«Кол куушуруп олтура берсек – кургук учук жеңилбейт»,- дешет Жалал-Абаддык дарыгерлер

Бүгүн, 25-мартта Жалал-Абад шаарында кургак учук оорусунун алдын алуу жана экономикалык социалдык оорулардын катарына кирген бул коркунучтуу жугуштуу дартка каршы күрөшүүгө арналган маалымат жыйыны болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Маалымат жыйынына Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо тармагынын координатору, областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов, Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырова жана Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков катышты.

КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан 4 приоритеттүү багыттын бири болуп кургак учук оорусу болуп саналат. Тилекке каршы, областыбыздын аймагында кургак учук оорусун азайтууга толук жетише албай жатабыз. Мунун обьективдүү жана субьективдүү себептери дагы бар. Атап айтканда учурда кургак учук оорусунун заманбап дары-дармектерге туруктуу келген «мутант» түрлөрү чыгып жаткандыгы жашыруун эмес. Кургак учук оорусунун жаңы түрлөрү ар кандай күчтүү дары-дармактерге туруктуулугун көрсөтүп жатышат. Быйылкы жылдын 24-февралынан 24-мартына чейин жарыяланган кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгында областтын калкына бул социалдык жугуштуу коркунучтуу ооруну толук дарылап сакайтууга боло тургандыгы туурасында кеңири түшүндүрүү иштери район-шаарларда жана айыл аймактарында жүргүзүлүп келинди. Ачыгын айтсам, дарыгердин көзөмөлү менен жана заманбап дары-дармектер кургак учук оорусун жүз пайызга дарыласа боло тургандыгын дарыгер катары ишенимдүү айта аламын. Бул үчүн эң башкысы кургак учукка чалдыккан бейтап биринчи кезекте өздүк гигиенасын так сактоого тийиш. Мындан сырткары калориялуу жана витаминге бай тамак-аш азыктары менен тамактануусу шарт болуп саналат. Анан эң башкысы аптекада сатылып жаткан ар кандай антибиотиктерди дарыгердин рецепти жок колдонууга катуу тыюу салышыбыз керек. Тилекке каршы, биздин мекендештерибиз өз алдынча дарылануу менен ал ооруну кайра күчөтүп алып жатышат. Кургак учук оорусу эч кимди тандабайт, аябайт  жана адамдын жаш өзгөчөлүгүн ылгабайт. Кургак учук оорусуна каршы натыйжалуу иш алып барууда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ВОЗ), ПРООН, USAID Эл аралык уюмдары ар тараптан финансылык колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын баса белгилеп кетким келет,- деди Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо тармагынын координатору, областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов.

Өткөн 2015-жылы область боюнча 868 кургак учук менен ооругандар аныкталган. Жыл өткөн сайын бул социалдык оорулар менен ооругандардын саны азайып бараткандыгын белгилей кеткенибиз оң. Тилекке каршы, кургак учук оорусунун өтүшүп кеткендигинен өткөн жылы 54 адам каза болгон. Бул деген 2014-жылга салыштырмалуу 8 адамга азайды дегендикти билдирет. Былтыр кургак учук менен ооруган балдардын саны 107 баланы түзгөн. Өткөн жылы калк арасында кургак учук оорусунун алдын алуу жана түшүндүрүү боюнча  602 лекциялар окулган болсо, быйыл эки айдын аралыгында 280 лекциялар окулуп, 375 атайын баракчалар чыгарылып, элге таратылды. Мен өзүм 16 жолу телевидение менен газеталарга интервьюларды бердим. Токтогул менен Сузак районунда кургак учук оорусу менен ооругандар көп катталып жатат. Бизде 370 койка орун бар. Дары-дармектер толугу менен акысыз берилет. Мындан сырткары ар бир бейтапка  күнүнө 93 сом 40 тыйындан тамак-ашына жана 63 сомдон дарыларына бөлүнөт,- деди Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырова.

Жалал-Абад шаарында кургак учук оорусу менен 2014-жылы 111 адам катталган болсо, өткөн жылы 85 адам катталган. Мунун ичинен жугуштуу ачык түрү 2014-жылы 49 болсо, өткөн жылы алардын саны 34кө азайган. Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле кургак учук дагы негизинен кох таякчалары аркылуу көбүнесе аба аркылуу жугат. Кургак учук оорусу менен катуу жабыркаган адамдын какырыгы дагы кох таякчаларын таратуучу болуп калат. Май менен сүттө кургак учуктун таякчалары бир жылга чейин сакталаары аныкталган. Кох таякчалары күндүн нуруна, толук кайнатылбаган сууда жана айрым кислоталарга дагы чыдамдуу келет. Кургак учук менен ооругандарды амбулаториялык негизде дарылоо менен ар бир бейтапка профилактикалык түшнндүрүү иштеринен сырткары аларга өздүк жеке гигиенаны катуу сактоону биринчи планга коёбуз,- дейт  Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин башкы директору Акылбек Ормонбеков.

Жалал-Абадда кургак учук оорусун аныктоочу 17 флюрограмма аппараты болсо анын 12си иштебей тургандыгын областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырова терең өкүнүү менен белгилеп кетти.

Өткөн жылдын эки айында кургак учук менен ооруган 2 бала аныкталган болсо 2016-жылдын алгачкы эки айында 12 баланын кургак учук дартына чалдыккандыгы аныкталып олтурат. ПЛУ бөлүмү Ноокат районунда жайгашкан. Ал жакка барып дарылануу көпчүлүккө кыйынчылыктарды жаратууда, – деди Бурулкан Кадырова.

Батыштын өнүккөн мамлекеттеринде дагы койка орундар биздегидей көп эмес. СССР мезгилинде медицинадлагы иштин натыйжасы  койка орун менен аныкталчу. Азыр аны унутушубуз керек. Койка орундарды азайтуу—бул мезгилдин башкы талабы болуп калды,- деди областтык саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Маматжан Миянов.

Кургак учук оорусуна каршы күрөшүү бул жалаң гана дарыгерлердин милдети десек терең жаңылган болобуз. Ден соолук биринчи кезекте өзүбүзгө керек. Ошондуктан жыл сайын бир ирет рентгенге түшүү, дарыгерлерге кайрылып алдын ала профилактикалык текшерүүдөн өтүүнү нормага айландырууга убакыт келип жетти. Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына ылайык өлкөдө  100 миң адамга кургак учук оорусу менен ооруган 98 адам туура келет экен. Булл албетте көп. Ал эми дүйнөлүк практикада 100 миң адамга 50 кургак учук оорусу менен ооругандар катталса ал нормага ылайык келет деп эсептелинет.

Маалымат жыйынына катышкан дарыгерлер ырастап кетишкендей, Жалал-Абад шаарынын ичине жайгашкан түрмөкана жана ал жерде жаза мөөнөттөрүн өтөп чыккандар, иш издешип чет өлкөлөргө чыгып кеткендер кургак учук оорусун таратуучулардын негизги категориясына кирээри аныкталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ВОЗ) уюмунун маалыматына таянсак 2014-жылы  дүйнө жүзү боюнча 9,6 млн. адам кургак учук оорусуна чалдыккан болсо, мунун ичинен 1,5 млн. адам кургак учук оорусунун өтүшүп кеткендигинен улам каза табышкан. Бул албетте, ар бирибизди ойго салуучу нерсе. Андыктан бул маселеде дарыгерлер белгилегендей «кол куушуруп олтуруудан пайда чыкпай тургандыгын» унутпай, биргелешип иш алып баруубуз зарыл. Ден соолук кимдир бирөөгө эмес, биринчи кезекте өзүбүзгө гана керек экендигин жадыбыздан чыгарбасак.

 

Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *