Каржы полициясы Бишкек шаарында “Бизнес/инвесторлор менен маектешүү” деген чоң тегерек стол өткөрдү

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Бишкектеги “Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ)” программалык кеңсенин колдоосунда “Бизнес/инвесторлор менен маектешүү” деген чоң тегерек стол уюштурду. Бул тууралу Каржы полициясынын  басма сөз кызматы билдирет.

Тегерек столго ЭККМКнын жетекчилиги төрага Б.Д. Таиров, төраганын орун басарлары  С.Т. Абдылдаев жана Э.Э. Жамгырчиев, ЭККМКнын борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн начальниктери, ЭККМКнын Коомдук кеңешинин мүчөлөрү, Бишкектеги “ЕККУ” программалык кеңсенин өкүлдөрү, “ЖИА” жана “ЭИК” Кыргыз Республикасынын Бизнес-ассоциацияларынын жетекчилери,  бизнес-коомдоштуктун, КРӨгө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын,   КРӨгө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Ачылышында ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров сөз сүйлөдү, ал  тегерек столго катышып жаткандарга терең ыраазычылыгын билдирди. Б.Д. Таиров өз сөзүндө  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу боюнча планын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылдын 17-сентябрында Ала-Арча мамлекеттик резиденцияда бизнес – коомдоштук менен жолугушууда айтылган тапшырмаларын аткаруу үчүн Кызмат жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү, кызмат адамдарынын ишкердик ишке кийлигишүүсүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча түп-тамырынан берки чараларды көрүп жаткандыгын белгилеп өттү. ЭККМКнын эшиги бизнес менен маектешүү үчүн дайыма ачык, ал жазалоочу орган эмес.

Биздин кызмат мындай иш-чара системалуу болуп, мындан ары туруктуу негизде болуп турса деген ой-пикирде болууда. Биздин достор жана өнөктөштөр – “таза” ак ниет бизнестин өкүлдөрү өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун көптөгөн коркунучтарына каршы күрөшүү маселелеринде, таза эмес атаандаштыкты, салыктарды төлөбөгөндөрдү, мамлекеттик кызматкерлердин таза иштебегендигин, ошондой эле ири коррупциялык көмүскө схеманы билдирип турган маалыматчылар катары   финансы полициясынын башкы биримдиги болуп саналат.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кызматтын ушул жылдын өткөн мезгилиндеги маанилүү окуялары жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү, ЭККМКнын 2018-жылдын өткөн мезгилиндеги ишмердигинин жыйынтыгы айтылды, ошондой эле бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн көйгөйлөрү, сунуштары угулду. Тегерек столдун катышуучулары мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого активдүү катышышты.

Өткөрүлгөн тегерек стол бизнестин, мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү үчүн натыйжалуу болуп калды. “ЭККМК – Бизнес/инвесторлор менен маектешүү” түз маегинин форматы эң курч көйгөйлөрдү жана сунуштарды чечүү үчүн натыйжалуу курал болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *