Рахат Ачилова керемет адам эле

Мен алдыда кеп кыла турган адам менен тааныштыгым жарым кылымга барабар болгон. Бул адам тууралуу жазуу мен үчүн өтө жеңил, анткени жарым кылым жанаша жашап бардыгын билгендей көрүнөм, экинчи жагынан өтө оор, анткени бул көп кырдуу таланттуу адамдын кайсы өзгөчүлүгүн баса көргөзсөм деп кыйналып турам.

Рахат Ачылова. Бул жаркыраган чырайлуу айымды Кыргызстанда билбеген адам аз болсо керек. Рахаттын өмүрлүк жубайы Борбиев Эркин Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, кинодраматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, менин комсомолдо, партияда, кино тармагында чогуу иштеген коллегам жана жакын жолдошум.

Рахат 52 жылдык эмгек жолун үзүрлүү, мазмундуу, өтө бай окуяларды камтып, кп ийгиликтерге жетишип, бийликтиy бийик сересине чейин жетип, дүйнөнү чарк айланып, элүүдөн ашык өлкөгө барып жетишти. Рахат ким өзү? Рахат – сүйүктүү жар. Рахат – мээримдүү эне. Рахат – үлгүлүү мугалим. Рахат – көрүнүктүү окумуштуу. Рахат – мамлекеттик жана коомдук ишмер. Рахат – мыкты насаатчы. Рахат – жакшы жетекчи. Рахат – ийгиликтүү ишмер. Эн негизгиси Рахат жүзүнөн жылмаюусу кетпеген, көзүнөн оту чачырап турган, адамгерчилиги бийик, акылдуу, ар дайым жаркылдап жүргөн асыл адам эле. Рахаттын күтүлбөгөн жерден бул жарык дүйнө менен коштошуп кеткенине үч жылдын жүзү болду. Эркин болсо Рахаттан үч ай мурун өтүп кеткен эле. Экөө сүйлөшүп алышкандай, тез аранын ичинде биринин артынан экинчиси кете беришти. Артында эки кызы, бир уулу калды. Улуу кызы Самара Индияда Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп төрт жыл иштеп, жакында Кувейтке элчи болуп дайындалып иштеп жатат. Уулу Адам мамлекеттик кызматта иштейт. Кичүү кызы Назик политология илиминин доктору, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси. Бул жагынан Кудайга шүгүр, баары жайында, тыл бекем. Эркин менен Рахат балдарына эң мыкгы тарбия жана билим беришкен. Алар ата-энесин уят кылбай татыктуу жашап, өнүп-өсүп, 7 неберени тарбиялап жатышат.

Рахаттын 1958-жылы Баткенден Фрунзеге келиши өтө чоң чуулгандуу окуя менен коштолгон эле. Ал жылдары түштүктүн кыздарын мектепти бүткөндөн кийин окутпай, турмушка берүү салтка айланып калган мезгил болчу. Рахат ошол салтка каршы чыгып Фрунзеге келип, комсомолдун борбордук комитетине кайрылган эле. Ал убакта комсомол үчүн өтө актуалдуу маселе болуп кыздарды, өзгөчө түштүктүн кыздарын окутууга тартуу боюнча чоң иш-чаралар көрүлүп, комсомолдун “Ленинчил жаш”, “Комсомолец Киргизии”, а түгүл Москванын “Комсомольская правда” газеталары Рахатты өтө популярдуу каарманга айландырып, кыздарды окууга үгүттөгөн. Рахат ошондо эле Республикага, ал эле эмес бүткүл союзга белгилүү кыз болуп калган.

Биз, кыргыз элинде “эр экен”, “эрдик кылды” деген сөздөрдү эркек атуулдарыбызга тийиштүү кылып айтабыз. Мен бул макаламда бийик даражадагы ушул сөздөрдү Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал эжелерибиздин сиңдиси, менин аяшым Рахатка карата пайдалангым келет, анткени Рахат өзүнүн жашоосунда көптөгөн эрдик иштерди жасап кетти.

Рахат 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөндөн кийин, Ленинград мамлекеттик университинин аспирантурасында үч жыл окуп, “философия илиминин кандидаты” деген илимий наамды жактап, кандидаттык дипломун бир колуна алып, ошол эле убакта Ленинградда төрөгөн Самара деген кызын экинчи колуна көтөрүп алып самолеттон түшкөндө Эркин баш болуп тосуп алып, бардыгыбыз чексиз сүйүнүп куттуктаганбыз. Ал убакта Эркин комсомолдун борбордук комитетинде иштечү. Рахат ошондо болгону 25 жашта болчу. Бул эрдик эмей эмне?

Кийинчерээк Эркин экөөбүз партиянын борбордук комитетинде иштеп жүрүп, ЦКнын жаңы бүткөн үйүнөн бир подъезде, бир этаждан квартира алып, эшиктеш болуп жашап калдык. Рахат айылда жашаган оорукчан кайын атасы менен кайын энесин колуна алып багып, университетте философия кафедрасынын башчысы болуп иштеп, Адам менен Назикти төрөп, докторлук диссертациясын жазып, илимий иштерин китеп кылып чыгарып, эл аралык илимий конференцияларга барып лекцияларын окуп жүрдү. Бул эрдик эмей эмне?

1987-жылы Рахат Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун ректору болуп дайындалып, баш оту менен институттун проблемаларына кирип, жаңы кафедраларды, факультеттерди ачып, студенттердин окуусунун сапатына көңул буруп, алардын жашоо шартын оңдоп, эки жаңы жатакана курдуруп, айылдык кыздарды көбүрөөк кабыл алды. Өзгөчө көңүлүн кыздарды тарбиялоо маселесине бөлүп, алардын жүрүм-турумдарына, улутубуздун каада-салттарын үйрөтүүгө басым жасады.

Балдарына сапаттуу билим берүү максатында Адамды Турцияда, Назикти Францияда окутту. Самара болсо Кыргызстандын Америкадагы, Англиядагы элчиликтеринде иштеп жатты. Рахат 1988-жылы докторлук диссертациясын Ленинград университетинде ийгиликтүү жактап келди.

Эркиндин чыгармачылыгына жакшы шарт түзүп берем деген максат менен тоо этегинде жайгашкан “Бар-Булак” айылына короо жайы, бакшагы менен эки кабат үй салып, ичин түштүк стилинде көркөмдөп, эң мыкты библиотека уюштуруп койду. Булар эрдик эмей эмне?

1995-жылы Рахат Жогорку Кеңешке депутаттыкка Баткенден он чакты эркектер менен ат салышып, баарын тең “жыга чаап”, өзү элдин ишенимине ээ болуп депутат болуп шайланып, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында беш жыл үзүрлүү иштеди. Бир топ мыйзамдарды жазды, шайлоочулардын койгон талаптарын убагында аткарып турду. Депутаттык ишин университетте лекциялары жана илимий иштери менен ийгиликтүү айкалыштырып турду.

Рахат микрокредит компаниясын уюштуруп, чет өлкөлөрдөн каражат алып келип Баткендин миңдеген аялдарына кредит берип, бизнес жасоого мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Ысык-Көл районунун Тамчы орто мектебинде “Үзгүлтүксүз окуу концепсиясын ишке ашырып, жакшы тажрыйба топтоп, республиканын мектептерине сунуш кылды.

Рахат Ысык-Көлдүн жээгинен жер сатып алып, ал жерге 60 адамга ылайыкташтырып эс алуу жайын курду. Азыр ал пансионатты жайкысын Адамдын келинчеги Кыял иштетип жүрөт. Булар эрдик эмей эмне?

Рахат илимдин 3 докторун, 10 кандидатын даярдап чыгарды. Жаштар, аялдар, үй-бүлө, улут, коомдун өнүгүшү, билим берүү проблемалары боюнча 5 китеп жазып чыгарды, жүз элүүдөн ашык илимий статьяларды жазды, он беш мамлекетке барып эл аралык конференцияларда, симпозиумдарда англис тилинде доклад жасап, лекциялар менен чыгып сүйлөдү. Булар эрдик эмеспи?

Эркин менен Рахат үйүнө конок күткөндү жакшы көрүшчү эле. Үйүнө конок келгенде ар дайым бизди дагы чакырчу. Алардын үйүндө адабияттын, маданияттын, кино искусствосунун каймактары, көрүнүктүү окумуштуулар болоор эле. Мисалы Чыңгыз Айтматов, Роза Айтматова, Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева, Жолон Мамытов, Кеңеш Жусупов, Казат Акматов, Төлөмүш Океев, Кадыркул Өмүркулов, Меңди Мамазаирова, Ашым Жакыпбеков, Саламат Садыкова, Орозбек Кутманалиев, Жолборс Жоробеков жана башка.

Эркин менен Рахат жолдоштукка бекем жана туруктуу эле. Жаш кезинен бери келаткан жолдоштору Тилектеш Ишемкулов, Мукун Асеинов, Мусин Орозбаев, Бекташ Кылычбеков, Кемел Ашыралиев, Алмаз Рысмендиевдер менен өмүрлөрүнүн аягына чейин байланыштары үзүлгөн жок. Ушул жолдоштору аларды акыркы сапарга узатышты.

Рахаттын дин боюнча билими бийик, түшүнүгү өтө терең эле. Ал өмүрүнүн акыркы 40 жылын беш маал үзбөй намазга жыгылып, жоолугун башынан түшүргөн жок.

Рахат тууралуу аңгеме куруп, анын өмүрлүк жары Эркин жөнүндө кеп кылбасак туура эмес болоор. Эркиндин ата-журту Сокулуктагы айтылуу Асыл-Баш айылы. Атасы Бейшеналы аксакал айылдын биринчи мугалими болгон. Эсимде. Ал киши ар дайым көз айнегин кийип алып, арабча китептерди окуп отурчу. Билимдүү киши болгондуктан, батыш цивилизациясына жакындатып, балдарынын аттарын Лондон, Париж, Берлин деп койгон экен. Эркин күлүп айтып калчу: “Кудай жалгап. мен төрөлгөндө атам үйдө жок калып, апам атымды “Эркин” деп коюптур. Атам үйдө болгондо: ‘Вашингтон” болуп калмак экенмин”, – деп.

Эркин университеттин журналистика факультетин бүтүргөндөн кийин комсомолдун борбордук комитетинде, Кыргызстан партиясынын борбордук комитетинде, андан соң  Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасынын (Чыңгыз Айтматовдун) орун басары болуп көп жылдар бою иштеди. 1988-жылдан баштап “Советская Культура” (Москва) газетасынын корреспонденти, кийин Кыргыз улуттук университеттин журналистика факультетинин доценти, профессору болду. СССРдин жазуучулар союзунун жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Эркин өмүр бою чыгармачьшык иш менен алектенип жүрүп “Мен жазды сагындым”, “Кайрадан саат тогузда”, “Мала күндүн батышы”, “Бейшембиде, жаандан кийин”, “Сандардын чатагы” деген китептери жарык көргөн. Эркиндин сценарийи боюнча “Солдатенок”, “Улыбка на камне”, “Тринадцатый внук”, “Будь что будет”, “Еще один радостный день”, “Хроника суровых лет” аттуу кинофильмдер тартылган. Эркиндин кыргыз мультфильминин калыптанышына, улуттук кино искусствосунун өнүгүүсүнө жана кыргыз киносунун “Кыргызское чудо” болушуна салымы өтө зор.

Кыргыздын ушундай эки жылдызы 53 жыл чогуу түтүн булатып, бактылуу күндөрдү баштарынан өткөрүп, элибизге нар көтөргүс кызмат аткарып, көптөгөн илимий иштерин, көркөм чыгармаларын, кинофильмдерин, ондогон окуучуларын артында калтырып кетишти. Чыпчынына келгенде, Рахаттын жасаган иштерин мен-менсинген мырзалар жасай алышпайт. Бул аксиома.

Акыркы убакта Рахат Ала-Тоо түрк университетинде профессор болуп иштеп, өзүнүн аспиранттарына, докторанттарына илимий жетекчи болуп, коомдук иштерге активдүү катышып, радио, телевидение жана басма сөз каражаттары аркылуу өзүнүн накыл сөздөрүн, акыл-насааттарын жаштарга айтып турчу эле. Рахаттын элине көргөзгөн эмгеги мамлекет тарабынан бааланып “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамга татыктуу болуп, “Ардак белгиси” ордени, медалдар, Ардак грамоталары менен сыйланган.

Рахат жараткан берген 75 жашын абдан татыктуу, өтө сыймыктуу жашады. Бүткүл кыргыз элинин алдында, коллегаларынын, жолдошторунун, туугандарынын арасында кадыр-баркы өтө бийик эле. Турмуштун кандай гана кыйынчылыктары болбосун башын өйдө көтөрүп, кабагым-кашым дебей, сынын жоготпой, бийик адамгерчилик сапат менен жашады. Анын ата-журту үчүн болгон сый-урматы, сүйүүсү, өзгөчө Баткен үчүн өзгөчө эле. Кыргыз жерин, кыргыз элин эч нерсеге теңечү эмес. Бүткүл өмүр бою айлана-чөйрөсүндөгү ар бир пендеге асылдыктын нурун чачып, жакшылыктын угутун таштап, ар бир адамдын жүрөгүнө улуу тирүүлүктүн шооратын кагып кетти.

РАХАТ ӨЗ ДООРУНУН БИЙИК ЖАНА КЕРЕМЕТ АДАМЫ ЭЛЕ.

Рысбек Качкеев

Булак: “Майдан”

 

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *