Нооманжан Аркабаев, экс-депутат: “Судья Кайыповдун да Атамбаев менен кошо эл алдына алынып чыгылып, жоопко тартылып, зынданга салынаарына аз калды”

24-ноябрда Бишкекте Кыргыз драма театрынын имаратында Кыргызстандын мекенчил күчтөрүнүн Курултайы өткөрүлүп, ага өлкөнүн туш тарабынан келген миңге жакын жарандык активисттер, 42 партиянын жана буга чейин болуп көрбөгөндөй сандагы ММК өкүлдөрү катышышты. Курултай катышуучулары экс-президент А. Атамбаевдин 6 жылдык президенттик ишмердигине канааттандырарлык эмес деп, ал эми Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык президенттик ишмердигине канааттандырарлык деп баа беришти.

Кыргыз коомчулугунун дээрлик бардык катмарларынын өкүлдөрү катышкан бул курултайга А. Мадумаров, Т. Сариев, Р. Отунбаева сыяктуу саясий-лөктөр чакырылгандыктарына карабастан, келишкен жок.

Ага карабастан, залда жез таңдай чечен, кыргыз демократиясынын атасы, чаалыкпас устаз Топчукенин пайда болушу курултай катышуучуларын жагымдуу таңкалтты.

Соңку жылдарда өткөрүлгөн бир катар курултайлардан айырмаланып, акыркы курултай өзүнүн конструктивдүү маанайы менен замандаштарыбыздын эсинде калмакчы. Себеби, анда чыгып сүйлөгөндөр өз докладдарында кеткен жана азыркы бийликти сындоо менен гана чектелип калбастан, акыркы мезгилде коомдо болуп жаткан позитивдүү жагдайларды да белгилешип, бир катар сунуштар, талаптар кошо айтылды.

Көпчүлүк докладчылар 6 жылдык президенттик мөөнөтүндө Атамбаевдин кетирген олуттуу кемчиликтерин — ​кылмыштарын баса белгилешип, анын ишмердигине саясий гана эмес, укуктук баа берүү зарылдыгын да айтып өтүштү. Чыгып сүйлөгөндөр экс-президенттин кантип мультимиллионер болгондугуна караганда да, анын доорунда адам укугунун болуп көрбөгөндөй тепселгендигин, анын натыйжасында сталиндик-ежовдук-бериялык мезгилди элестеткен зомбулукка жол коюлгандыгы, ажонун мыйзамсыз, кылмыштуу аракеттерин сынга алган коомчулуктун алдыңкы өкүлдөрүнүн ырайымсыздык менен куугунтукка алынып, киллер-соттордун колу менен ак жеринен укуктарынан ажыратылып, түрмөгө салынгандыгы баса белгиленди. Мындай укуктук зомбулукка жол койбоо жана Шоопурдун доорунда орун алып, тамырлаган кылмыштуу саясаттын акыбети сөзсүз жоюлууга тийиш экендиги жана саясий каралоолордун натыйжасында мыйзамсыз эркинен ажыратылгандардын токтоосуз бошотулушу бир добуштан колдоого ээ болду.

Курултайдын күн тартибине ылайык 10 кишинин чыгып сүйлөөсү бекитилген болсо, аталган иш-чара ортолоп калган кезде алып баруучу Чолпон Абыкеев 80ге жакын киши сөз сурап кайрылгандыгын белгиледи. Чыгып сүйлөгөндөр тарабынан Ө. Текебаевдин, С. Жапаровдун, Б. Асановдун, Б. Талгарбековдун. Д. Чотоновдун жана башка эл уулдарынын аттары кайра-кайра жаңырды.

Мындан тышкары курултайда конституциялык реформанын зарылдыгы, коррупцияга баткан парламентти таратуу, Жогорку Кеңешти бир мандаттуу кылып түзүү, сотторду шайлоо жолу менен тандоо сыяктуу принципиалдуу сунуштар өзгөчө басым менен айтылды.

— Курултайда коюлган талаптар толугу менен колдоого татыктуу, — ​деп айтты Кадамжайдан келген жарандык активист, укук коргоочу Муса Момуналиев. — ​Антпесе турмуш чындыгы ырастап отургандай, ыймансыз, 500 миң доллар төлөгөн ууру-кескинин депутат болуп шайланууга толук укугу бар экен да, акчасы жок азаматтар шайланууга укугу жок болуп, кул ордуна да саналбай калат экен. Мындай акыбалга эл чыдай албайт. Өлкөдө конституциялык реформанын зарылдыгы да абдан туура айтылды.

Текебаев демекчи, анын киллер-соттордун уюгуна айланган Биринчи Май райондук сотунун судьясы тарабынан жалган жалаа менен 8 жылга эркинен ажыратылгандыгы коомчулукка айдан ачык белгилүү эмеспи. Аны судья Айбек Эрнест уулу россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген негизсиз айыптоо менен эркинен ажыраткан. Ошол кездеги президент Атамбаевдин жана анын жан-жөөкөрлөрүнүн бокко арзыбаган сценарийинин негизинде Дүйшөн Чотонов да кошо кесилген.

Депутат Текебаевдин болгон “кылмышы” жана “күнөөсү” иш жүзүндө 2016-жылы 16-январда Дача СУдагы 39 кишинин өмүрүн алып кеткен 250 миллион долларлык контрабандалык товар менен “Манас” аэропортуна конуп жатып апатка учураган түркиялык жүк ташуучу “Боинг 747” самолетунун кыйрашына Атамбаевдин түздөн-түз күнөөсү бар экендигин айтып чыгышы жана ал боюнча импичмент талап кылуу сунушун көтөрүп чыгуу демилгеси эсептелген.

39 маркумдун сөөгү кыйроо болгон күндөрү эле табылып, баарынын өздүгү такталган. Бул жерде кошумча айтып кете турган нерсе — ​самолетто кошо учуп келген, белгисиз 40-маркумдун сөөгү да, документи да жок кылынгандыктан, ким экендиги билинбей кала берген. Буга чейин 52 жолу Гонконгдон Кыргызстанга контрабанда ташып келип, 53-каттамында кыйраган учактагы 250 миллион долларлык контрабандалык электрониканын документтери акыркы 5–6 жыл ичинде кыйраган учакты такай коштоп келип жүргөн белгисиз маркумдун колунда болуп келген…

Бул жерде баса белгилей турган нерсе — ​Атамбаев жогорудагы кайгылуу жана мамлекет башчысын шерменде кылган окуя боюнча өзүнө коюлган жер көтөргүс айыпты “калп” деп айта албастан, коомчулукту алаксытып, эл пикирин башка жакка буруу үчүн “Текебаев орус бизнесмени Маевскийден 1 миллион доллар пара алган” деген жалааны ойлоп таап, легендарлуу эл депутатын түрмөгө отургузууга жетишкен.

Жалпы коомчулукка белгилүү болгондой, Атамбаев периште катары эсептеп, пир туткан Маевский 18-ноябрь күнү Москвада бизнесменди коркутуп, 37,5 миллион доллар талап кылгандыгы үчүн ФСБ тарабынан кармалып, абакка салынды. Учурда Атамбаевдин Текебаевге карата токуган жалаасы четинен ыдырап, шордуу экс-ажонун башына кара түн түшүп турган убагы. Атамбаевдин 15 жылдык жаза мөөнөтүнө арзыган санаалашы Маевский учурда ажонун түн уйкусун бузуп жаткандыгы талашсыз. Мыйзамдуулук менен демократиянын ачык душманына айланган “киллер-судья” Эрнис Айбек уулу да шашпасын — ​эл алдына алынып чыгылып, колу менен кылган кылмышын Атамбаев менен бирге мойну менен тартаарына аз калды.

Ушундай эле салыштырууну Садыр Жапаровдун саясий тагдырына байланыштырып айтууга да болот. Кыргыз коомчулугуна белгилүү болгондой, 2015-жылдын жайында ал мультимиллионер Атамбаевдин Кумтөрдө алтын казуу менен алектенген канадалык тоо-кен компаниясынан пара катарында 3 тонна алтын алгандыгын жана ал алтынды Түркияда болгон зилзилага байланыштуу бул өлкөгө жөнөтүлүп жаткан гумжардамдын арасына бекитип алып чыгып кеткендигин ашкерелеп чыккан болчу. Колу туткак ажо кылган кылмышын “калп” дей албай, дагеле элди алаксытып, көңүлүн башка жакка буруу үчүн “Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун губернатору Каптагаевди өлтүрүү максатында барымтага алууну уюштурган” деген жалааны ойлоп тапкан. Атамбаевдин колу таза болсо, Садыр Жапаров ага алтынга байланыштуу жалаа жаап жаткан болсо, ушул өңүттөн эле сотко бербейт беле?! Ажо убагында жалаа жапкандарды колбала сот аркылуу миллиондогон сомдук айыптарга жыгытып келбеди беле… Эгер мультмиллионер, алтын сүйөр ажо ак болсо, коомчулук да кыңк эте алмак эмес.

Натыйжада, жападан-жалгыз жабырлануучу Каптагаев көп өтпөй: ”Садыр Жапаров мени эч качан барымтага алууну уюштурган эмес, өлтүрөм деп коркуткан да эмес,” деп, көп жолу кайталагандыгына карабастан, анын айткандарын укук коргоо органдары жана сот угуп да койгон эмес. Атүгүл Каптагаевди жалгыз жабырлануучу экендигине карабастан, соттун имаратына киргизбей коюуга жанталашкандыктарын кантип түшүнүүгө болот?! Айласы кеткенде Эмилбек мырза жогорудагы айткандарын пресс-конференцияларды өткөрүү аркылуу коомчулукка жеткирген. Соттор айла кеткенде гана аны процесске катыштырууга мажбур болушкан. Ал эми Садыр Жапаровдун жогорудагы “кылмыштары” боюнча күбөлүк берген К. Жумабаев, Н. Калчаев, Ж. Кожобеков, К. Качаганов дегендер жалган көрсөтмөлөрдү кысымга алып коркутуулардын жана ур-токмоктун таасири менен беришкендигин айтып чыгышкан. Акыбетин өзүңөр билесиңер — ​“киллер-судья” Эмил Кайыпов Садыр Жапаровдун эч бир кылмыш кылбагандыгын билип-көрүп туруп, кылмыш-жаза кодексинин 227-статьсынын (барымтага алуу) негизинде11,5 жылга эркинен ажыратты.

Акыйкат бар. Жогоруда аты аталган жана аталбаган абийир туткундары азаттыкка чыгаары талашсыз. Эл буга бекем ишенет жана 7-кабатка чоң үмүт менен карап турат. Судья Кайыповдун да Атамбаев менен кошо эл алдына алынып чыгылып, жоопко тартылып, зынданга салынаарына аз калды деп эсептейбиз.

Номанжан Аркабаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *