Кечээ, 12-майда Минскиде Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев жолугушуп, бири-бирин кечиришип, жарашыптыр

Кечээ, 12-майда Беларусиянын борбору Минск шаарында орустардын жана белорустардын ортомчулугу менен Кыргызстандын экс-президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев жолугушуптур. Алгач суз учурашкан эки инсан акырында кечиришип, кучакташып, көз жаш кылышып, жарашып, мындан ары душмандашпоого кол алышып шерттешиптир. Тапандардын айтуусунда Аскар Акаич “Курманбек, мен сени өстүрүп, премьер-министр кылсам, анан сен кантип 2005-жылы мага каршы чыктың?” деп сураса Курманбек Салиевич “Мен деле Алмаз Атамбаевди министр, премьер-министр кылып өстүргөнүмө карабай каршы чыкты го” деп жооп кайтарыптыр.
“Биз душмандашкандан эмне таптык? Бизди бөлүп-жарып, элди бөлүп-жарып бийликти басып алгандар мамлекетти башкаралбай талкалап жатышат. Мамлекеттик башкаруу, саясый система, экономика талкаланды. Эми экөөбүз биригип, элден кечирим сурап, элге Атамбаевди кетирүүгө жардам бербесек болбой калды. Ошондо балким эл бизди кечирээр, өздөрүнө жаккан дагы бир жаш адамды президент кылып шайлап алышар. Азыр биздин да, элдин да душманы Атамбаев. Бул бийлигин жоготуудан коркуп, бизди Кыргызстанга киргизбей жатканы адамгерчилик эмес. Агаларыбыз, жакын туугандарыбыз каза болсо топурак салганга бара албасак, бу кандай? Кыргызстанга кайталы, бизге кызматтын, мансаптын кереги жок. Бизге Кыргызстандын абасы менен суусу эле керек” таризинде макулдашып, Атамбаевди экөөсүнүн тең душманы катары аныкташып, ага каршы бардык ресурстарды мобилизациялап, чогуу күрөшүүгө бел байлашыптыр.
Акаев менен Бакиевдин жарашуусуна Путин, Каримов, Назарбаев, Рахмон жана Лукашенколор чоң салым кошушуптур. Айрыкча Назарбаев менен Каримов бизди “вирустан” качан кутултасыңар деп Атамбаевди жактырышпаганын Кремлге айта берип, “көкөйлөрүнө көк талкандай тийишкен” экен. Кечээ эле Путин 9-майдагы Москвадагы парадга Назарбаевди чакырып, Атамбаевди чакырбай койгонунда кеп бар окшойт.
Байкасак, Алмаз Атамбаевдин душмандары өлкөнүн ичинде да сыртында геометриялык прогрессия менен көбөйүп баратканы ачык көрүнүп калды. Эми акыркы сөз албетте кыргыз элинде.
Булак: Кyrgyztoday.kg

15 comments

  • Қырғыз. says:

    Бакиев менен қорқутуу модадан қалып,
    эми Бакиевге Ақаевди қошуп қорқутуу мода болот оқшойт, ээ..?

  • Мира says:

    Аскар Акаевич мындай жолго барат деп ойлобойм, анткени ал ото интелегенттуу киши.

  • Саби says:

    Путин ж.б лидерлер эмнеге мынча Атамбаети кетирууго кызыгышып жатышат??? Бунун артында аябай чон саясат ойнолуп жататко….. Турк ж.а Арап мамлекеттери м.н. байланышыбыз аларды коркутуп жатса к.к.

  • Айбек says:

    Назарбаев олкосу тынч болбогондуктан 9-майды орусиядан тосуп жатат. эгерде 2 саткындын бириккени чын болсо, Атамбаевди жакпаса дагы колдоого туура келет. Булардын Кыргыз элине кастыгы тугонбойт экен го…

  • тала says:

    кылаарга иш калбайкалган го

  • Rinad says:

    Apeeey botom , emi baari butup uwu kaldi bele …???? Atambaev oz kizmatin jakwi ele atkarip gele jatat , bolgonu ubakit gerek !!! Tigil eki indeyets kilchu iwti kilip koyup kayta jarawiwkani kooptuu gorunot , negedir iwenich kiyin , birok jarawsa jarawip atkandir . chininda bizge ne ??? Bizge alardan muzdakta jana isikta emes !!! Bolgonu Mamleketibizge zalaasin tiygiziwpesin , bolgonu uwul

  • эл says:

    Акаев да, Бакиев да озун гана ойлошот. Эми Кыргызстанга жете алышпай, биз жонундо ойлоп калышкан турбайбы. Кыргызстанды сагынып, журоктору оруп вампирлерден адамдарга отуп баратышкан го! Биз алардын бетине тукуробуз! Келбей эле койушсун! Аларга чон рахмат!

  • АША says:

    Атамбаев алкашынарды коп эле мактай бербегилечи же алкашты алкаш алыштан таныйбы?

  • Камбар Пусуров says:

    Акаев, Бакиев бул экоо тен улуу инсандар!!! Бул экоо тен жанында жургон КОШАМАТЧЫЛАРДЫН тузагына илинип, ошол адам кейпин кийген айбандардын курмандыктары болуп калышкан!!! Бул эки улуу инсандардын жарашышын кош колдоп коштошубуз керек!!!

  • Элнура says:

    Кыргыз эли оз жанын озу эле, анан дагы саясатчылардын баардыгын багып келе жатат. Акаев да, Бакиев да жон гана фигуралар. Негизи ар бир кыргыз жараны мекенчил бололу, туура багытты тандайлы.

  • Кыргыз жигит says:

    Атамбаев ди кетире албайсыңар, Атамбаев экономиканы көтөрдү, эл бай жашап жата, Атамбаевдин артын Ала Тоолук Кыргыз журту турат. Элди талап тоногондор качып жүрөт.

  • Guliza says:

    Эмнеси болсо да элибиз жерибиз тынч болсун дайым ынтымак болсун

  • Nasir says:

    Akaev bakiev ubagynda eldi jyrgatpaganda emi jyrgataby. Bular dagy kyrgyzstanda tonkorush kylyp bashalaman kylysh kerek bolup kaldy. Tynch azyr kaida bolso oshol jakta jashai bersin. Atambaev ketse El ozu prezidentin jakshynakai kylyp shailap alat. Ushularga okshogon El buzarlarga ishenbeili erchibeili kudai ozu saktasyn.

  • Тологон says:

    Вакиев келсе аман калам деп ойлобосун

  • питерский says:

    атанар байды мынча эле коргоп калдынар билбейм тышкы саясат 0% ички саясатта башаламан кимиси емне жумушта емненин устунон иш алып барышын билишпейт эки президент тен ото билимдуу ана интелигент инсандар келип калышса атамбай озу еле жылаан чыккандай качат турцияга биз билбеген атамбайдын коп былыткылары бар али ачылып калса ит болот ал

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *