Коёналиев Техпаспорт жана айдоочулук “права” берүү тармагын коён жатагына чейин билем дейт

Бүгүнкү биздин коногубуз көп жылдан бери, тагыраагы 1996 жылдан бери Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо тармагында эмгектенген, өз ишин мыкты билген, кесипкей адис, адам катары кээ бир жетекчилерге окшоп көктө учпаган жөнөкөй жетекчи Коёналиев Жоошбек Кармышевич.

– Жоошбек Кармышевич, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо тармагында кандай иштер жүрүп жатат?

– Бул тармакта 1996-жылдан бери талыкпай эмгек кылып келем. Андан бери канча суулар акты демекчи, кыйынчылыктар болду, ийгиликтер болду. Мен бул тармакта жөнөкөй катардагы кызматкерден, азыркы директорлук кызматка чейин басып өткөн адаммын. Мындай айтканда, бул тармактын коён жатагына чейин билем десем жаңылышпайм. Бүгүнкү күндө биздин департаментте жалпысынан 91 кызматкер эмгектенет. Биздин негизги максат калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп эсептелгендиктен, ар бир жараныбызга тиешелүү деңгээлде кызмат көрсөтүп, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп келүүдөбүз.

– Айдоочулук курамды каттоо ишиндеги ийгиликтериңиз жана кемчиликтериңиз?

– Транспорттужана айдоочулук күбөлүктү каттоо жагынан алганда кемчиликтерге караганда ийгиликтер көбүрөөк десем жаңылышпайм. Албетте кемчиликсиз иш болбойт эмеспи. Эң башкы ийгилигибиз катары буга чейин эл оозунда элек жок демекчи, айдоочулук күбөлүктөрдүн сатылышы тууралуу айтылган кептерге чекит коюлду. Автомектептер окутуп-чокутуп алып келген келечектеги айдоочуларды атайын экзамен алчу кабинет менен камсыздадык. Ал кабинетте 24 саат автоматташкан онлайн система же бизче айтканда түз алып көрсөтүү, ар бир экзамен тапшыруучуга толук шарт түзүлгөн. Эч ким анын жанына барып үйрөтүп же бир нерсесине жардам бере албайт. Жол эрежесин так билсең өтөсүң, билбесең кийинки экзаменге чейин даярданганга жөнөтүлөсүң. Мурдагыдай акча берип өтүп кетем, таанышыма чалдырып коем деген маселе толугу менен жабылды. Айдоочулук күбөлүктү берүү менен биргеликте, ошол жараныбыздын коопсуздугу да биздин мойнубузда эмеспи. Ошондуктан бардыгын алдын алуу максатында күбөлүктү берүү өзгөчө көзөмөлгө алынууда. Кыскасы бүгүнкү күндө бир дагы айдоочулук күбөлүк сатуу болгон жок деп так кесе айта алам.

– Транспорттук каражаттарды каттоо да бир топ кыйынчылык туудурарын, ар дайым кезек күтүүгө туура келээрин, каттоо үчүн эртеден кечке убакыт керектиги коомчулукта айтылып да, жазылып жүрөт. Бул боюнча эмне дейсиз?

– Сурооңуз абдан жакшы суроо болду. Мындай сөздөр сиздерге белгилүү болсо керек. 3 ай мурун Өкмөт тарабынан “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында транспорттук каражаттарды каттоо жана кайра каттоого льготалык убакыт 3 айга киргизилген эле. Ошол маалда арзандатылган дейбизби же жеңилдетилген баада бардык жарандарыбыз автоунааларын өздөрүнө каттатууга келишти. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн мисал менен келтирели. Льготалык мезгилге чейин 2017-жылы 2-апрелден 2-июлга чейин 11000 транспортту каттоо жүргүзүлсө, льготалык мезгилде тагырагы 2-апрелден 2-июлга чейин 124 миң автоунаа каттап, жарандарыбызга кызмат көрсөттүк.

– Сөзүңүзгө аралжы, ошол льготалык мезгилде штатты кеңейтип койсо болот беле?

– Штатты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Биринчиден, бизде да жетекчилик бар, алар менен макулдашыш керек, документтерди кабыл алчу бөлүмдөрдү кеңейтиш керек. Анын баары каражатка барып такалат эмеспи. Экинчиден, өз күчүбүз менен жетишүүгө аракет кылдык. Түшкү тыныгуусуз иштедик. Кафе, ресторандарда айтылат эмеспи акыркы кардарга чейин дегендей, биз дагы акыркы адамга чейин кызмат көрсөтүп, жыйынтыгында 124 миң жаранды тейлеп олтурабыз.

– Азыр деле сиздердин мекемеге келген адамдардын саны арбын экени көрүнүп турат. Бул эмнеден кабар берет?

– Ооба бүгүнкү күндө да келген жарандарыбыздын саны көп. Бул деген биздин иштеп жатканыбыздын белгиси. Калктын экономикалык багытта алганда материалдык жактан толук камсыз болгондугунан кабар берет. Бирөөсү унаа алса, экинчиси унаа алам деп айдоочулук күбөлүк алып жаткан жарандар. Бул албетте бизди сүйүндүрөт.

– Унааларды каттоодо дагы кандай шарттар түзүлгөн?

– Ар бирин жаран унаасын өзүнө каттоонун алдында унаасын техникалык жактан кароодон өткөрүшү керек. Ошол себептен жогоруда айтпадымбы, кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү башкы милдет деп. Ошо сыңары буга чейин автоунааларды кароого (осмотр номера кузова, мотора) бир эле жол болсо, азыр анын санын үч эсеге көбөйттүк. Андан тышкары ыңгайлуу унаа токтотуучу жай тиешелүү шарттары менен. Кыскасы бардыгы жарандарыбыздын ыңгайлуулугу үчүн десек жаңылышпайм.

– Жаңылбасам сиздер олтурган мекемеге тагыраагы шаардык транспортту каттоо жана кайра каттоо бөлүмү үчүнчү жолу орун которуп келиши болсо керек? Бул жерден да көчүп кетпейби?

– Туура байкадыңыз. Буга чейин шаардык бөлүм Щербаков көчөсүндө эле. Ал жакта свет бат-баттан өчүп тургандыктан мурунку Алматы, азыркы 7-апрель көчөсүнө келген. Жогорудагы эки даректин бирөөсүндө электр энергиясы бат-бат өчүп турса, экинчисинде унааны кароо, унаа токтотуучу жай тар болгондуктан бул жакка көчүп келди. Өзүңүз байкагандай, бул жак жарандарыбызга толук шарттары менен, унаа токтотуучу жайы кенен, бардык шарттар түзүлгөн. Азырынча бул жерден көчпөйт. Көчсөк шаардын сыртына 2 гектар жер алып, толук шарттарын түзүп туруп анан көчүш керек. Андай кылганга оңбогондой каражат керектелет.

– Ижара акысын төлөйсүздөрбу?

Бул жерге эч кандай ижара акысын төлөбөйбүз. Бул биздин департаментке таандык мекеме. Аймактардагы өкүлдөрүбүз дагы ушундай шарттагы мекемелерде жайланышкан. Кээ бирлери эле 10-15 миң сомдон ижара төлөп олтурушат.

– Айдоочулук күбөлүк берген мекеме катары автопарк болсо керек. Канча атайын унааңыздар бар?

– Бул сурооңуз безге сайгандай болду. Тилекке каршы, бизде автопарк жок. Экзаменди жеке менчик автомектептердин автопаркындагы унааларды ижарага алып колдонобуз. Жетекчилик бул маселени билет. Чечип беребиз дешип эле кечеңдеп жатат. Эртерээк чечип берсе жакшы болмок.

– Маклер дейбизби же ортомчулук кылуу дейбизби, ушундай багытта иштеген жигиттердин тобу дайыма сиздердин мекемеде жолуктурууга болоорун айтып келишет. Алардын ишин токтотууга кандай чараларды көрдүңүз?

– Туура, андай жигиттердин саны убагында жүзгө чамалаган. Азыркы тапта алар жокко эсе. Аларды жок кылууга мага автоматташкан онлайн системанын жардамы чоң болду. Башында алардын баарын чогултуп алып чогулуш өткөрдүм, түшүндүрүп айттым. Түшүнгөнү түшүндү да кетти, түшүнбөгөнү калды. Кызматкерлерге да чогулуш өтүп, кимде-ким маклер менен сүйлөшүп же алардын жанына турса түшүнүк кат жазаарын, дагы кайталанса иштен кетерин эскерттим. Мына ошол ыкма жыйынтыгын берди. Онлайн автоматташкан системасы менен баарын карап олтуруп, бир-эки кызматкерге эскертүү бергенден кийин алардын жанына жолобос болду. Ушундай жол менен маклерлерге каршы турдум.

– Кадр маселеси кандай? Кадрдык маселелер кандай багытта тандалып алынат? Кайсы критерийлерге таянасыздар?

– Кадр маселесине департаменттин директорунун тиешеси жок. Иштен алуу, ишке коюу маселеси толугу менен Мамлекеггик каттоо кызматынын жетекчисинде.

 – Кечээ жакында эле социалдык түйүндөрдө азыркы эле жаңы номер, бирок төрт цифралуу экендигин тартып алып коомчулукка жарыя кылышты. Бул номер жасалма номерби? Бул боюнча кандай чараларды көрдүңүз?

– Туура, ал номерди мен да көрдүм. Ал эч кандай жасалма номер эмес. Буга чейин биргелешкен ишканаларга сары түстөгү номерлерди берип келгенбиз. Эл аралык стандарттагы номерлерге өткөндөн кийин сары түстөгү номерлер берилбей калган. Анын ордуна эл аралык сатндартка жооп бере турган, региону менен төрт цифралуу номерлер берилип баштады.

– Номер туурасында дагы бир суроо. Өзгөчө номерлерди сатуунун эрежелери кандай? Ал номерлерди сатуудан бюджетке канча каражат түштү?

– Өзгөчө номерлерди сатуу жана андан түшкөн пайданы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынан сурасаңар болот. Бизге анын тиешеси жок. Дегеним Мамкаттонун жетекчилиги бул өзгөчө комбинациялуу номерлерди сатууну “Инфокомго” МИсине берип койгон.

– Бирок буга чейин сиздерге карачу эле го?

– Ооба, бизге карачу, бирок кандайдыр бир себептерден улам Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги “Инфокомго” өткөрүп беришибизди талап кылды. Ошол себептен өткөрүп берип салганбыз.

– Кыскасы “майлуу-сүттүү” кызмат көрсөтүүнү “Инфокомго” өткөрүп берип салган экен да. Алдыдагы иш-пландарыңыз менен да бөлүшө кетсеңиз?

– Ошондой десек да болот. Ал эми пландар тууралуу айта турган болсом, ишке ашырчу пландар көп. Азыркы биз олтурган мекеме 658 чарчы метрди камтыйт. Биз ошону кеңейтүү максатында биринчи вице-премьер Кубатбек Айылчиевич менен кеңешип, ал киши да колдоп бир пикирге келдик. Биз даярдап барган план бардыгы камтылып, келечекте жарандарыбызга ыңгайлуу болот деп ишендирип кете алам. Алсак, айдоочулук күбөлүк алуучуларды өзүнчө блокко бөлүп, азыркы экзамен тапшыруу кабинет 20 эле адамга туура келет, аны кеңейтип, бир группада 35 адам болгондуктан, 35 адам бата турган кабинет кылууга толук шарт бар. Ошондо азыр ал кабинет 33 чарчы метр болсо, кеңейтилгени 68 чарчы метр болот. Андан тышкары камакка алынган автоунааларды тескеген бөлүмдү да өзүнчө блок кылып койсок, номер менен техникалык паспорт берген бөлүмдү да өзүнчө бөлүп койсок, азыркы каттоо жана кайра каттоо бөлүмү кенен болуп, кардарларга ыңгайлуу болмок. Андан тышкары унаа кароо өтүп жаткан аймакта 15 сотых жер бар. Толук документи менен, ошол жерге да эки кабаттуу корпус салса болот. Аны да планга киргизип койдук. Кудай буюруп өтүп калса, жарандарыбызга бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Тилек Рыскулов

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *