Киев: түркмөнстандык кызды өз жанын кыюуга чейин жеткирген деп шектелген мугалим жумуштан кетти

Киевдеги Улуттук медициналык университет түркмөнстандык студент Мукаддас Насыралиеваны өз жанын кыюуга чейин жеткирүүгө шектелген декандын орун басары Татьяна Тимохинаны жумуштан кетирди.

19-февраль кечинде окуу жайдын сайтында пайда болгон билдирүүгө ылайык, декандын чет элдик студенттер менен иштөө боюнча орун басары кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазган.

Кечээ Киев шаардык соту окуу жайдын студенти, 19 жаштагы түркмөнстандык Муккадас Насыралиеваны өз жанын кыюуга чейин жеткирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Насырлаева өзү окуган университеттен Украинада жүрүүгө уруксат берген документинин мөөнөтүн узартууга керек болгон кагаздарды ала албагандан кийин көпүрөдөн секирген. Украинадагы түркмөн диаспорасынын жетекчиси Ровшенбек Розметовдун айтымында, чет өлкөлүк студенттер менен иштеген деканат кыздын тиешелүү документтерин миграция кызматына өз учурунда жөнөтпөй койгон. Жергиликтүү ММКлар буга декандын орун басары Тимохина жооптуу болгонун билдиришүүдө.

Мукаддас Насыралиева Киевде 30-январда жоголуп кеткен. Прокуратура кыз ошол эле күнү шаардагы Патон көпүрөсүнөн боюн таштап каза болгонун ырастады.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *