Келдибек Ниязов, Кыргыз эл артисти: Сүймөнкул Чокморов шалбыраган чапан кийип, шалпайып жүргөн эмес

-Келдибек агай, Көлгө курортко барып эс алып келген экенсиз, кандай эс алып келдиңиз?

– Абдан жакшы эс алдым. Сахнада жүрүп, гастролдоп бир жактарга барганда эле эс алуу жайларга барып эс алганым болбосо, ушуга чейин атайын убакыт бөлүп эс алган күнүм деле болбоптур. Быйыл атайын, байбичем экөөбүз ден соолукту чыңдап келели деген максатта, Көл жээгиндеги “Көгүлтүр Ысык-Көл” курортуна барып 10 күн эс алып келдик. Нооруздун убагында барып калыптырмын, ал жакка жөн эле эс алып койбой, эс алуучуларга концерт тартуулаганга  да жетиштим. Эс алуучулар Келдибек байке, “Тамашаңызды сагындык, атактуу куудул Асанкул Шаршенов жөнүндө айтып берсеңиз” – дешкенинен, макул, айтып берейин деп, бир күн ошол жакка Ноорузда концерт койгон Чолпон-Атанын ырчыларын кошуп алып концерт койдум. “Концертибизди бекер көрмөк белек, 50 сомдон берели” – дешет эс алуучулар. Жок, мен да силер сыяктуу эле эс алуучумун. Силер акчаңарды берип коюп, жөн калмак белеңер, “Келдибек Ниязов концерт коюп, 50 сомдон жыйнап алды, өлгөнү калыптыр” деп айтып чыкпайсыңарбы, акчаңардын кереги жок деп алган жокмун. Анан дагы бир нерсеге абдан таң калып келдим. “Көгүлтүр Ысык-Кол” курортунда иштеген жумушчулар Ноорузда өтө сонун концерт коюшту. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Айтматовдун чыгармаларын театралдаштырып, абдан жакшы спектаклдерди даярдашыптыр. Ушул жашка чыгып, театрда иштебеген адамдардын андай спектаклин көргөн эмесмин. Көрүп алып аябай таң калдым. Тим эле укмуш эми. Өздөрү эле аткарып койбой, чыгарманын сюжетине жараша уй, эчки, тооктон бери театралдык оюнга аралаштырып, 6 айлык баланы бешикке бөлөп, айтор даярдаган театралдык оюндарын сөз менен айтып сүрөттөөгө мүмкүн эмес.

– Курорт жөнүндө айтып берсеңиз? Элдер жайында барып эс алса, сиз жазында барыптырсыз го…

– Мен ошондой тескери жүргөндү жактырам да, тамаша. “Көгүлтүр Ысык-Кол” курорту жайынан да кышы сонун экен. Жер алдынан кайнап, ысык суу чыгат экен. Көлдүн мөлтүрөгөн тунук суусу. Ал сууга түшүп чыккандан кийин киши көл-шал болуп тердейт экен. Доктурлардын айтымында, тер менен кишинин ичиндеги жаман заттын баары сыртка чыгып жок болот экен. Баткагы бар экен, ал баткагын шыбансаң, буту-колуңдун ооруган жери тып эле басылат экен. Курортко барганча буту-колум какшап ооруп жүрдү эле, баткак жамынгандан кийин ооруган жерлерим тып эле басылды. Туз менен жасалган бөлмө бар экен. Кадимки эле Кочкордогу кара туз менен жасашыптыр. Ал туз бөлмөгө кирсең, тамагың, көкүрөгүн ачылып, кенен дем алып калат экенсиң. Айтор, “Көгүлтүр Ысык-Көл” курортуна барып эле эс алуу керек экен.

– Жакшы эс алып келген экенсиз. Аянтка тургузулган Сүймөнкул Чокморовдун айкели Чокморовго окшобой калганын айтып, көптөр нааразы болуп жатышат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-Чокморов Сүймөнкул байке менен бир топ убакыт чогуу жүрүп калгам. Ал кишини мен жакшы билем. Сүймөнкул байке ушунчалык тыкан, таза, өзүн дайыма жакшынакай алып жүргөн киши болчу. Азыркы эстелигиндей болуп шалбыраган кийим кийип, шалпайып турган эмес. Ушундай кийинсек, өзүбүздү ушундай алып жүрсөк деп, ал кишини көрүп биз суктанаар элек. Башына эстеликтегидей шляпа кийген эмес. Дайыма калпак кийип жүрчү. Калпагы да элдикине окшобогон, башкача калпак эле. Анысы башына куп жарашчу. Аянттагы азыркы эстелиги аялын “Ала-Too” кинотеатрына киргизии ийип, жалдырап аялын күтүп турган айылдан келген сакмалчы кишиге окшоп турат.

– Эстеликти алып салыш керекпи?

– Албетте, дароо алыш керек. Сүймөнкул байкенин эстелигин Панфилов паркы тараптагы Таттыбүбү Турсунбаеванын айкелинин жанына койсо жарашмак. Таттыбүбү эженин да эстелиги өзүнө эч окшобойт. Ал дагы туура эмес жасалган. Экөөнү тең “Кызыл алма киносундагы ат минип бара жаткан, Сүймөнкул байкенин кызыл алманы колуна алып, жылмайып бара жаткан элесин эстелик кылганда абдан мыкты болмок. Биздин эстелик жасаган скульпторлор аман эле болушсун. Ушул убакка чейин канча эстелик жасалды. Бирөө да эстеликтин каарманына окшобойт. Аттын образын такыр ачып бере алышпады. Бишкектеги Ала-Too аянтына коюлган, Манас атабыздын эстелигин, филармониянын алдындагы Манас атанын эстелигин да алалы, экөөнүн тең аттары окшошпой калган. Манастын минген аты кантип ошондой болсун. Ошондой эле агропром имаратынын алдындагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели да такыр окшошпой калганын, турган жери туура эмес экенин айта кетүүм керек. Айтматовдун айкелин, агропромго эмес, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмалык театрынын алдына коюу керек болчу.

– Артисттер биринин артынан эле экинчиси ажырашып тынып жатышат. Ушул тууралуу оюңузду уксак…

– Ооба, десең. 1960-жылдары артисттер арасында дал азыркыдай ажырашуулар болгон. Ырчылар, театр артисттери биринин аялын бири алып жинди болушкан. Ошол учур азыр кайра келип жатабы деп ойлоп жатам. Эл оозунда айтылып жүргөн “Артистти аялым дебе, шоопурду күйөөм дебе” деген сөз дагы ошол учурда айтылган. Ажырашуу жакшылыкка алып барбайт…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *