Колониалдык саясаттан бир элес: Кокон экспедициясы

Эбактан эле биротоло тарых энчисине айланып калган, өткөн доорлор тууралуу улам жаңы маалыматтар ачылып, улам жаңы, мурда белгисиз болуп келген ой-кырлары талдоого алына берери турмуштук табигый көрүнүш. Асыресе, улам соңку талдоолордо ошол качанкы тарыхый кырдаалдарга объективдүү баа берүүгө умтулуу жасалары, зарыл тактоолорду киргизүү далалаттары орун алары — турган иш.

Бул өңүттөн алып караганда, соңку учурларда орус тарыхый (көркөм, документалдуу жана илимий багыттагы) адабияттарында Улуу октябрь революциясына чейинки кыргыз тарыхына байланышкан доорлордун жаңы эгемендүү Россия (мурдагы союздук империя эмес!) мамлекетинин саясатынын призмасы аркылуу электен өткөрүлүп жатышы, — кыргыз улуттук саясий идеологиясына, эгемендүү тарыхына да кыйыр түрдө болсо да таасир этүүчү факторлордун бири экендиги талашсыз. Төмөндө ошондой жагдайлардын бири болуп саналган, ХYIII–ХIХ кылымдардагы кыргыз тарыхында орчундуу орду бар Кокон хандыгынын тушундагы окуяларга арналган жаңы китептен (Валентин Рунов. “Гений войны Скобелев. “Белый генерал”. М.: Яуза Эксмо. 2013) үзүндү тартуулайбыз.

…Орто Азиядагы орустардын абалы чыңалган бойдон кала берген. 1875-жылы Кокондо ири көтөрүлүш оту тутанды. Кокондун ханы Худояр Ташкентке качты, ал эми бийликти Россиянын келишкис душманы бек Пулат басып алды. Июлдун аягында жана августтун башында көчмөндөр отряддары Ходжент менен Ура-Тюбе ортосунда жайгашкан орустардын постторуна карай бир катар чабуулдарды жасашты

1875-жылдын орто ченинде көтөрүлүш бүткүл Фергана өрөөнүн гана камтып тим болбой, Орусиянын башкы ставкасы — Ташкентке чейин жетти. Андан соң, «газават» жарыяланып, ага Кокон хандыгынын калкынын бардык катмарлары тартылды. Буга биринчи иретте ошол жерде жүрүшкөн англиялык агенттер себепкер болушту, алар бул чөлкөмдөгү Россия таасиринин күчөшүнө колдон келишинче каршылык көрсөтүштү. 8-августта Кокондун 15 миңдик аскери Ходжентке чабуул койду, бирок, анын коргоочулары тарабынан мизи майтарылды. Шаардан четке чыгып, азиаттар жаңы чабуулдарга даярдана башташты.

Душман ордолорунун жайгашкан жайын аныктаган соң, Кауфман аларга каршы генерал Н. Н. Головачевдун отрядын жөнөттү. Ал 11-августта душманды Ангрен өрөөнүндө талкалады. А эртеси күнү генерал-губернатор өзү да кошо Ташкенттен төрт миң адамдан турган, 20 замбиреги бар отрядды баштап чыкты. Ошол эле учурда миң кылычтуу атчан аскерлер полковник Скобелевге ишенип өткөрүлүп берилет, анын бул кезде аскерлер арасында аты дүңгүрөй баштаган чак эле.

Орус аскерлери Сырдарыядагы Махрам шаарына карай умтулушту. Ал жерде чалгынчылардын берген маалыматына караганда, Пулат хандын 60 миң колдуу армиясы турган. 22-августта Махрамга жете бергенде, наместниктин жеке жетекчилиги алдында, алар душмандын алдыңкы отряддарынын бир нече соккусунун мизин кайтарышты. Дагы эки күн өткөн соң, кокондуктардын негизги күчтөрүн талкалап жок кылышты. Душман колунан 3 миң киши набыт болуп, 8и жаракат алышты. Алардын арасында М. Д. Скобелев да бар болчу, ал кылыч менен бутунун тизесинен өйдөрөөк жараат алса да, аскерлер катарынан чыгып кетүүдөн баш тарткан.

Бул оңой эле келген жеңиш бир нече факторлорго негизделген болчу. Биринчиден, хандын аскерлери жалаң гвардиядан гана турбай, көбү ыктыярдуу — ополченецтер болгондуктан, үйрөтүлгөн, регулярдуу орус аскерлерине каршы туруштук бере алышкан эмес. Экинчиден, бардык эле кокондуктар баш-оту менен берилип ханга кызмат кылууну каалашкан эмес, дал ошондуктан улам, алардын эрки абдан бош болгон. Үчүнчүдөн, айрыкча кокон старшиналарын алдын ала эле сатып алуу дагы орчундуу болду, муну орустардын бийлиги соодагерлер (купецтер) аркылуу ишке ашырышкан болчу.

Жеңилүүдөн соң, жаңы хан Насреддин кат берген депутация аркылуу туркестандык наместникке өзү багынып бере тургандыгын билдирген. Кауфман Коконго аскерлерин киргизген да, тактыда Насреддин кала беришин камсыз кылган, Кокон хандыгынын чек арасын кайра карап чыккан. Ал хандыктын жеринин бир бөлүгүн өзүнө алып, ал эми Наманган бектигин Туркестанга Намангандык бөлүм деген ат менен кошкон. Анын начальниги болуп М. Д. Скобелев дайындалган.

Кокондуктар бир аз убакытка чейин моюн сунуп, тынчып калышканы менен, жыл аягында орус постторуна карай кайрадан баш көтөрө башташкан.

Генерал Кауфман бул кезде Петербургда эле, телеграмма менен ал генерал-лейтенант Г. А. Колпаковскийге Кокон хандыгын ээлеп, аны генерал М. Д. Скобелевдин намангандык отряды менен күчтөндүрүүгө буйрук берген. Ал алдына коюлган милдеттерди аткарган соң, жаңы Фергана областынын постунун начальниги болуп калмак. Арийне, дардаңкүү Скобелев бул милдетти ал өзү жалгыз эле аткарып салам деп чечет.

1876-жылдын 6-февралында Скобелевдин отряды Коконду карай жолго чыгат.

Скобелев казактар менен топ башында бара жаткан. 20-августта орустар Ходжентке киришет да, андан ары Кокон хандыгынын ичкери аймагына сүңгүп жөнөшөт.

Кокондуктар улам каршылык көрсөтүп коюшуп, акырындап чегинип олтурушуп, Сырдарыя тарапка жылышат. Анын сол жээгинде күчтүү Махрам чеби жайгашкан эле. Ал бийик дубал жана терең аң менен курчалган болчу. Чептин колунда 24 замбирек бар болчу. Бул чепти саздак жер аркылуу штурмалоо көптөгөн курмандыктарга алып келиши мүмкүн эле.

Муну түшүнгөн Кауфман Скобелевге чепти четинен айланып өтүүгө буйрук берет. Дагы бир отряд хивалыктардын артынан курчап келүү үчүн жиберилет. Бет алдыдан орустар чепти карай артиллериядан атып башташат. Ошентип, чабуул бир эле учурда үч тараптан башталат.

Каршылык көрсөтүү пайдасыз экенин түшүнүшүп, кокондуктар чепти таштап кете башташат. Бирок, алар Скобелевдин атчан аскерлеринин чабуулуна туш болушат. Кандуу кармаш башталат. Скобелев минген аты өлүп, өзүнүн бутуна кылыч шилтенип, жарадар болот. Кармаш куугунтуктоого айланып, бир нече чакырымга чейин созулат. Казактар кокондуктарга карай жардамга келе жатышкан чоң отрядды көргөндө гана токтоп калышат. Кууп бара жатышкан орус аскерлери эми өздөрү артка карай качууга мажбур болушат. Бирок, Скобелев аскерлерине баш-аламан качууга жол бербей, уюшкандык менен артка чегинүүнү камсыз кылууга жетишет.

Кауфман Скобелевдин бул кармаштагы аракеттерине абдан ыраазы болгондуктан, өзүнүн төшүндөгү 3-баскычтагы Георгий крестин чечип алып, Скобелевдин төшүнө тагат. Ушул минутадан баштап алар көздөрү өткөнгө чейин дос болуп калышат.

Колпаковский Скобелевдин отрядынын кыймылын билген соң, өзү дагы Коконго аскерлер менен жөнөйт, бирок, кечигип калат. Наманган отряды шаарды салгылашуусуз эле ээлеп алат да, анын шаар башчысын туткунга алып, 73 замбирегин тартып алат. Жолдо бара жатканда Колпаковский Скобелевден төмөнкү мазмундагы катты алат: «Сиздин 4-апрелде жөнөткөн телеграммаңызды 7синде алдым, тилекке каршы, мен Кокондон 16 чакырым алыста, хан мага карай келе жатканын билдим. Биздин жолугушуубуз Ак-Мулла кыштагында болду. Мурунку хан биздин күтүүсүздөн кирип келгенибизге айран таң калып, ага тагылган Государьдын эркине баш ийип берди, — деп жазат Михаил Дмитриевич, а андан ары, шылдың аралаштыра, мындай деп кошумчалайт: — Хандыктын биротоло баш ийдирилиши Ырайым этүүчү Сиз — Орто Азиядагы орустун жогорку бийлигинин өкүлү Кококго келген соң гана ишке ашат».

Колпаковкий ооматчыл атаандашына таарынып, аны бул ийгиликтүү ишке ашкан аркети үчүн кол алдндагы баш ийген аскерлеринен жана да анын ак эмгеги менен алган сыйлыктарынан ажыратмакчы болот. Арийне, Кауфман өзү жактырган аскер башчысын төшү менен тосуп, калкалап, коргойт. «Генерал Скобелев азаматтык кылды, бүткүл наманган отряды жана генерал Скобелевдин жардамчылары менин сыймыгым болуп эсептелет, артыкчылык көрсөткөндөрдүн баарын тең сыйлыкка көрсөтүүгө толук укук берет», — деп жазат ал Колпаковскийге. Ошондуктан, ал начальнигинин эркине баш ийет да, жеңиш даңкын Скобелевге ыйгартууга мажбур болот. Аны Михаил Дмитриевич чоң сый менен Коконго кире бериште 15-февралда тосуп алат. Скобелев бул жеңиш үчүн «За храбрость» деген жазуусу бар Алтын кылыч менен сыйланат.

(Уландысы кийинки санда)

Орусчадан которгон

Жумабек Кыдырбаев

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *