Көк бөрү чемпионатында Чүйдүн командасы баш байгени жеңди

Бүгүн, 3-ноябрда Ошто улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү чемпионатында Чүй облусунун командасы Ысык-Көлдүн командасын 5:1 эсебинде утуп, биринчи орунду ээледи.

Бул ирет чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө “Улуттук спорттун түрлөрү боюнча спорт чебери” деген наам берилет. Мындан тышкары эр эңиш жана ар кандай аралыкка ат чабыштын финалдык бөлүгү болот.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *