Кеңеш Жусупов, жазуучу: Табиятка кулдук уралы

Он тогузунчу кылымдын аягында Кыргызстандын Түштүгүндө Чөп акын деген ырчы жашап өткөн. Ал төрт жүзгө чукул чөптүн түрүн ырдаган экен.

Жеңижок акындын айтуусунда, Чөп акын жөнүндө момундай маалымат бар:

«Жаллабатта Чөп ырчы,

Терең ойлуу жөн ырчы,

Сабиздей өңү сапсары,

Жакшы айтпайт чөптөн башканы…»

Чөп акын жөн эле ырчы болгон эмес. Ал эл арасында көп жүрүп, айыл кыдырган, адамдарды чөп менен, ыр менен дарылаган. Акын чөптөрдүн керектигин, касиетин, анын дарычылыгын, түрлөрүн көркөм ыр менен сүрөттөп айта алган. Чөп акын чоң акылман, ойчул болгон.

Кыргыздар жазды «узун сары» («эрте жаз»), «кеч жаз» деп бөлүп келишкен. «Эрте жазды» кыш айынан ажыратуу кыйын, ал уурданып келет. Ага сергек, баамчыл көз менен карабасаң, алданып каласың. «Кеч жазды» гана кенен байкай аласың, анда көктөмдүн ажайып жүзү ачылат.

Жаздын келишин кыргыздар асмандагы жылдыздардан улам жоруй алышкан. «Үркөр чыкты – чөп үркөт», же «үркөр ооп жыл келди» деп коёт кыргыздар. «Жыл» деп жазды эркелеткени, улуу тиричиликтин башталышы. Жаз айы илгерки кыргыздардын жылынын башы жана жаңы жашоонун, кубанычтын, түйшүктүн, сулуулуктун, үмүттүн башы болгон.

Бир кезде кайсы бирөөлөр табиятты жеңип алабыз деп, душман сыяктуу кесирлүү сүйлөгөнүн уккан элек. Жок, адам өзүнөн коргойт. Табияттын адамга жакшылыктан башка жасаган иши жок. Табият өзүбүздү таанууга, сүйүүгө жардам берет. Ал адамды назик, сергек, ыймандуу, боорукер кылат. Ошон үчүн адам табият кереметин сезиши, сүйүшү керек. Табиятты сүйбөсөң, аны коргой албайсың. Табиятты сүйгөндө анын пайдасын ойлобостон, анын сулуулугун, жаркын, береке-марттыгын, женөкөйлүгүн, улуулугун, ыйыктыгын эстейм. Бекеринен акындар, жазуучулар табиятты энеге тете көрүп жүрүшпөйбү! Анан кантип табият менен күрөшүүгө, кол көтөрүүгө барсын!..

Күкүктүн үнү алыстан чыкса да, тып токтоп, кулак түрүп угуп турдум.

Ал быйыл жерге көк чыгып, бактардын бүчүрү ачылганда, гүлдөр чыкканда, чымчыктар жумуртка баса баштаганда келди.

Бала кезде күкүк канча сапар чакырат деп таңшыганын санап турар элек. Жакындан чыкса аны көргүбүз келчү. Куйругун көтөрүп, канатын үрпөйтүп, «кү-кү-үк» деп чакыра берчү. А башка чымчыктар, куштар мунун үнүнө ырахат алып угуп атабы, же арданып атабы деп айланабызды карачубуз. Күкүк үнүнөн ошол айыл, теребел ого бетер сулуу, касиеттүү, сырдуу болуп кетээр эле.

Кыргыздар күкүктү махабаттын, жалгыздыктын, кусалыктын, табияттын ыйык кушу сыңары илгертен аздектешет эмеспи. Элибиз «күкүктүн добушун эшитпей, күн жайылып ачылбайт дейт. Чындыгында жер да күкүктүн үнүн укканда тулку бою жазылып, жаз ошондо келет тура. Жаздын кооздугу, аземдүүлүгү, ушу күкүк үнүндө. А мүмкүн күкүктүн үнү анын тагдырынын оордугунан, жалгыздыгынан, баласаагынан улам ошончо муңдуу аянычтуу чыгар.

Байыртан эл ичинде күкүк жөнүндө кайгылуу икая, уламыштар чыгып жана укмуштай муңдуу, кусалыктын назик ырлары муундан муунга айтылып келатат.

Менин балалыгымда «Күкүк» деген жакшы обондуу ыр бар эле. Кийин неге унутуп бараттык экен?!

Эгерде биз табиятты кордоп, чанып, аны душман катары көрсөк жазмыш жолу ушундай: биз өзүбүдөн айрылабыз, ыйык табияттын каргышына калабыз.

Табиятты көрө, сезе, жаза билиш үчүн талант, сезим жана анын даярдыгы, маданият болуш керек го. Канча такылдап, кургак сөз менен көз жашты төкчүдөй безенсек да, аздык кылар. Жазуучу табиятты жүрөгү менен ссзип, сүйө алса, аны кагазга түшүрө алса, анысы жан дилинен чыкса, ошондо гана чыгармасы окурманга жете алмакчы.

Табиятты жазуучу жөн эле көрүнүш сыяктуу кайдыгерликте карап жазбайт. Жазуучу табият аркылуу окурман менен сүйлөшөт. Өзүнүн сезими, ою менен, толкундануу менен бирге окурманды кошо алып жүрөт.

Ыраакы Чыгыш элинде чырмоок деген гүл бар. Үлбүрөгөн назик гүл, жазында, күн чыккандан батканга чейин жашайт экен. Түштө гулүн ачат да кечинде биротоло соолуйт. Тагдырына жазылган өмүрү ушул. Далай күн жашачудай жайнап гүлдөгөнүн айтпайсызбы! Бу гүлдүн эрдиги, өмүр тиричилик жөнүндө Ыраакы Чыгыштын байыркы акындары нечен ыр жазышкан, акылмандары далай икая, насаат кептерди айтышкан.

Мындай табияттын кичине эле мисалы – чырмоок өмүрү бизге сабак.

Менде бир жүрөк өйүгөн тилек-сунуш бар. Биздин Ата Журтубуздун кооздугу, керемети, абалы, Япониядан кем эмес. Япония дагы сакурадай бизде өрүк, алча, бадам, кайнары, алма гүлдөгөн учур болот. Бак-шак түштүктө да, түндүктө да бар.

Мына ошол ажайып маалда жалпы элибиз табияттын мээримин, сулуулугун көрүп-сезип, эс алып жыргап, япондордой денебизди, оюбузду тазартып, бери дегенде бир жума болсо да жабыла табият майрамын неге өткөрө албайбыз. Жаз күнүндө саякаттап, гүлдөгөн бак ичинде ырахаттанып, балдарга табият сулуулугун көрсөтүп, салт менен акыл, насаат, үлгү айтып, чөнтөк телефондордон аз да болсо кутулуп, шаңдуу күндү япондорчо бак ичинде тозсок жакшы болбойт беле. Мүмкүн ушул күндү мамлекетибиз улуттук гүл майрамы катары атайы кабыл алса, шыбагабызга бир келген ошол күндөр элибизге күч-кубат, ырахат берер эле.

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Булак: De Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *