Каспий Конвенциясы – келечектин кепилдиги

Каспийдин жээгинде жайгашкан өлкөлөрдүн — ​Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Азербайжан жана Иран мамлекеттеринин лидерлеринин бешинчи саммитинин жүрүшүндө көптөн бери күтүлүп келген Каспий деңизинин укуктук статусу жөнүндө Конвецияга кол коюшту.Бул документ 22 жыл бою даярдалып келген. Ал Каспийди жамааттык пайдалануунун так эрежелерин аныктайт. Каспий бешилтигинин Президенттери бул документти, дүйнөлүк океанга чыкпаган, дүйнөдөгү эң чоң деңиздин бири болгон Каспий деңизинин “Конституциясы” деп аташууда.

Башында жээктеги өлкөлөрдүн бардык ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Тегеран конвенциясы өзгөчө документ катары эсептелчү. Андан кийин, мамлекет башчыларынын, тышкы саясатты аныктаган мекемелердин деңгээлинде, ошондой эле биргелешкен жумушчу топтордун кеңешмелеринде сүйлөшүү процесстерине түрткү берүүчү кошумча документтер кабыл алынган. Бирок, конкреттүү жыйынтыктуу документтерге ээ боло алышкан эмес. Чынында мындай документ керек болчу.

“Конвенция Каспий деңизинин өзүнчө Конституциясы болуп саналат. Ал жээктеги өлкөлөрдүн укугу жана милдеттерине байланыштуу бардык маселелерди жөнгө салууга чакырат, ошондой эле жалпы региондо коопсуздукка, туруктуулукка жана гүлдөп өнүгүүгө кепил боло алат”, деген Казакстандын президенти, ушул жылдардын аралыгында кыйчалыштаган “каспий” маселесин ар бир тарап үчүн ыңгайлуу чечүүгө умтулган, Каспий зонасын тынчтыкка, ынак кошуначылыкка жана достукка айлантууну каалагандардын бири Нурсултан Назарбаев, тарыхый күндө кол коюлган документке ушундай түшүндүрмө берди.

Актауда өткөн Каспий саммитинин пленардык жыйынында сөз сүйлөгөн Казакстандын башчысы, дүйнөлүк картада ыңгайлуу жайгашкан Каспий деңизинин геосаясый мааниси өзгөчө экенин баса белгиледи. Бул регион, уникалдуу тарыхка жана көп жактуу маданиятка ээ экендигин, бул жерде ири адамдык ресурстар жана өтө бай жаратылыш байлыктары топтолгонун айтты. Каспий жээгиндеги беш мамлекеттин жалпы калкы 240 миллионго жакын адамды түзөт. Мына ушунун бардыгы Каспийге байланыштуу бардык маселелер боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну шарттайт.

Жыйынтыгында Каспий деңизине карата тараптардын укугун жана милдеттерин, анын ичинде сууну, деңиздин түбүн, кендерин, жаратылыш ресурстарын жана аба мейкиндигин жөнгө салуучу бардыгын камтыган негизги документ болуп калды. Документти иштеп чыгууда тараптар, коопсуздукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин эскертүү жана алдын алуу, Каспийдин жээгиндеги мамлекеттердин аскердик ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Конвенцияга катышкан өлкөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн негизги принциби — ​бул мурда айтылгандай, Каспий деңизинин зонасын тынчтыкка, ынак кошуначылыкка жана достукка айлантуу, аны тынчтык максатта пайдалануу, суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү сыйлоо, таандык болбогон тараптардын куралдуу күчтөрүн Каспий деңизине киргизбөө. Эксперттер, документте зарыл болгон чектөө маселелери так жөнгө салынышы, кеме жүргүзүү жана балык кармоо режими, катышуучу-өлкөлөрдүн аскердик-саясый өз ара аракеттенүү принциптеринин белгиленип турганын өтө маанилүү деп эсептешет.

Конвенциянын маңызы жөн эле деңизди бөлүп алуу эмес. Анын так чек арасын аныктоо жана бекитүү али алдыда турат. Суу мейкиндигин жана деңиздин түбүн пайдалануу жөнүндө бир пикирге келишүү бардык “бешилтиктеги” өлкөлөр үчүн маанилүү болчу. Жыйынтыгында, бардык тараптарды канааттандырган вариантты тандашты.

“Биз аймактык суулардын кеңдигин 15 деңиздик миль деп белгилеп, ошону менен бирге анын сырткы чек арасы мамлекеттик статуска ээ болот. Аймактык сууларга тутамдаш болгон он милдик балыгы бар зонадагы ар бир мамлекет балык кармоого артыкча укукка ээ болот. Балыгы бар зонанын сыртындагы зоналар жалпы суу мейкиндиги катары сакталат. Мамлекеттин чек арадан сырттагы деңиз аймагында, жээктеги өлкөлөрдүн желеги бар кемелер деңизде эркин жүрө алат. Жана башка деңиздерге жана дүйнөлүк океандарга эркин транзит жөнүндөгү келишимдер өтө маанилүү. Ар бир мамлекет өзүнүн секторунун чегиндеги деңиздин түбүндөгү кенди пайдалануу суверендүү укугу менен ишке ашыра алат. Ошону менен бирге экологиялык талаптарды сактоо шартында магистралдык түтүктөрдү жана чубалгыларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралат” — ​деди Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев Каспийдин жээгиндеги өлкөлөрдүн бешинчи саммитинин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн пресс-конференцияда.

Казакстандын Президенти, мына ушул принциптерди сактоо, жээктеги мамлекеттердин транспорттук инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө, Каспий регионунда транспорттук потенциалды арттырууга, ошондой эле экологиялык системаны сактоого жана Каспийдин уникалдуу биологиялык ресурстарынын көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

Бул жерде Каспийдин жаңы Конституциясында кабыл алынган беренедеги деңиздин био ар түрдүүлүгүн коргоо жөнүндөгү маселени өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бул аймакта балыкты уурдоо — ​беш өлкөнүн тең башкы көйгөйү. Мурда осетр балыгы Каспий деңизинде дүйнөлүк көлөмдүн 80% түзсө, бүгүнкү күндө балыкты кылмыштуу жол менен камоонун натыйжасында, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнүн мунайзат продукталары аркылуу булганышынын кесепетинен бул баалуу балыктар кескин азайды. Конвенцияга кол коюу менен Каспийдин флора жана фаунасын коргоо жана экологиялык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурула баштады. “Жыйынтыгында, Каспий боюнча бардык ишмердүүлүк экологиялык саясаттын артыкчылыгы менен жөнгө салынат. Экологиялык аспектин негизинде, көптөгөн секторлордун ишмердүүлүгүндө — ​биринчиден, кенди өндүрүү, транспорт тармагында, ошондой эле балык кармоонун режимине таасирин тийгизүүчү чектөөлөр киргизилет. “ деп белгилешет аналитиктер.

Келишимдеги дагы маанилүү пункт, терроризм менен күрөшүү жаатындагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу. Эксперттер, муну өз убагында кабыл алынган документ дешүүдө. Анткени, Каспий деңизи террористтердин активдүү уюму жайгашкан аймакка (Афганистан, Сирия) жакын болгондуктан, Каспий региону аркылуу өткөн энергоресурстарды жеткирүүчү магистралдар, деңиздин өзүндөгү нефти-газ өндүрүүчү платформалар кылмышкерлердин соккусуна дуушар болушу мүмкүн. Мындай шартта бардыгы үчүн оор кырдаалды жаратышы ыктымал.

Беш өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жалпысынан жети документке кол коюлуп, анын ичинде Каспийдин укуктук статусу жөнүндө, ошондой эле транспорт жаатында кызматташуу, соода-экономикалык өнөктөштүк, Каспий деңизинин өзгөчө кырдаалды алдын алуу, чек ара мекемелеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндөгү макулдашуусу бар. Эң башкысы, көптөгөн багыттар боюнча узак мөөнөттү камтыган юридикалык негиз түзүлдү. Эми “бешилтик” өлкөлөр экономикалык кызыкчылыктарды эске алуу менен региондогу био тең салмактуулукту өнүктүрүү жана сактоо экологиялык аспектилерине ыклас коюшмакчы.

Т. Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *