Казактар чек араны жабуу менен өздөрү күткөн жыйынтыкка жетиштиби?

Казактар менен болгон таарынычтан соң чек арабыз жабылып, эки ортодо эки өлкөнүн карапайым эли жабыр тарткан. Эми акыркы эки күн аралыгында чек арада унаа тыгынынын жок экендиги көпчүлүктү сүйүндүрсө, бир жагынан кызыгууну пайда кылып келет. Казактын журт башчысынын капачылыгы тараган го деп ойлоп турсак, кептин төркүнү башкада экен.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиевдин билдирүүсү боюнча Казакстан өзү көздөгөн максатына жетиптир. Дегеним, мурда Кытайдан Торугарт аркылуу Кыргызстанга келип, анан казактар алган товарлар эми түз эле Үрүмчүдөн эч ким барбай койгон казактардын Хоргос базарын көздөй өтүп жатыптыр.

Бул ыкма канчага чейин иштейт экен, кызык?! Кытайдан Кыргызстанга товарлар келип жүргөн, келе да берет. Казактар санкция коюмуш эткен продукцияны Кытай тарапка сунуштасак алар, сүйүнгөн боюнча кош колдоп алаары айкын эмеспи.

Булак: Де-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *