Видео – Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-төрагасы: “Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Алмаз Атамбаевдин бийликке келишине үлүш кошконум үчүн улуу кыргыз элинен кечирим сурайм!”

“Мен Алмаз Атамбаевге дагы кайрылуу жасагым келет. Алмаз Шаршенович, мамлекет жетекчиси өзүнүн элге берген кооз убадалары менен эмес, реалдуу жасаган иштери менен тарыхта калат. Сиз бийликтен кеткенден кийин байлыгымды кантип сактап калам, жасаган былык иштерим чукулбасын деген ой менен эмес, эл үчүн эмне кылдым? Дагы эмне кыла алам деген ой менен жашасаңыз ошондо гана сиз тарыхта жакшы ат менен каласыз”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда Бишкекте өткөн “Референдумга каршыбыз!” кыймылынын Курултайында УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

“Бүгүнкү Атамбаевдик бийлик элдин мүдөөсүн укпай, коомчулуктун талабын укпай, күчкө салып референдумга баратат. Ошондуктан мен Кагылайын кыргыз элдин астында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары, ушул Атамбаевдин бийликке келишине үлүш кошкон адам катары Улуу кыргыз элинен кечирим сурайм! “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат”, ар бир жетекчинин жооп бере турган мезгили келет”, – деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видеотасма Искен Афиджановдуку

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *