Казакстан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттой баштайт

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев журналисттерге маалымат берип жатып, 2019-жылы Казакстан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттой баштай турганын айтты.

«​Өткөн аптада биз кыргыз тараптын жообун алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыр макулдашылган келишимдин версиясын бардык мамлекеттик органдарга жөнөттүк. Эгер жаңы жылга чейин үлгүрүп калсак, январдын биринчи жарымында Кыргызстан менен тийиштүү келишимге кол коёбуз. Эгер кол койсок февралда бензинди экспорттой баштаганга мүмкүнчүлүк ачылат. Бирок биз дизель күйүүчү майын экспорттобойбуз, себеби оболу биз чек арабызды бекемдеп, көмүскө ташылып жаткандарга бөгөт коюп, Казакстандын ичиндеги керектелип жаткан майдын көлөмүн так эсептеп чыгышыбыз керек. Биз чек арага бекеттерди коюп, экспортту көзөмөлдөөнү күчөтөбүз», — деди казак министри.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстан 2018-жылы 90,3 миллион тонна мунай өндүргөн. 2017-жылы бул көрсөткүч 86,2 миллион тоннаны түзгөн. Ал эми экспорттолгон мунайдын көлөмү 71,5 миллион тонна болгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Казакстандын рыногунда күйүүчү май ашыкча өндүрүлө баштаганын жана аны Кыргызстанга экспорттоого сүйлөшүүлөрдү ыкчам жүргүзүү керектигин айтып чыккан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *