Казакстанда оорулуу, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок адамдар президенттикке талапкер боло албайт

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мыйзамдарды Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө тууралоо боюнча документке кол койду. Быйыл Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин иштелип чыккан документке ылайык, катардагы жарандардын президентикке талапкерлигин коюусуна тыюу салынат. Талапкер болууну каалаган жаран мамлекеттик кызматтарда беш жылдан кем эмес тажрыйбага жана президенттик милдеттерди аткарууга
тоскоолдук кылчу ооруларынын жоктугун ырастаган кагазга ээ болушу шарт. Ошондой эле башка өзгөртүүлөр менен катар Кылмыш кодексине террорчулук жана оор кылмыштар үчүн жарандыктан ажыратуу боюнча кылмыш жазасынын кошумча түрү дагы киргизилди.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *