдаганы үчүн өз убагында административдик айыппул төлөгөн эмес.

Сот арачылары федералдык кызматынын маалыматына караганда, карыздын көлөмү 60 миң рублды (1 миң доллар) түзгөн. Бересесине байланыштуу Орусиядан чыга албай калып, жигит үйүлөнүү тоюна катышпай калды.

Айыппулду баланын атасы төлөп берген соң гана ал чек арадан өттү.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *