Абдыкадыр Садыков, илимпоз: Көйгөйдөн айтам бир сабак….

Традиция-бул өтө кең түшүнүк. Эгерде жөнөкөйлөтүп айтсак кылымдардан кылымдарга, муундан муунга атадан балага өтүп келаткан тартип,эреже, салт-санаа, башкача айтканда, адамзат пендеси кандайдыр бир түшүнүк, жол-жоболорду такай колдоно берсе ал традицияга (аны биз “салт” деген термин менен эле түшүндүрүп жүрөбүз) айланып калат.

Кыргыз элинде ошондой салттык көрүнүш, эреже, түшүнүктөр өтө эле көп. Мисалы, жарык дүйнөгө келген перзентти бешикке салуу кызды күйөөгө узатып, эркек балдарды үйлөнтүү, башкача айтканда, куда-сөөк күтүү, той, аш берүү, кийим кийүү, жүрүм-турум нормалары, маркумдарды акыркы сапарга узатуу жана башка ушул сыяктуулар. Ал эми төрт түлүк мал күтүү, аларды асырап багуу, айрыкча күлүк таптоого байланыштуу да салттык жөрөлгөлөр көп. Бул саналгандардын ар бири тууралуу узун сабак сөз салууга болот. Мен макалада конкреттүү бир-эки темага гана кайрылып кетким келет.

Салт дегенибиз доордон доорго өтүү учурларында көп өзгөрүүлөргө, толуктоолорго дуушарланат. Алардын ичинде эч качан көөнөрбөс мыкты салттар менен бирге алгылыксыз начарлары да кездешет. Алардын жакшы-жаманын коом өзү ылгап, иргеп отурат. Ушуга байланыштуу бир мүнөздүү мисал эске түшөт. Казак окумуштуу агартуучусу Чокан Валиханов 1856-жылы кыргыз жерине келген кезде ага жакпаган бир катар терс көрүнүштөр тууралуу сөз кыла келип, эри өлгөн аялдарга колдонулуучу бир начар жосунду сынга алат. Мисалы, жесир катын күйөөсүн жоктоп жыл боюу( ашы өткөнчө) кара жоолук салынып, эки-жакка барбай кыл аркандын үстүндө отурууга тийиш экен. Бул ашкере ыраймсыздык. Ал бечара жумшак төшөк эмес, этин сайгылап кыйнаган кыл арканга отуруп жатпайбы. Мындагы максат жесир аял санаа чегип, арыктаган кебетесин кийиш керек экен. Азыркы кезде кара кийимин алып, жаңы жоолук салынуусу калып, калганы сүрүлүп, жок болду.

Совет заманында аял затына карата колдонулуучу көп эскиликтер жоюлуп, жаңылыктар көбөйдү. Бирок, мында өзгөчө капитализмге өткөн мезгилде алар өтө эле тайраңдап кеткендей сезилет. Алсак, кыздарыбыздын бир тобу чачын коё берип (ал илгери эри өлгөн катындарга карата жасалчу экен), бир катары тескерисинче кара жоолук салынып, узун көйнөк кийип, бети башын чүмбөттөөгө өтүштү. Ал эми шым кийүү жөрөлгөсүнө келсек, аны кары-жашына, жарашыгына карата эмес, жапырт эле эркектерден жол талашып, ‘баскынчылыкка’ өтүп алгандай элес келет.

Мен өтө эле чоң, анан да чырлуу, талаш-тартыштуу темага өтүп алдым көрүнөт. Аягын таппай калбас үчүн башка бир маанилүү маселеге көңүлүңүздөрдү бурайын деп турам. Ал -календарь. Бул күн, ай, жыл эсебин сөз жана цифра аркылуу туюнтуу дегенди түшүндүрөт. Ар бир элде жыл саноо жана ага байланыштуу аталыштарда өзүнчө өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, мусулман календары боюнча ар бир айдын (жалган куран, чын куран, бугу, кулжа ж.у.сыяктуу) жана андагы жети күндүн (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшенби) аты бар. Булардын тарыхы (чыгышы, маани-маңызы ) тууралуу атайын изилдөө эмгектери да жазылган.

Совет заманында кыргыздар орустун Григорий календарына өтүп – азыр экөөнү тең катар колдонуп жүрүшөт. Алсак жаңы жылды Григорий календары (1-январь) жана Нооруз (иран тилинде жаңылануу, жыл алмашуу деген мааниде )деп да майрамдап келатабыз. Молдокелер болсо жаңы жылды бусурманча эле белгилесек деген сунушту айтып келатышат, бирок, жалпы эл ага макул эмес, анткени, совет доорундагы кыргыз тарыхы Григорий календары менен тутумдашып калган. Анда 1-январь, 8-март, 23-февраль, 1-май, 7-ноябрь сыяктуу кызыл цифра менен белгиленген даталар жашап келген. Мындай официалдуу майрамдар менен бирге элдин аң-сезимине сиңип, салтка айланган күндөр да болгон. Мисалы, 1-сентябрь билим күнү катары майрам сыяктуу эле кабыл алынып калган.

Менин кийинки сөзүм ошол тууралуу болмокчу. Макаланын атына келе турган болсок, “кой” деген уңгу сөздүн бир мааниси “күйүт”, “арман” дегенди түшүндүрөт экен. Демек, айтайын дегеним кандайдыр бир күйгүлтүктүү, башкача айтканда, адамды капа кыла турган окуялар тууралуу.

Жакында элге билим берүү министрлиги мектептерде окуу жылын биринчи эмес, 10-сентябрда баштоо тууралуу чечим чыгарып, аны өкмөттүн кароосуна жибергендигин уктум. Мындай жылыштыруунун аргументи өтө эле мажес, шалкы. Ал бир топ ата-энелердин суроо-талабы боюнча жасалып жаткан имиш, анткени, балдарды окууга даярдоого 1-сентябрда үлгүрө албай жатышыптыр. Ушуга чейин июль-август айлары аларды эс алууга жана даярдоо үчүн жетишип эле келип, анан эмне болуп кетти?!

Бул терең ойлонулбаган чечим менен министрлик калыптанып калган майрам күндү талкалап жатат. Совет заманын эске салалычы. Мектеп формасын кийип, колдоруна гүл кармап, шатыра-шатман болуп кетип бараткан окуучуларды көргөндө аларды көзүң талыганча карап тургуң келчү, сезимиң козголуп, жүрөгүң толкучу. Ал эми кичинекейлерди колдорунан жетелеп, жаркырап-жайнап кетип бараткан апалар кандай сүйкүмдүү көрүнүүчү, анткени, алар алгачкы жолу мектеп босогосун аттап, билим жолуна түшүү үчүн аттанып чыгышты. Балдарды форма сыяктуу кандайдыр бир жагымдуу кийим кийген жарык маанайлуу мугалимдер (көбүнчө эжекелер) күтүп ала турган. Мектеп аянты жык-жыйма. Аңгыча сурнай тартылып, окуучуларды линейкага чакырып, анан куттуктоо сөздөрү (эл агартуу органдарынын, эне-аталар өкүлдөрү) сүйлөнө турган.

Мен ошол символикалуу күндү жакшы сүрөттөй албай жатам. Бүгүнкү күнү деле ошондой майрамдык маанай сакталып калган. Балдар ( алардын эркек-кызы тең тайлаш эле) окуу китептерин жана башка керектүү каражаттары салынган асынма сумканы ийиндерине илип, жүздөрүн кубаныч аралап, Алыкул акын айткандай, “заңкайган ак” мектептерди (мында “ак ” деген сөздө терең маани бар) көздөй” убак-чубак баратышкан көрүнүш көз алдыга элестетип турат.

Билим берүү министрлиги окуунун башталышын 10 күн ары жаздырып, акыркы коңгуроону калыптанып калган 25-майда эмес 1-июнга алып баруу менен эмне пайда тапкан жатканы такыр түшүнүксүз. Бул “жаңычылдык” суу кечпейт. Өкмөт ушул маселени Караганда 1-сентябрь майрамга айланып калган күн экенин эске алса жакшы болот эле. Ал эми 10-сентябрды сунуш кьшган эне-аталар азыркы заманда бузулуп талкаланып жаткан көп салт-жөрөлгөлөргө макул болуп, манкуртка айлана баштаган, бардыгына кайдыгер бир бечаралар деп айтсам катуу кеткендик болбойт го.

“Күйгөндөн айтам бир сабак” деген мыскыл кеп бар эмеспи. Бизди көп жакшы салт-санааларыбыздан ажыратып жаткан каардуу капитализм менен күрөшүүнүн ордуна “эмне болсо мейли” деп пассивдүүлүккө батып бараткан чөгүү маанайыбыздан баш тартышыбыз керек. Айрым жетекчи кызматкерлер бирдеме болсо эле “батышта мындай экен” деп аларга жүгүнүүнү токтотуп, качан өзүбүзчө жашоого, ойлонууга үйрөнөбүз. Алардагы “жаңылыктарды” алуудан мурда абдан терең талдап чыгышыбыз керек. Ансыз да бизге таңууланган “Болон” деген окуу системасын көздү жуумп, туруп кабыл алып, бүтүндөй агартуу системасын ойрондоп жатабыз. Орто мектептерде кыргыз адабиятын дүйнөлүк адабиятка квартирант кылганыбыз аз келгенсип (окуу планында “дүйнөлүк адабият” деген аталыш бар экен. Чуркап жүрүшүп, ошонун жанына “кыргыз адабияты” деген сөздү коштуруптур), саатын да кыскартууга өтүшүтүр. Кыскасы, эл аралык реакция чабуулун бардык жактан (өзгөчө билим берүү багытына) күчөтүп, кыргыз сыяктуу кичинекей элдерди тебелеп-тепсей баштады. Каршылык кылууга чамабыз жетпей баратат. Эмне десе – бул цивилизациянын мыйзамы дейт. Улуу философ-гуманист Ч.Айтматовдун “эгерде өзүң сактанбасаң ал сени агызып кетет” деген сөзү кашкайган чындык экени ачык көрүнүп жатат. Арманыбызды айтып, ыйлагандан башка эч арга жок сыяктанып калды.

Сыртынан караганда 1-сентябрь эч кандай суроо чакырбай турган жөнөкөй эле маселе сыяктанып көрүнүшү мүмкүн. Терең ойлонбогондор “анын эмнеси бар экен” деп, колду шилтеп басып кетишет. Ал эми олттуу карап, ой жүгүртсөк, диверсиялык аракет-митайымчылык сезилип эле турат. Эгерде образдуу элестетсек бул талап татынакай жүруш менен келаткан жоргону тизеге чаап, аксатып таштаганга окшоп кетет. Совет өкмөтүн кулатышкандан кийин ал мезгилден эчтеме калбасын деген тымызын буйрук алган республиканын жетекчилери колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды талоого уруксат беришкен. Эң арзан баа менен Кумтөрдун алтынын алууга буржуйларга жол ачып коюп, азыркы эл башчылырыбыз эмне кылар айласын таппай отурушат, 1-сентябрда совет системасынын калдыгы деген мотив ачык айтылбаган менен подтекстте байкалып эле турат.

1-сентябрь символу менен бирге ошол мезгилдеги окуу, билимдин баркы-баасы эске түшөт. Ал заманда математикалык “жадыбалды” жатташчу да, эсепти оозеки эле чыгарып коюшчу. Азыр счетчик-машинкасыз эч нерсе жасай албайт, шылдың сөзгө салганда “экиге экини кошсо төрт болот ” дегенди айта албай кыйналышат, башкача айтканда, адам адамга окшобой эле робот болуп калды. Ал эми мектептерде “жадыбал”жаттатуу деген жоголду окшойт, анткени, колдо эсеп-счет жүргүзө турган сотка турбайбы.

Бул кейиштүү окуяга жардам бере турган сыясы кургай элек дагы бир жаңы кабарды газетадан окуп, чачым тик турду. Азыр окуучуларга үй тапшырмасын бербей эле коёлу, анткени ал окучууга кошумча жүк болот экен деген сунушту мугалимдердин өздөрү айтып турганы кызык тамаша. Бузулунун дагы бир көрүнүшү ушул. Антсек, жалкоо окучууну ого бетер жалкоолукка үйрөтүп жатпайбызбы.

Ошентип, “укмуштуунун төөсү жорго” дегендей күндө эле бир шумдуктарга күбө болуп отуруп, эзилип бүттүк. Ушуга байланыштуу уккан бир сөзүмдү жандуу мисал катары кыстара кетейин. Совет өкмөтү кулаганга чейин жооптуу партиялык кызматта жүргөн бирөө эски аянттагы Маркс, Энгельстин эстелигинин жанындагы скамейкада сейилдеп отуруп, ары-бери өткөндөр менен саясат темасында аңгемелешип, “ушуну көрмөк белек” деп эле кейий берчү экен. Кийин көрүнбөй калыптыр, сыягы психикалык оорудан мерт болсо керек.

Анын сыңарындай, азыркы коомдо жан кейиткен көйгөйлөр көп болуп, эки кишинин башы кошула калса эле ошолор тууралуу сөз жүрөт. Ал эми “жаңычылдар” болсо батыштан үйрөнүп жатабыз деген шылтоо айтышат. Ушундан улам өз өлкөлөрүнө терс көрүнүштөрдү жоготпой “алдыңкы капиталисттик коомго” (аны ушинтип макташат) жүгүнбөй койгон грузин Сталин менен өзбек Каримов чыныгы азаматтар экен го деп ойлойсуң. Албетте, цивилизация аркылуу келген оң мисалдардын маанисин кемитүүгө болбойт. Бирок, өзүбүздөн чыккан оёндор ашыкча кетип, оң турган нерсени ойрондотуп салганча жан кейип жатпайбы.

Ашып – ташыган көйгөйлөрдү көрүп -билип, эмне кылар айласын таппаган кайран Эсенгул Ибраев:

Ойгон кыргыз!

Ойлон кыргыз!-

деп элге кайрылып жатпайбы. Бирок, күркүрөп-шаркырап агып келаткан капитализдин сели алардын үнүн тып эле басып таштап, өз нугу менен кетип баратат. Илгери ошол коомду талкалап, башка жолго түшөбүз деген немец элинин улуу ойчулдары Маркс, Энгельс коммунисттик партиянын манифсетин (программасын) түзүп, жакшы эле аракет кылып, бирок эч натыйжа чыгара алган эмес. Алардын жолун Ленин аттуу большевик жыйырма жылдан ашык күрөшүп жүрүп, ишке ашырды эле. Аны коммунист атын алып жүргөн акылсыз орус лидерлери талкалап таштап, кайрадан капитализмге өткөрдү.

Бул жегич коомду тарбиялап оңдойбуз, коррупцияны ойрон кылабыз деген аракеттерден натыйжа чыгышы кыйын, анткени, капитализм өз табияты, мыйзамы менен жашайт. Азыр мыкты деген капиталисттик өлкөлөрдө деле эмне деген шумдуктар (ошонун ичинде өлкө башчыларынын коррупцияга аралашканы) жүрүп жатат.

“Коомдук быть коомдук аң-сезимди аныктайт” (Маркс). Анын сыңарындай, бардыгы коомдун экономикалык структурасына байланыштуу, башка жол жок.

Абдыкадыр Садыков, филология илимдеринин доктору

Булак:Ачык Саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *