Казакстан “бакыт коалициясын” түзүү меморандумуна кол койду

Казакстан “Бакыттын глобалдуу коалициясын” демилгелөө боюнча меморандумга кол койду.

Документ 12-февралда Дубайда өткөн Өкмөттөрдүн дүйнөлүк форумунда кабыл алынды. Маалыматтарга караганда, меморандумга Бириккен Араб Эмирлиги, Коста-Рика, Мексика, Португалия жана Словения дагы кол койду.

Форумдун катышуучулары жарандардын мамлекеттик жана социалдык кызматтардан канааттануусун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри жана Дубай эмирлигинин башчысы Мухаммед бен Рашид Аль Мактум дүйнө элдин бейкуттугу жана бактысы үчүн иштеген колициялардын жаңы формасына муктаж экенин билдирди.

Бириккен Араб Эмирлигинде “бакыт” – мамлекеттик органдарын ишиндеги негизги критерий жана максаттардын бири. Форум 14-февралда аяктайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *