Казакстан мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча милдеттенмелерин аткарат

Казакстан мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу боюнча милдеттенмелерин аткарууга аракет кылат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев Астанада өтүп жаткан энергетикалык форумда билдирди.

Анын айтымында, бир миллион 680 миң баррель планы коюлган өткөн айда Казакстан бир миллион 643 миң баррель өндүргөн.

«Бул айдын алгачкы жети күнүндө да ушундай эле көрсөткүчтөр болууда. Буга чейин айтылгандай, Казакстан жылдын жыйынтыгы менен алган милдеттенмелерин аткарат. Ооба, кайсыл бир айда көп, башкасында аз болот. Бирок өлкө милдеттемелерди аткарууга аракет кылат жана аткарат», — деди министр.

Бозумбаев Казакстан мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу планын аткарып жаткандыгын жазында дагы билдирген. Бирок июлда ал Стамбулда өткөн мунай форумунда Астананын ОПЕК уюму менен түзүлгөн бул келишимден чыгып кетиши ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Мунай өндүрүүнүн дүйнөлүк көлөмүн азайтуу боюнча 2016-жылы түзүлгөн келишимге ОПЕК уюмуна мүчө эмес өлкөлөрдөн Орусия, Казакстан жана Азербайжан кирген. Анда макулдашуунун максаты — мунай баасын жогорулатуу экени айтылган. Казакстан үчүн мунайды өндүрүүнү кыскартуу квотасы суткасына 20 миң баррелди түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *