Ишемби, 23 Февраль, 2019 - 16:44
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Кашкар Жунушалиев, ички иштер министри: “ЖК депутаттарынын УКТга киргендиги тууралуу маалымат жок”

Бүгүн, 5-февралда  ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде “каралар” т.а. уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жок экендигин билдирди.
ИИМдин маалымат жыйынында журналисттер жакында Токмоктогу ок атышууда парламент депутаты Урмат Самаевдин аты аталгандыгын, ошондой эле, айрым маалыматтар боюнча, ал “Чемпион”деген каймана ат менен кылмыш дүйнөсүнө аралашып жүргөндүгүн эске салып, министрден: “Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү барбы?” деп сурашты.
К.Жунушалиев ал суроого: “Жогорку Кеңештин депутаттарынын кылмыштуу топко киргендиги боюнча биздин маалыматтык борбордо эч кандай кабар жок” деп кыска жооп берди.

     Булак: Kygyz Today

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *