Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер: “Базарда байпак сатып жүргөндөр губернатор, манты саткандар мэр болду”

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды, «Аймактарды өнүктүрүү жылы” – деп жарыялады. Демилгени ишке ашыруу үчүн жумушту эмнеден баштоо керектигин тажрыйбалуу коомдук ишмер Кемел Ашыралиевден сурап көрдүк.

 –Кемел ага, президенттин аймактарды өнүктүрөлү деген демилгесин кандай кабыл алдыңыз?

–Биринчиден аймак деген бул айыл жерлери. Буга чейин айылда иштеп, айылдын турмушун мыкты билген президент келген эмес. Акаев да, Бакиев да, башкасы да чет жердле көп жыл окуп, жашап, асфальтта чоңоюп, айыл-чарбасынан алыс болчу. Кыргызда топо жалап, кык жыттаган бала деп койот. Ошондой топо жалап, кык жыттап чоңойгон президент эми келди. Айылдын турмушу башынан өтүп, атаң гөрү бир бийликке келип калсам ишти айылдан, алыскы өрөөндөрдү өнүктүрүүдөн баштайын деген ою болсо керек. Мен демилеге макулмун, себеби мен да алыскы райондорду, облусту жетектегем.

 –Негизи бизге областын кереги барбы?

–Дегеле, азыркы шартта экономикабыз эргий албай, акча-тыйын аз болуп, тышкы карызыбыз татаалдашып баратканда көп областардын өтө зарылчылыгы деле жок. Мисалы, Чүйгө, Көлгө, Таласка областын кереги эмне? Буларга эл деле муктаж эмес. Област дегендер өтө чоң акчаны жеп жатат. Кенедей Кыргызстанга республика, област, район, айыл өкмөтү деп далай баш оорутма тепкичтерди түзүп алганбыз. Мынча структуранын, бекерпоз чиновниктин кереги эмне? Эгер ошончолук эле област керек болсо, биринчи кезекте ирилештириш керек. Мисалы, Нарын менен Көлдү кошуп борборун Балыкчы кылып, Талас менен Чүйдү кошуп борборун Кара-Балта кылып, Ош, Жалал-Абад, Баткенди бириктирип Ошту борбор кылса, миллиондогон бюджет үнөмдөлөт. Экинчиси, жетекчиге укукту кеңири берип, кызматын чыңдап, “өкүл” деген сөздү түп тамырынан жоготуш керек.

 –Эмне үчүн?

–Себеби, “өкүл” дегендин маанисин карай турган болсок бул – “чабарман” деген эле сөз. “Өкүл” деген бүгүн барып эртең келе турган киши. Эгер губернатор деген аталышты жактырбай жатса, областык өкмөттүн башчысы деш керек. Анан “өкүл” болуп туруп ал облусту кантип башкарат. Ошондуктан мунун атын да, затын да өзгөртүшү керек. Үчүнчүсү, эң негизи кадрды абдан тыкан тандоо зарыл. Ишти тартып кеткенге адистиги, билими, тажрыйбасы, деңгээли, ден-соолугу төп келген кишини дайындоо керек. Областы экспермент кылбаш керек. Союз маалында облустун башчысы эмес, алыскы райондордун биринчи жетекчилерин да бүткүл Кыргызстан билчү. Анткени алар ар иште такшалып, элге таанылып, анан районду башкарууга дайындалчу. Азыр областын тургундары өзүнүн областык “өкүлүн” ал кайдан, кандайча, кайсы сапаты үчүн келгенин билишпейт.

 –Кадрлар өң тааныштык менен тандалып калды дейсизби?

–Ооба, премьер-министрлер 1 жылда эле алмаша берип жыйынтыгында кадр тандоо соодага айланып калгандай таасир калтырууда. Кеткенге чейин дайындап калайын деген максатта жакынын жана тыйыны барларды коюп, кайдыгер саясатты жүргүзүп жатабыз. Демократияны да чеги менен колдонсок. Борбордо президент, жоонтоп Жогорку Кеңеш эл аркылуу шайланып жатабы, ошол жетет. Аткаруу бийлигин башынан аягына чейин дайындоо жолуна өтүш керек. Областын, райондун биринчи жетекчилери шайланбаса, тээ эң ылдыйкы тепкичтеги айыл өкмөтү эмне үчүн шайланат? Ал эптеп, же айылда туугандары көп, же акчасы менен айыл кеңешиндеги 15 депутаттын алкымын майлап шайланып алып, элдин ишенимине ээ болгон депутаттар шайлады, областык “өкүл” менен акимди эч ким шайлаган жок деп дардаңдап жүрөт. Эгер чыныгы демокартияга таянсак, жалганбы, чынбы, айыл өкмөтүн эл, депутаттар шайлап, эл сүйгөн, каалаган, жактаган жетекчи болуп жатпайбы. Аны аким же областык өкүл кызматтан алалбаш керек да. Мына кызык ушул жерде турат, шайлаганды шайланбаган кантип кызматтан алат?

Негизи айылдын жетекчилерин туура тандамайын өрөөн өркүндөбөйт. Айылда элдин кеңири катмарынан такшалып, тажрыйба алып, анан райондун, областын жетекчилигине суурулуп, керек болсо республиканы башкарууга баргыдай кылып 430 айыл өкмөтүнүн башчылары негизги кадрлык база болуп калыш керек. Президент Сооронбай өзү эле буга мисал болуп жатпайбы. Илгери баатырлардын 95%ы, депутат, орден, сыйлык алгандар жалаң колхоз, совхоздун жетекчилери болгон. Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Матен Сыдыков, Кадыракун Базарбаев, Жамин Акималиев өңдүү залкар ишмерлер адегенде колхоз, совхозду башкарып келишкен. Азыр борбордо жүрүп эптеп кагаз жазган немени аким кылып алып барат. Анысы болгону өкмөттө же министерстводо референт болуп иштеген. Ал районду билеби? Ал эми базарда байпак сатып жүргөндөр губернатор, манты саткандар мэр болуп алды.

 –Сиз облус башкарып турганда укугуңуз кандай эле?

–Мен губернатор болуп турган маалда облустагы башкармалыктар менин макулдугум жок бекитилчү эмес. Ыраматылык Бакаевдин СНБнын башчысына, Куловдун милициянын облбашчысына, Чолпон Баекованын облпрокурор жетекчилигине жөнөткөн кишилерин мен кабыл албай артка кайтарып, өзүм көрсөткөн кадрларды дайындагам. Бирок ошолорго керт башым менен жооп бергем. Иш ошондо алдыга жылат. Союз тараганда өгөй атасы таштап кеткен баладай талаада калганбыз. Ошол кезде республика боюнча пенсияны ун, шекер, жадагалса галош, кыскасы колдо эмне болсо ошону менен натуралай берип калганбыз. Орус рубльнын күнсайын наркы түшүп, кагаз болуп калган. Жаңыдан сом кирип, аны жеткире албай кыйналганбыз. Бирок кыйын күндө башкарсак да таптатынакай кылып областын ишин жүргүзгөнбүз. Мен майда-чүйдөсүн айтпай эле койоюн, көп чоң-чоң курулуш курганбыз. Союз күчтүү, гүлдөп турганда куралбаган, көп каражат, материал талап кылган тролейбусту Нарында жүргүзгөнбүз. Бишкектен 100 кВт электр линиясын куруп, алып барганбыз. Эгерде ошондо 100 кВт электр линиясы барбаганда Нарын областында бүгүн энергиялык катастрофа болмок. Мен Акаев менен да, Чыңгышев менен да айтышып, облустун таламын талаша берчүмүн. Азыркы губернаторлор президентке, премьерге тике карап сүйлөй алар бекен?!.. Сага областы ишенип бердиби, сен областын кызыкчылыгы үчүн өлүп же жеңип чыгышың керек.

 –Азыркы жетекчилердин дагы кандай кемчиликтери көзүңүзгө өөн учурайт?

–Азыркы облус жетекчилерин борбордогу тойлордо, спорттук мелдештерди өткөргөн жерлерде, иши кылса күн сайын эле оюн-зоокто жүргөнүн көрөсүң. Мен борборго жыйналышка келгенде түнү менен кайтып барып, эртеси таң атпай иште болуп калчумун. Жоопкерчилик күчтүү эле. Эгер президент чындап регионду көтөрүүнү максат кылса ушул жагын да тизгиндеши керек. Облустун кайсы аймагында татаал маселе же ызы-чуу болсо биз ошол жерге заматта жетип барчубуз. Азыр губернаторлор, акимдер эл чогулган жерден качат.

 –Сиздин баамыңызда бүгүнкү биздин башкаруу системабыз туура багытта кетип бара жатабы?

–Бизде кош башкаруу болуп жатат. Кош башкаруу болгон жерде бош башкаруу өкүм сүрөт. Үй бүлөңдө деле катының бир жагына, сен экинчи жакка тартсаң, балаң да бир жагына чойот. Жыйынтыгында эч кимиңдин иштегиң келбей, ар бириң тултуюп жүрө бересиң. Биздин республика ошондой кырдаалга келип калды. Акаев менен Бакиевге шылтап парламенттик системаны орнотобуз деп Конституция кабыл алды. Азыр же президентиңде, же премьериңде, же парламентинде толук укук жок, ким башкарып жатканы белгисиз. Жакында ТЭЦ боюнча парламентте ар кандай сөздөр айтылды, тилекке каршы толук жоопкерчиликти алган бийлик көрүнбөйт. Мына өсүп өнүп жаткан Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өттү. Казакстандын президенти менен АКШ эсептешүүдө. Россия, Өзбекстан, Тажикстанды карачы, жоопкерчиликти бир киши алып жатат. Тажиктер кичине акчага олчойгон ГЭСтерди курууда. Динди ийине келтирип, не деген тартипти орнотту. Анан эле биз сырайып парламенттик деп алып ызы-чуудан башыбыз чыга элек. Сооронбай Жээнбеков жасайм дегени менен кудурети жетеби, кеп ушунда! Бир жылы Акаев аялынын көңүлүн алайын дедиби, аялдар жылы деп жар салган, ал жыл кетти, аялдардын көйгөйү ошол бойдон кала берди. Кайсы бир жылды үй бүлөнү өнүктүрүү жылы деп атаганбыз, андан эмне өзгөрдү? Баягы эле чырлашуу, ажырашуу, законду бузуп эки аял алуу, мындай мисалдар ар жыл сайын болуп жатат. Кыскасы, мурдагыдай эле Жээнбековдун койгон маселеси дагы куру ураан болуп калбаса экен деген эле ой.

(Нарын областы боюнча кийинкиде сөз кылабыз)

Зулпукаар Сапанов

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *