Казакстанда жолдо калган 55 өзбек мигранты куткарылды

Повладарда полиция кызматкерлери облус борборуна жетпей жолдо бузулуп калган автобустун жүргүнчүлөрүнө жардам берди.

Салондо Өзбекстандын 55 жараны болгон. Алар Орусияга баратышкан. Патрулдук полиция кызматкерлери автобусту Достык айлынын жанынан табышкан. Алар жүргүнчүлөрдү кыштактагы мектепке жеткирип, ысык тамак менен камсыздашкан. Полициячылар Өзбекстан жарандарын башка автобус менен Орусия чек арасына чейин жеткиришкен.

Жыл башынан бери Павлодар жолдорунда ушуну менен үчүнчү жолу эмгек мигранттары бараткан автобус бузулду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *