Кетип калган эмес, кепке калган жаман Уран Ахметов

«Кыз боозуп алып энесин коркутат» демекчи, Юстиция министрибиз Уран Ахметов кызматынан жөн кетпей, Жогорку Кеңешти боктоп кетти. Министрлик кызматка келгени депутаттардан жемеден башка жакшы сөз укпаган Урандын айтымында, анын активдүү иш аракетине ЖоКе тарабынан ар дайым каршы пикирлер жаралып, акыры кетүүгө аргасыз болгон имиш.

Туура, бул жигит министрлик кызматка келгени жакшы сөзгө жарыган жок. Эне тилин жөн эле коелу, эки сөздүн башын кошуп сүйлөй алган жок. Эл өкүлдөрү эки деген баа койгондон кийин деле кетип калса болмок, намысы бар болгондо. Кыйнап кетиргенден кийин, ыйлап айткан сөзүн кара кысталактын. Бир өкмөттүн бир “кумалагы” болгонун билбесе деле керек го, кебетеси.

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *