Казакстанда камактагы журналистти коргоо комитети түзүлдү

Алматыда кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоого айыпталып жаткан журналист Жанболат Мамайды коргоо боюнча комитет түзүлдү. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча бюронун кеңсесинен билдиришүүдө.

Комитеттин курамына казакстандык ондон ашык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер кирди. Комитеттин төрайымы, журналист Розлана Таукинанын билдиришинче, учурда Мамайды коргоо боюнча комитеттин билдирүүсү даярдалууда.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Жанболат Мамай 10-февралда кармалган. Ал тагылган айыптарды четке кагып, бийликтин бул аракетин гезиттин чыгуусуна тоскоолдук жаратуу катары сыпаттаган.

Журналисттин жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен сотко кайрылышты. Жанболат Мамай 10-апрелге чейин камакка алынган.

«Журналистерди коргоо комитети» (CPJ), Freedom House, «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) казак бийлигин Мамайды бошотууга үндөштү. Билдирүүлөрдө көз карандысыз ММКларды куугунтуктоо токтобой жаткандыгы айтылган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *