Камчы Кадыров: “Түкүрбө! Тазалыкты сакта!» дегендин эмнеси жаман?! Келечек муунду маданияттуулукка үйрөтөлү!”

Жыл жаңыргандан бери күчүнө кирген мыйзамдар  боюнча коомчулукта, айрыкча соцтүйүндөрдө түрдүү пикирлер айтылып, талкуу аябай күчөдү. «Жумурткадан кыр таппай» турган айрым «күчтөр» элдин кыжырын кайнатып, бийликтин кадырын кемитүү үчүн окуяны огобетер туш-тараптан жиреп жиберди.

Негизи, мыйзамды түз маанисинен алып караганда туура. Биз маданияттуулукту туу тутуп, тазалыкты сакташыбыз керек. «Түкүрбө! Тазалыкты сакта!» дегендин эмнеси жаман?!

Тилекке каршы, «бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, арабыздагы айрым тартипсиз адамдар жалпы кыргыздын кадырына доо кетирип жатканы жашыруун эмес. Айрыкча тазалык маселеси чоң көйгөйгө айланып баштаганын эч кимибиз тана албайбыз. Андыктан мыйзамды туура кабыл алып, маданиятты көтөрсөк дурус болмок. Бирок, бул жерде саясат аралашып, элдин көңүлүн кирдетип, кырдаалды курчутканга аракет болгону байкалууда. Анын эң негизги чордону айып пулга барып такалууда. Чындыгында эле биздин коомго бул айып акча чоң. Чындап төлөй келгенде оорчулук жаратаары турган иш.

Кечээ жакында ажо Сооронбай Жээнбеков Сокулук районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтуү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, так ушул айыппулдар тууралуу токтолуп: «айып-пулдар боюнча өкмөт кайра карап чыгат деген ойдомун. Мисалы, түкүрүккө салынган айып акчанын көлөмү чоң»-деген пикирин билдирди.

Ошондой эле Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулук кызуу талкуулап жаткан жаңы эрежелерге токтолуп: «Мунун баары өзүбүздүн мекенибиздин тазалыгын көрсөтүп, башка жактан келген туристтер да таза мамлекет экен, коомдук жайда өздөрүн үлгүлүү алып жүрүшөт экен деген түшүнүктү пайда кылышыбыз керек. Түкүрүнүү абдан терс көрүнүш. Таштандыларды таштоого макул, бирок түкүрүккө 5500 сом дегенди, менимче кайра караш керек» деди. Өкмөт башчынын айтканы туура, эгерде айыптын өлчөмү чакан болгондо эл арасында мынчалык талкуу жаралмак эмес. Бул боюнча тиешелүү органдар жеткиликтүү иш алып барып, ишти жөнгө салыш керек. Болбосо, «кылдан кыйкым издегендер» ушул тазалыкка багытталган мыйзамдан саясат жасап, бийликти жаман көргөзүу үчүн болгон күчү менен аракеттенип жатканы ачык байкалууда.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *