“Кибергрипптен” кантип коргонобуз?

Суук түштү . Эми  ооруп калбаш үчүн абдан сак болуш керек. Үйлөрдү жылуулап, терезе-тешиктерди бүтөдүк, сандыктан апабыз токуп берген байпакты алып чыктык.   Ал эми кибергрипптен кантип коргонобуз? “Киберкылмыш” деген эмне, жана анын алдын алуу жолдору барбы? Акчабызды  уурдатып албоо үчүн эмне кылышыбыз шарт? Бул суроолорго материалда жооп издеп көрдүк.

Эл аралык электр байланыш биримдигинин маалыматы боюнча дүйнөдө  2 миллиарддан ашык мобилдик жабдуулар: смартфон, планшет жана ноутбуктар колдонулат. Аларда бул планетадагы миллиондогон адам , компаниялардын каржылык жана жеке жашоосуна байланышкан купуя сырлары сакталган. Адистердин эсеби боюнча ар бир гаджет ээси бир суткада эң аз 30 жолу  интернетке кирет, бирок смартфондорду колуна алганда кибер кылмышкерлердин курмандыгы болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин ойлонбойт.  Ал эми дүйнөдө күн сайын 300дөн ашык түрдүү зыяндуу программалык камсыздоо ойлонуп табылып, колдонууга сунулууда.

Кибер кылмышкерлер мамлекетке , жеке бизнеске жана жөнөкөй жарандарга зыянын тийгизүүсү мүмкүн. Алар коопсуздук тутумдарын бузуп, карталардагы сыр сөзду уурдайт. 2017-жылы Wannacry,  Expert  жана BadRabbit аттуу вирустардын  ири кибер чабуулдары дүйнөнүн үрөйүн учурду. Айта кетсек Wannacry вирусунун кесепетинен Европа, Орусия,  Казахстанда, жалпы 200дөн ашык мамлекетте  500 миң компьютер иштен чыкты. Вирус укмуштай тездик менен тарап өкмөттөрдүн, банктардын, клиникалардын ишин үзгүлтүккө учуратты. Программа компьютерде сакталган баардык маалыматтарды кулпулап салган жана аны ачуу учун акча талап кылган. Дээрлик 4 кун ичинде Wannacry дүйнөлүк экономикага 1 млрд АКШ доллар өлчөмүндө зыян келтирди. Компьютердик кылмыштуулук менен бирге дүйнөлүк желеде  террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүк да байкалып келет. Алар да абдан чоң коркунуч жаратууда.

Кыргыз Руспубликасынын инженердик академиясынын “Инженердик даңк” Алтын Медалы менен сыйланган Кыргыз-Турк “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнүн  профессору Улан Биримкулов: “Интернетти контролдоо абдан оор. Анын штаб-квартирасы жок, бул дүйнөлүк желе. Албетте,  интернетке цензура коюу аракеттери болгон. Кайсы бир сайттарды жаап койсо болот.  Бирок толугу менен  көзөмөлгө алуу абдан оор”. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын (ИКТ)  эл аралык кагылышууларда  колдонуулусу укук жагынан чектелген эмес. Бул  жарандар, коом жана мамлекет үчүн коркунуч  туудурат.   Киберчабуулдар келтирген зыяны мурдакы кинетикалык курал колдонуудагы зыянга  жетүудө.

Мындан сырткары санариптик сабаттуулуктун жетишсиздиги жана компьютердик гигиенанын жоктугу жарандарга, бизнеске жана мамлекетке карата болгон  массалык киберчабуулдардын алгачкы себептеринин бири  болгондугун айрым эксперттер баса белгилеп кетишти. Санариптүү трансформация боюнча президенттик кеңештин мүчөсү  Рита Исмаилова: “ Албетте, биздин мамлекетте кибермейкиндикте болуп жаткан нерселерге чара көрө турган түзүмдөр бар. Бирок, менин оюмча, жазалоодон мурун  алгач  кибермаданият  билимин киргизиш керек. Мектеп жашынан  баштап “кибермаданият” жана “кибергигиена” түшүнүктөрүн  үйрөтүү зарыл.  Бардык нерсени интернетке салуу өкүнүчтүү натыйжаларга алып келет.”

“Интернет саясатынын жарандык демилгесинин” башчысы Артем Горяйновдун айтымында  кибер гигиенаны сактоонун 7 эреже бар:

-лицензиясы бар программалык камсыздоону колдонуу жана аны убагында жаңылап туруу;

-программаларды расмий сайттардан гана жүктөө;

-антивирусту ар дайым жаңыртып туруу;

-татаал жана уникалдуу сыр сөздөрдү  колдонуу;

-смартфон, планшет, компьютериңизди  башка адамдар арасында көзөмөлдөө;

-келген каттарды антивирустун текшерүүсүнөн өткөзмөйүнчө ачпоо;

-коомдук компьютерде иштегенден кийин бардык аккаунттардан чыгып, сыр сөздөрдүн өчүрүүнү унутпоо.

Киберкоопсуздук маселеси  мамлекеттик деңгээлде  дагы эле ачык калууда.  Бирок эрте же кеч  бардыгын мамлекет камсыздап берет деген ойдон алыспыз.  Гриппке чалдыкпаш үчүн ар дайым витаминдерди ичип, иммунитетти жогорулатып туруу абзел . Демек кибергрипптин курмандыгы болуп калбаш үчүн  антивирустарды колдонуп, эрежелерди сактап, жалпысынан маалымат технологияларды туура колдонуубуз шарт. Киберкоопсуздук биринчиден колдонуучунун жоопкерчилиги.                                                                                                                                      Айгерим Рыскулбекова,

Кыргыз-Түрк “МАнас” университетинин журналистика бөлүмүн студенти

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *