Көлдүн аттуу-баштуулары аман эле болсун, бийликтен коркуп ар кимиси ар кайсыл тешикте жашынып

Ысык-Көлдүн мыкты улан-кыздары кайда? Алар эмне үчүн учурдагы кырдаалга байкоо салып, жердеши Садыр Жапаровдун таламын талашышпайт? Макул, бийликтен коркуп ар кимиси ар кайсыл тешикте жашынып жатсын дейли. Жок дегенде Жапаровдун үй бүлөсүнө колдоо көрсөтүп коюшпайбы. Ысык-Көлдөн кандай гана залкар адамдар чыккан. Академиктер, профессорлор, олуялар, көрөгөч акелер чыккан. А азырчы, азыр төбөсү көрүнгөн ким бар, сөзү өтүмдүү ким бар? Жапаров камалып жатса калыс пикирин айта албаган карыяларына не дейбиз? Мейли Жапаров күнөөлүү болсун дейли, бирок жердеш катары тилектештик билдире турчу көлдүктөр жокпу? Көлдүктөрдүн ынтымаксыздыгынан, бири-бирин көралбаган, кайдыгер сапаттарынан улам, өкмөттүн курамында акыркы жети жылдан бери эч бир көлдүк жок. Жаштарды колдоо деген жок. Биримдик жок, анан сүйлөшсө асмандын башын сүйлөшөт. Кыскасы аман болгула көлдүн төбөсү көрүнгөн азаматтары…

Булак: “Ачык саясат”

3 comments

  • Айнура says:

    Биз колдуктор элибизди тундук-туштук, оштук, колдук, таластык деп эч качан болбойбуз, биз кыргызстандын жарандарыбыз, биздин мекен Кыргызстан, адамдардын ичинде жаманы да жакшысы да болот, эгерде куноосу жок адам камалса, анда сот системасы, укук коргоо органдары иштегенди билишпейт, андай болбосо куноо кылган адам камалып жана аны колдоп митингтерге чыккан адамдар- бул акчага сатылгандар, чынын айтсак, эл учун иштеп, элдин авторитетине жеткен адам болсо, эл ал адамды созсуз колдойт, иншала элге татыктуу, Кыргызстаныбызды алынкы мамлекеттердин катарына кошуп, келечекте балдарыбыздын жашоосун ондоп кете турган, жетекчи шайланса экен. Бугун элибизди, жерибизди талап-тулап, эртеси камалып алып анан элге акча таратып, :”мени колдоп чыккыла”- дегендерден алыс бололу калайык эл. Биздин балдарыбыздын келечеги- озубуздун колубузда.

  • Талант says:

    Ушул статьяны жазган ОЗУ Ким?

  • Алмаз says:

    Туура жазылыптыр, көлдө чынында эч ким жок Садырдан башкасы..

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *