Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.

Бул чечим аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуу деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максаттарында кабыл алынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *