Көл жээгинде “Лексус” менен оюн салган жаран жазасын алды

Ысык-Көл облусунда “Лексус” автоунаасы менен тыюу салынганына карабай көлдүн жэгине чейин кирип, экологияга зыян келтирген жаран тууралуу видеону Мамэкотехинспекциянын инспекторлору аныктап, иликтөө жүргүзүүнүн негизинде автоунаанын ээсин табышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Лексус” автоунаасынын ээси «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайынын жээгинде оюн көрсөткөнү тастыкталган. Текшерүүнүн негизинде инспекторлор ал жаранга административдик чара көрүп, ишти укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Ал эми «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайынын жетекчилигине катуу эскертүү берилди. 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *