Кимдин ким экенин эл билет! Академик Эркебаев маркум Батыралы Сыдыков тууралу такталбаган маалыматтарды айтыптыр

Көзү өткөн көрүнүктүү инсандардын өмүр жолун, өлкөбүз үчүн өтөп кеткен албан эмгектерин, адамдык асыл касиеттерин ар дайым эске ала жүрүү артында калган урпактарынын, бирге иштеген үзөңгүлөш кызматташтарынын ыйык парзы.

Өткөндөрдүн өмүр тажрыйбасынан сабак алып, өрнөгүн өздөштүрбөй туруп, мамлекетибизди өнүктүрүп, өркүндөтүү мүмкүн эмес. Эртеңкисин эстебеген элдин, өткөндөрдү барктабаган муундардын, арбактарын сыйлабаган элдин келечеги жок.

Бул өзү адамзат турмушундагы атам замандан бери тастыкталган талашсыз акыйкат. Ушул акыйкатты унутуп, жалаң гана өз башыбыздын күнүмдүк кызыкчылыгы менен алектенсек, же көзү өтүп кеткен, мамлекетибизге, элибизге эмгеги сиңген Улуу урматтуу инсандарыбызды сыйлабай алардын аброюна шек келтирип олтурсак, “Өткөнгө мылтык кесесек, келечек замбирек менен атат” – деген акылмандардын нуска сөздөрү бекеринен айтылбаса керек.

Биздин коомчулукка айталы деген сөзүбүздүн төркүнү, ойлогон көп максаттарын ишке толугу менен аткара албай бул дүйнө менен мезгилсиз коштошуп кете берген Кыргыз элинин залкар, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, маркум Батыралы Сыдыкович Сыдыков жөнүндө болмокчу.

Бизди’ “Майдан.kg” гезитинин 2018-жылдын 5-сентябрдагы санына чыккан Абдыганы Эркебаевтин “Саясаттагы жылдар” деген макаласы ойго салып, нааразычылык жаратып, жооп жазышка мажбур кылып олтурат.

Абдыганы Эркебаев аталган макаласында Батыралы Сыдыковичтин наамына такталбаган мисалдарды айтып, аброюна шек келтирип жатканы мусулманчылыкка таптакыр туура келбейт. Көзү өткөн инсандардын артынан ушак сөз айтуу чоң күнөө экенин ал адам билбейби? Өзүн “илим-билимдин чокусундамын” деп эсептеген адам этика деген бар экенин унутуп койгон окшойт.

Кимдин ким экенин бүткүл эл-журт жана коомчулук жакшы билишет! Маркум Батыралы Сыдыкович Кыргыз элинин залкар, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери болгон. Эгерде биз маркум Батыралы Сыдыковичтин Кыргыз мамлекетине, элине жасаган эмгектери жөнүндө айта турган болсок, ал ушунчалык зор, опол тоодой эмгектерди жасап кеткен.

Дүйнөдөгү эң чоң империя кулап, мамлекет башчыларынан баштап жөнөкөй адамдарга чейин эмне кылышты билбей баш айланып турган мезгилде, күтүүсүздөн келген эч кимге түшүнүксүз жаңы системаны Батыралы Сыдыкович тунук акылы, жетекчилик чоң тажрыйбасы, табигый зээндүүлүгү менен татыктуу кабыл алган.

Маркум Батыралы Сыдыковичтин жетекчилиги менен жаңы жашоодо жаңыча изденип, облустун өнүгүүсүнө зарыл болгон долбоорлор, программалар түзүлүп, аларды иш жүзүнө ашыруу боюнча албан-албан эмгектерди жасаган.

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун негизинде облустун инфраструктурасына көп жаңы өзгөрүүлөр киргизилген, илим-билим тармагында да көптөгөн ийгиликтер ишке ашырылган.

Кыскача айтканда, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү республиканын башка региондоруна салыштырганда биринчи орундарды ээлеп келгенине биз күбөбүз. Ошондой эле өлкөбүздүн демократиялык өзгөрүүлөрүнө билимин, бүткүл тажрыйбасын жумшап, өлкөбүздүн саясий татаал кырдаалынан тезирээк чыгып, жаш мамлекетибиздин калыптанышына зор эмгектерин жумшаган.

Маркум Батыралы Сыдыковичтин жетекчилиги менен 1991-жылдын март айынын башында биринчи жолу Өзбек Республикасынын президенти Ислам Каримов жана Аскар Акаевдин катышуусу менен Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында чоң жыйын өткөрүлгөн. Ал жыйын кыргыз менен өзбек элинин ынтымак-ырашкерлигине арналган.

Ошол жыйында маркум Өзбек Республикасынын президента Ислам Каримовтун өзбек туугандарга кайрылып сүйлөгөн сөзү тарыхта алтын тамга менен жазылып калды. Себеби, ошол мезгилдеги Союздук Республикаларда болгон чатактардын ичинен бир гана Ош окуясы И.Каримов менен Б.Сыдыковтун зор аракет, эмгек, түйшүктөрү менен гана тынчтандырылган.

Каргашалуу Ош окуясында (1990-ж.) татаал, оор кырдаалды калыбына келтирүү үчүн эки элдин бири бирине болгон ишенимин калыптандырууга, саясий стабилдүүлүктү орнотууга бир дагы республикалык, облустук жетекчилер Батыралы Сыдыковичтей эмгек кыла алган эмес, бул инсандын ошондогу эмгегин өзбек жана кыргыз туугандар ушул күнгө чейин айтып, кеп кылып келишет.

Ал гана түгүл эл арасында ушундай сөз бар, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган мезгилде мамлекеттин башына ушул инсандай жетекчи келгенде, балким Кыргызстандын башына түшкөн мүшкүлдөр – Ош окуялары (1990-ж. 2010-ж.), төңкөрүштөр (2005-ж. 2010-ж) болмок эмес.

Анда Кыргызстан бүгүнкү күндө кошуна мамлекеттердин катарында саясий-экономикалык өнүгүүнүн чоң жолуна түшүп, келечегибиз жарык болуп, элибиз бакубат жашап, улан-кыздарыбыз тентишип ар жактарда жүрүшмөк эмес.

Батыралы Сыдыкович кайсыл жерде иштебесин Ош облусунун губернатору, Кыргыз Республикасынын Өзбек Республикасындагы толук жана ыйгарымдуу элчиси болуп иштегенде, же болбосо Агрардык Университетте ректор болуп турган мезгилиндеги мамлекет, эл үчүн кылган эмгектери эч убакта унутулбайт.

Ушундай илимпоз, дипломат жана гуманист асыл адам тууралуу канча айтсак да аздык кылат. Батыралы Сыдыковичтей ысымы элдин сүймөнчүлүгүнө айланган, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн көп иштерди жасаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер тилекке каршы жашоодо сейрек кездешет.

Батыралы Сыдыковичтен кийин А.Эркебаев Ош облусуна жетекчи болуп келген мезгилде Ош облусунда Ош окуясынан кийин эки элдин ортосунда стабилдүүлүк орноп, облус башка региондордун арасында алдыңкылардан болуп, бул адамдын губернатор болуп шайлануусуна жана иштеп калуусуна жакшы шарттар түзүлүп калган убакыт эле.

Ошондуктан Абдыганы Эркебаев тескерисинче ыраазычылыгын билдирип, арбагына таазим этип жүрсө болмок, бирок андай айкөлдүктү европалык гана жетекчилер жасашат тура, атаганат өзүн академикмин, интеллигенция өкүлүмүн деп жүргөндөр ошондой деңгээлге качан жетишер экен!

Эгерде “арбак билет” деген чын болсо, анда маркум Батыралы Сыдыкович 5-сентябрда жаткан жеринен бир оодарылып алды го… Капа болбоңуз, бүт эл-журт жана коомчулук билет КИМДИН КИМ ЭКЕНИН!

Сизге минтип таазим кылып жаткан, Сизди урматтап сыйлаган, Сиз тарбиялап өстүргөн кадрларыңызга, кесиптештериңизге арбагыңыз ыраазы болуп, жүзүңүз бейиштин нуруна толуп, Жараткан жалгап тынч уктаңыз!

Стамакун Асаналиев – Кыргыз Республикасынын курулуш өнөр жайына эмгек сицирген кызматкери,

Алтынай Сулайманова – Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери,

Абдумалик Эгембердиев – Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сицирген кызматкери,

Бараталы Кошматов- Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарбасынын мыкты кызматкери.

Булак: «Майдан»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *