Коалиция бузулуп, өкмөт отставкага кетеби?

Саясий кырдаал кескин курчуду. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасир талашы эмне менен бүтөт деп кулак түргөндөр арбыды. Ошол эле кезде экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик жагдайды ырбатып, учкундан жалын чыгаруу аракетин көргөндөрдүн түн уйкусу бузулду.

Өткөн жуманын этегинде УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана анын орун басары Улуттук коопсуздукка болгон коркунучтарды анализдөө кызматынын башчысы Болот Сүйүмбаев өз арыздары менен кызматтан кетишти. Буга дейре УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы, 9-кызматынын башчысы Дамир Мусакеев өз арызынын негизинде иштен кеткен. Бул жагдайды көпчүлүк саясий эксперттер Атамбаевдин позициясын алсыратуу, өлкөдө ким кожоюн экенин айгинелөө экенин билгизген кадам катары баалашты. Эми жакынкы күндөрү башкы прокурор Индира Жолдубаева өз арызы менен, болбосо Жогорку Кеңештин басымы аркасында иштен кетээри кеп болуп жатат. Ошондой эле ИИМ жетекчиси Улан Исраилов да ээлеген кызматын тапшыраары айтылууда. Жогоруда аты аталган күч органдарынын жетекчилери Атамбаевдин көздөй кадрлары болуп саналат. Мындай азуу көрсөтүүгө азырынча Алмазбек Атамбаев тараптан кандайдыр бир ишарат жасала элек.

Бирок кадрдык дайындоолор, Жогорку Кеңештеги саясий атмосферанын өзгөртүүгө жебе атылып, кайра артка кайтарууга мүмкүн болбой калганын туйдурду. Айрым саясатчылар Атамбаев Жогорку Кеңешти жана Өкмөттү тизгиндеп турган көзөмөлүн жоготконун белгилешүүдө. Эгер Жогорку Кеңеш башкы прокурордун жылдык отчётун канааттандыраарлык эмес деп таба турган болсо, Индира Жолдубаева кызматынан кол жууйт. Соңку кадам экс-президенттин акыркы таянычы өкмөт башчысы Сапар Исаковду ээрден оодарууга багытталат. Учурда Өкмөттү отставкага кетирүү планы чийилип бүтүп, аны ишке ашыруу механизми иштелип чыгууда. Арийне, парламент Исаковду 2017-жылкы отчёту менен кетире алышпасын жакшы түшүнүп турат. Анткени өткөн жылдын үч чейрегине, башкача айтканда 9 айына азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жоопкер. Демек бюджеттин аткарылышы, экономикалык көрсөткүчтөр төмөн болгон күндө дагы Өкмөттүн отчётун четке кагуу мүмкүн эмес. Бул жол жабык.

Натыйжада, коалицияны бузуу аркылуу Сапар Исаковду алып түшүү аракети көрүлөт. Мындай практика буга чейин болгон. Тактап айтсак, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Өмүрбек Бабановду премьер-министрликтен кетирүү үчүн парламенттик көпчүлүк коалициядан чыгып кеткен. Бабанов кызматтан кеткенден кийин кайра эле коалицияга кирип алган. Азыр дагы ошондой кырдаал түзүлдү. Албетте, азыр кайсы бир фракция коалициядан чыгам десе, коалициялык көпчүлүктүн үчтөн эки добушун алыш керек. Бул эреже коалиция туруктуу сакталыш үчүн атайын киргизилген. Бирок “токмогу күчтуү болсо, кийиз казык жерге кирээрин” эске алсак, бул эреже коалициянын бузулушуна бөгөт деле болбойт.

Ак үйдөгү шыбыштарга караганда, Алтынбек Сулайманов жетектеген «Бир Бол» фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгаары айтылып жатат. «Республика -Ата-Журт» фракциясынын лидерин алмаштыруу операциясы да парламенттеги жаңы коалицияны куроого даярдык экенин саясий аналитиктер каңкуулашты. Ырасында, чукулунан лидерди алмаштыруунун сыры тереңде. Бул сценарийдин көшөгө артындагы дирижерлору бар. Мына учурда «Замандаш» партиясынын жетекчиси Жеңиш Молдакматов: «КСДП оппозицияга өтүп, өкмөт отставкага кетиш керек», – деп айтып чыкты. Мындай коңгуроо жөн эле кагылып жаткан жок. Жеңиш мырзанын оозунан чыккан «желдин» ким тараптан согуп жатканын баамдоо кыйын эмес. Демек коалиция бузулуп, жаңы коалиция «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен», «Республика – Ата-Журт» фракцияларынын ортосунда куралып, КСДП, «Кыргызстан» фракциялары оппозицияда калышы мүмкүн. Мына ушул вариант эң оптималдуу катары айтылып жатат.

Себеби «Бир Болдун» жетекчиси Алтынбек Сулайманов Асылбек Жээнбековдун таасиринен чыга албайт. Музоо кезинде сүздүрүп койгон жайы бар. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоодо Жээнбековдорго суук-селки көрүнүп алып, кантип жагынуунун жолун таппай турганда, мындай абал оңдой берди болуп желеге өзү эле көгөндөлүп берет. «Ата Мекен» фракциясынын жалаң көзүрлөрүнө кылмыш иши козголуп, алды түрмөгө отуруп, арты сурактан башы чыкпай, Алмазбек Атамбаевге чоң ич күптүсү бар. Коалицияга жан деп кирет. «Ата Мекен» фракциясы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароо зарыл деген маселени бекеринен көтөрүп жаткан жок. Ичте кайнаган кекти, ызаны чыгарууга ыңгайлуу мезгил келди дешип, алакан ушалап турушат. Ал эми «Республика – Ата-Журт» фракциясын күчтөп, зордоп кулагынан жетелеп болсо да жаңы коалицияга киргизүү үчүн лидерин алмаштырышты. Оппозицияда калат делген КСДП мнен «Кыргызстан» фракцияларынын депутаттарынын теңи учурдагы президенттин камчысын чабат. Эгер өкмөт башчысы Сапар Исаков отставкага кетсе, ордуна президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев келери күтүлүүдө. Бул сценарий ишке аша турган болсо, президент Сооронбай Жээнбеков парламентти да, өкмөттү дагы толук көзөмөлүнө алат. Мына ошондон соң, эки ортодо оомат кимге оойт дешип кылтыңдап, мант берип жаткандар «ийненин көзүнөн өтүүгө» даяр болуп калышат. Хамелеондордун түсү өзгөрөт. Кимдер кайсы тарапта экени ачык билинет.

Арийне, саясаттын курсу президент  Сооронбай Жээнбеков Түркияга болгон иш сапарын жыйынтыктап, адан ары Бельгияга барып, Брюсселде Европа биримдигинин мүчөлөрү менен жолугуп кайткандан соң, экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайга барып Си Цзиньпин менен жолугушуп, андан ары Россиянин төбөлдөрү менен баарлашып келгенден кийин дайын болчудай. Айрым саясатчылар, Атамбаевдин өжөрлүгүн эске алышып, бүгүнкү күндөгү жүргүзүлүп жаткан шахматтык жүрүштөргө макул болуп, алакан жайып отуруп бербей турганын айтышууда. Ошол эле кезде, Жээнбеков үчүн Атамбаевди оппозицияга айлантып алуу кооптуу экенин дагы кыйытышууда. Анткени экс-президент оппозицияда жүрүп көнгөн. Бийликте да болду. Эки тараптын тең сырларын, ой-кырларын жакшы билет. Анын үстүнө досунун артыкчылык, кемчиликтери менен тааныш. Ошол себептен, Жээнбековго Атамбаевдей оппозиция күтүү жеңил, оңой-олтоң иш эмес. Муну президент Жээнбеков өзү да, саясаттын күңгөй-тескейин түшүнгөн саясатчылар да билип турушат.

Мындан улам, эгер Атамбаев Жогорку Кеңеш менен өкмөттү көзөмөлдөй албай, президентке тиши өтпөй калса, парламентти таратып жиберүүгө барат дегендер жок эмес. Саясаттын нугу ушундай өнүгө турган болсо, Атамбаев КСДПны баштап шайлоого барып, андан соң спикер же премьер-министр болуп кайрадан бийликке келүүгө арагасыз болоору кеп болуп жатат.

Алмаз Темирбек

Булак: “Фабула”

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *