Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “Генпрокуратураны жоюш керек, булар укук коргоочу орган болбой эле жазалоочу органга гана айланып калды”

“Жыл сайын сот органдары тарабынан 300дөн ашуун кылмышка шектелген адам акталат. Мисалы, 2013-жылы 315 адам, ал эми 2015-жылы 310 адам акталган. Көп деле өзгөрүү жок. Демек, алар акталып жаткан соӊ, кылмыш иштери туура эмес козголгон да, туурабы? Туура эмес кылмыш ишин козгогон канча тергөөчү жоопкерчиликке тартылды?” – деп  сурады бүгүн, 26-январда депутат Кенжебек Бокоев «Республика – Ата-Журт» фракциясынын сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу жыйынында Генпрокурордун орун басары Нурбек Дүйшөмбиевден.

«Мындай кылмышка шектүүлөрдү актаган чечимдер чукул чакырылган кеӊешмеде тергөөчүлөр менен прокурорлордун катышуусунда каралып, жогорку инстанцияларга даттанылат. Менде канча тергөөчүнүн жоопкерчиликке тартылганы боюнча так маалымат жок, бирок, эске сала кетчү нерсе, Жогорку соттун чечими акыркы чечим болуу менен, даттанууга жатпайт», – деп жооп берди Нурбек Дүйшөмбиев.

“Прокуратура адам укугун коргоочу эмес, жазалоочу органга айланып калды, бул органды жоюп, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу иш-милдетин Юстиция министрлигине өткөрүп берүү зарыл. Антпесе азыр прокуратуранын башкы милдети адамдарды камоо болуп калды. Жыл сайын 300дөн ашуун кылмышка шектелген адам акталат экен. Ал эмне үчүн прокуратура ошол акталган адамдардын укугу менен адамдык аброюн сактагысы келбейт? Ошондуктан, анын иш-милдетин Юстиция министрлигине берип, министр-генпрокурорду дайындоо керек», – деди депутат Кенжебек Бокоев.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *