«Кентавр» тасмасын мен кандай түшүндүм?

Белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубаттын тасмасы, пайгамбар жашына барып калган жана айылында «Кентавр» аты менен таанылган, жаштыгында киномеханик болуп иштеген адам жөнүндө баяндайт. Ал кыргыз эли байыртадан бери аттын жардамы менен ынтымактуулукта жашагандыгына ишенет. «Ат-адамдын канаты», ага күч жана эркиндик бергендигин айтат. Бирок, убакыт өткөн сайын адамдардын атка болгон таш боордугу артып, эл каргышка калууда. Кентавр каргыштан кутулуп, кечирим сураш үчүн түнү менен ат чаптырыш керектигине ишенет. Айылдагылар болсо аттарды уурдап түнү менен чаптыргандан кийин бошотуп салган адам Кентавр экендигин билишпейт.

Илгертеден бери ат кыргыздардын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ болуп, өзгөчө орунду ээлеп келген. Ат адамдардын эң ишенимдүү жардамчысы болгон жана атты сыйлап-урматташкан. Кентавр кыргыздар менен аттар ортосунда өзгөчө бир байланыш бар экендигине ишенет. Коомдун калыссыздыгына кейип, тымызын жалгыз күрөшүп келет. Өзүнүн аталаш биртууганынын атын уурдагандан кийин Кентавр кармалып калат. Иниси Карабай жини келип, агасынан эмнеге аттарды уурдагандыгын сураганда, Кентавр көз жашын кармай албай кыргыз эли өзүнүн канаттарын эчак эле жоготкондугун айтып ыйлайт. Алардын биртууган болгонуна карабастан катышпай калгандарына кайгырат. «Качан эле кыргыз өзүнүн досун, атын жечү эле?» деп Карабайдан сурайт Кентавр.

Тасманын идеясы коом акыркы жылдарда кандай өзгөрүштөргө кабылгандыгын көрсөтүү жана азыркы кыргыз образын чагылдыруу деп түшүндүм. Демек, тасма өзүнө кандайдыр бир символикалык маанини камтыйт. Режиссер азыркы коомдун «ийгиликтүү» адамынын образын Карабай аркылуу чагылдырат. Ал айылдагы «чоң адам». Ал укук коргоо органдарында иштейт жана кымбат баалуу күлүк аттарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Карабай мыйзамды көзгө илбеген, бош убактысын ичимдик жана аялдар менен саунада өткөргөн жана ошол эле убакта өзүн чын жүрөгүнөн ыймандуу, деп эсептеген адам.

Кентаврдын үй-бүлөөсү бар. Анын аялы Марипа- кулагы укпаган жана сүйлөй албаган жаш келин. Алардын сүйлөбөгөн баласы да бар. Мурунтан калган жана азыркы үй-бүлөнүн иерархиясындагы аялдын орду чагылдырылган, десе болот. Бала эне тилин үй-бүлөдөн үйрөнүп, сүйлөй баштайт. Эмне үчүн «эне тили» деп аталган? Анткени, эң маанилүү нерселерди, негиздерди жана баалуулуктарды бала энеден үйрөнөт. Кентаврдын баласы азырынча сүйлөй албайт. Бул көрүнүш дагы бүгүнкү биздин реалдуулук. Балким, Кентаврдын баласы өсүп келе жаткан муундун образын чагылдырат.

Тасмада он жыл мурунку саясатташуудан, азыркы коомдун оорусуна айланган «акылсыз исламдашуу» темасы козголгон. Менимче, автордун ою исламдын өзүнө эмес, кыргыздардын жаңы идеологиялык багыттарга бат берилгендиги, азгырылмалуулугу, туруксуздугу жөнүндө болду.

Тасмадагы мени баарынан таасирленткен нерсе- бул Кентаврдын аялы Марипанын сүйлөй албагандыгынан сырткары, айланасындагыларды толук кандуу түшүнө албагандыгы. Марипанын образын аялзатынын көп нерсени боюна катып, ичинен ойлонгон мүнөзүнүн чагылдырылышы катары түшүндүм. Тасманы көрүп жатканда Марипанын жан дүйнөсүнүн буулугуп турганын сезип, өзүңдүн да жан дүйнөң буулугат. Бирок, Марипа кулагы укпаса жана сүйлөй албаса да өзүнүн бактылуу экендигин билгизет. Анткени, жанында аны түшүнгөн Кентавры жана сүйүктүү баласы бар.

Лира Абакирова, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *