Кландык башкаруу эмеспи?

Кыргыз эли эки жолу уй бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, экинчисинде кан-ча деген кан төгүлдү. Жыйынтыгында эки ажо тең өз элинде султан болбой башка өлкөдө ултан болуп жүрөт. Атамбаев болсо үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм деп кыйкырганы менен өмүрү мектепке барбаган жан сакчылары менен секретаршаларын бийликте каалашынча тайраңдатканга үлгүрдү. Мурункулардын тагдырын көргөн Ажо мындайга барбайт деп элдин үмүтү Жээнбековдо зор болчу. Бирок, шайланганына бир жыл болбой жатып Жээнбеков да мурункулар кайда жөнөсө ошолордун жолун жолдоп жөнөдү. Буга бир эле далил Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурорлукка талапкер үлдүрөп үнү элге жетмек тургай өзүнө араң угулган Өткүрбек Жамшитов президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы Эрнист Толтоевдин бир тууган жээни болот.

Бирок Өткүрбектин колдоочусу Ажонун жардамчысы менен эле чектелбейт. Ал «мен Жамшитовдун башкы прокурор болушуна эч кандай тийешем жок» – деп касам ичип актанып жаткан президент Жээнбековдун кан кудасы Абжалиев Алиярбектин Ош облстук прокуратурасын каалашынча калчап келе жат-
кан бир тууган иниси Алмазбек Абжалиевдин кандосу.

Өткүрбек Жамшитов «колдоочулары» муну менен эле чектелбейт. Жамшитов башкы прокурор болуп калса деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн дагы бир адам бар. Ал Асилбек Жээнбековдун жакын досу башкы прокурордун мурунку орун басары Кылыч Токтогулов. Кылыч Токтогулов 2015-жылы башкы прокурорго орун басар болору менен ордуна Жалал-Абад облусунун прокурору кылып Жамшитовду коюп келет. Ошондон бери Жамшитов акты-ак дебей, көктү көк дебей сен тийбе да мен тийбе болуп Жалал-Абадда иштеп келген.

Бирок, бүгүн Жээнбеков кландык башкарууга жол берери менен Жамшитовдун Башкы прокурору болсом деген амбициясы ачылып, жээни, кан досу, кан кудасы баш болуп Сооронбай Жээнбековду Бакиев менен Акаевдин жолуна салып койду. Же калппы? Жогорудагы фактылар Жээнбеков кландык башкарууга жол ачканын далилдейт.

Эми Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында берген убадаларына туруп профессионал адистерди алып келеби же чын эле кландык башкаруу жолун тандап алабы?

Кадыр Асылбеков

Булак: Ачык Саясат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *