Ким Чен Ын Дональд Трампты Пхеньянга чакырганы айтылууда

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трампка саммиттин экинчи айлампасын июнда Пхеньянда өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу түштүк кореялык “Чунан Ильбо” гезити өз булактарына таянуу менен билдирди.

Түндүк Корея Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин төрага орун басары Ким Ён Чхоль 1-июнда Ким Чен Ындын атынан жазылган чакыруу катын Трампка тапшырган.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Сингапурга 10-июнда келишкен. Америкалык президентти мамлекеттик катчы Майк Помпео жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон коштоп жүрөт.

Donald J. Trump

Америкалык жана түндүк кореялык лидерлердин биринчи жолугушуусу шейшембиде Сентоза аралында өтөт.

Эки лидер Пхеньяндын өзөктүк программасына жана Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу аракеттерине көңүл бурушмакчы.

Буга чейин Трамп Түндүк Корея менен мамиленин оңолорунан үмүт артып, Корей жарым аралы өзөктүк программалардан баш тартса, Пхеньян менен тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *