Кашкар мырза, сиз кимди коргойсуз? Сойкулардыбы же элдиби?

Кечээ НТС телеканалына белгисиз адамдар сырдуу тасманын көчүрмөсүн таштап кеткен экен, каналдын жамааты ал тасманы комментарийсиз «ТВ Кайгуул» көрсөтүүсүнөн коомчулукка жарыялап жиберди. Анда Бишкек шаарындагы милиция бөлүмдөрүнүн биринин начальниги кол алдындагыларга кызматтык кабинетинен катуу эскертүү берип жатканы чагылдырылган. Тагыраагы, тасмада опурулган башчы кол алдындагыларга карап “Эй, болгону 35 эле сутенерша бар, мага өчөшкөнсүп кайра-кайра кармайсыңар. Телефондоруңарды өчүрүп коюп мага кыйын болосуңар. Эй, мен канча айтам, ошолорго тийбей эле койгула деп, эмне кармайсыңар” – деп опурулуп, “Эми кызматыбыз ошол да” – деген милиционерди сүйлөтпөй жатканы так, даана чагылдырылган. Демек бул окуяны ошол жерде катышкан карапайым, бирок патриот, сойкуларды коргоп чөнтөгүн пулга толтурган начальниктердин жоругуна чыдабаган бир кызматкер түшүрүп алган. Ошондуктан тасмадан кийин ИИМ чаңызгып, ошол абийирди айрандай төккөн кызматкерди куугунтукка алып, ким билет сойкулардын мафиясынын күчү, акчасы менен майып кылып коюшу да ыктымал.

А биз болсо министр Кашкар Жунушалиевге түз суроо узаталы деп жатабыз. Урматтуу министр, бүгүн милиция кылмышкерлерди, сойкулар менен ууруларды коргойбу же карапайым элди коргойбу? Ушундан кийин кантип моралдык жактан кыйналбай кызматыңызда отурасыз? Көрсө Бишкекти ушинтип сойкулардан тазаламак болгон турбайсыңарбы, ээ?

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *