“Колу тазанын жолу таза”

Эгемендүүлүктүн жылдарындагы бешинчи президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун жалпы эл тарабынан шайланганына бир жыл да толо элек. Буга дейре бир топ президенттерди көрдүк. Алардын жакшы да, жаман да жактары болду. Биринчи президент Россияда мусапыр болуп окутуучулук кылса, экинчи президент Беларустун борборунда күн кечирип жатыры. Калган экөө Кыргызстандан чыгышкан жок.

Улуу Союз урагандан бери биз мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык. Анын бардык атрибуттарына жетиштик. Эл аралык уюмдар, башка өлкөлөр менен алаканы чыңдап турмуш дөңгөлөгүн кыбыратып жатабыз. Кудайга шүгүр биздин уйгур, күрд, цыган өңдүү бизден бир нече эсе көп элдерден айырмаланып өз алдынча мамлекетибиз бар. Чек арабыз такталууда. Аскерибиз, улуттук валютабыз, гимнибиз, туубуз, гербибиз, мамлекеттик тилибиз менен сыймыктанып келебиз. 26 жылдан бери республикабыздын аймагында бир топ өзгөрүүлөр болду. Көптөгөн жогорку окуу жайлары ачылды. Жер жана агрардык реформа жүргүзүлүп элеттеги чарбалардын жерлери ар бир жанга орточо эсепте 25 соткеден бөлүнүп берилди. Булар суугат айдоо аянттар, бактар, кайракы жерлер жана чөп чабындылар. Бирок реформа жүргөнү менен өлкөбүздөгү 1,2 млн гектар айдоонун 100 миң гектары себилбей кысыр калууда. Алыскы аймактардагы айылдыктардын жашоо-турмушу дүркүрөп өнүгүп кетти деп айта албайбыз. Кээ бир айылдарда балдар бакчасы, маданият үйү, китепкана, таза суу жок, айыл чарба техникалары тартыш. Эң башкысы жумушсуздук эбегейсиз чоң көйгөйгө айланды. Туруктуу иштеп жашоо-турмушка жетерлик айлык маяна алышкандар өтө аз. Жеке менчиктеги ишкерлер, дыйкандар менен фермерлер өндүргөн азыктарын жакшы баада сата албай отурушат. Жумушсуздуктун айынан жыл сайын бир миллионго жакын жаштарыбыз Россия, Казакстан жана алыскы чет мамлекеттерге тентип кетишип, ден соолуктарынан ажырап отурушат. Ал жактардан боюна бүтүрүп келишкен аялдардын 90 пайызы оорулуу. Улутубуздун келечеги кандай болор экен деп сар-санаага батасын. Кыргызстанга күн сайын орточо эсептегенде бирден «жүк‑200» келип турат. Ал эми келбей дайынсыз жоголгон уул-кыздарыбыздын так санын айтуу кыйын. Эгерде өзүбүздө жакшы айлыгы бар жумуш болгондо дипломун сандыкка катып көрүнгөн шаарда тентип кара жумуш аткарышкан балдарыбыз азайбас беле!

Кыргызстандыктар өз алдынча көз карандысыз мамлекет болуп эмнеге жетиштик? Өзүбүздүн туура жолубузду тандай алдыкпы? Улуттук жана мамлекеттик идеологиябыз барбы? Кимди пир тутуп, эмнеге ишенебиз? Алдыдагы келечегибиз кандай болот? ушул соболдор бардык эле замандаштарымды убайымга салып, кыжаалат кылып жатса керек. Жогоруда белгилегенибиздей мамлекеттик атрибуттардан башка эч кандай позитивдүү көрүнүштөргө жетише албадык деп ойлойм. Адамдардын жашоо деңгээлин мен алган айлыгыбыздын көлөмүнөн, карылардын пенсия-пособиелеринин өлчөмүнөн баамдайм. Жашоонун татаалдыгын, жетишпестиктерди аялзатынын, энелердин көзүнөн баамдайм. ФАОнун Европа менен Борбордук Азиядагы долбоордук программаларынын улук илимий кызматкери Раймунд Реленин иликтөөсү боюнча Кыргызстандагы калктын беш пайызы ачка жүрөт. 64 пайызы нан жана чай менен гана оокаттанышат. Алардын тамак-ашында эт, жашылча-жемиш, сүт азыктары жок. Эмне муну өндүрүүгө, арзан баада сатууга бизде мүмкүнчүлүктөр жокпу? Менимче бар.

Кыргыз республикасы бейиштин төрүндөй каалаган мөмө-жемишти, жашылчаны, эт, сүт, май азыктарын өндүрүүгө шарты бар аймак. Биз өзүбүздү өзүбүз камсыздай алабыз. Буга жалкоолугубуз, ишти билбегендигибиз, жетекчилердин кайдыгер мамилеси себеп болууда. Жакында эң алыскы, жаратылыш шарты катаал Баткен дубанынын эмгекчилери элеттеги ар бир үй-бүлөнү азыктар менен өзүбүз камсыздайлы деген мааниде жалпы республиканын калкына кайрылуу менен чыгышты. Бул ар тараптан колдоп кубаттай турган жөрөлгө. Айылда жашап туруп базардан жашылча-жемиш сатып алуу туура эмес да. Бардыгын огородубузда өстүрсөк болот. Экинчи жагынган, биз кирешелерди гана эсептеп, чыгашаларды эсептегенди үйрөнө албадык. Муну үй-бүлөлүк экономика дейт. «Тыйын, тыйындын иши кыйын» дегендей ар бир табылган каражаттын баркын баамдай билели. Айрыкча, ыксыз чыгымдардан, ысырапкорчулуктан алыс болсок республикабыз гүлдөгөн өлкөгө айланат. Кур дегенде үнөмдөөнү өзбек жана тажик кошуналардан үйрөнсөк жаман болбос эле.

Бир эки маалыматка назарыңыздарды бургум келет. Салыштырып көрөлү; жер аянты бизден эки эсеге аз Түштүк Кореянын жылдык ички дүң продукциясы 1,5 трлн долларды түзүп, дүйнөдө 13-орунду ээлейт. Кыргызстандын ички дүң продукциясы 18 млрд долларды түзүп, дүйнөдө 135-орунда турабыз. Биздеги калк алты миллиондон ашса, корейлердин саны тогуз эсеге көп. Алардан эмнебиз кем? Эмне үчүн намыстанбайбыз? Алардагы автомашиналар менен кемелерди тим эле коелу, жөнөкөй бир велосипед чыгарып жатабызбы? Намыстанасын, арданасын да! Дагы бир салыштыруу тээ түндүктө Скандинавия өлкөлөрүнүн жанында Норвегия мамлекети бар. Жер аянты 324 миң квадрат километр, калкынын саны 4,5 миллион киши. Ушул өлкөдө гидроэнергетикалык ресурстардын 98 пайызы пайдаланылып, жыл сайын 142 млрд киловат-саат электр кубаты өндүрүлүүдө. Аларда 853 гидроэлектр станциясы курулган. Биздеги ресрустардын көлөмү 180 млрд киловатка жетет. Анын басымдуу бөлүгү арзан өндүрүлчү аймакта жайгашкан. Кыргызстанда 17 ГЭС жыл сайын 14 млрд квт энергия өндүрүөт. Канча жылдардан бери тоо арасындагы таштан ташка урунуп аккан дарыяларга кичи ГЭСтерди куруу боюнча сөз болуп келе жатат. Бирок ал турмушка ашкан жок. Эмне үчүн? Буга да пара бериш керекпи?

Ачыгын айталы эгерде Кыргызстандагыдай аймакта кытайлар же корейлер жашаганда эбак гүлзарга айлантып жиберишмек эле. Жогоруда белгиленген энергетикалык ресурстардан тышкары бизде кудайым берген кен байлыктарыбыз толтура. Республикабыздагы 48 алтын кенинин жалпы кору 1500 тоннаны түзөт. Бул жагынан дүйнөдө 7-орунда турабыз. Бизде таш көмүрдүн жалпы кору 6,5 млрд тоннага жетет. Таза суу боюнча, тоолорубуздагы жети миңден ашуун мөңгүлөрдө 750 млн куб таза суунун кору топтолгон. Араб мамлекеттеринде бир тамчы сууга зар болуп жашашат. Келечекте таза суунун баасы күйүүчү майдыкынан жогорулайт деген божомолдор бар. Ушуну араб мамлекеттерине жеткирип пулдасак болбойбу?! Башка мөмө-жемиштерибизди, саякатчылык боюнча мүмкүнчүлүктөрдү айтпай эле коёюн. Ушундай жерде жашап туруп, жакыр жашоого акыбыз барбы замандаш?!

Өкүнүчтүү жагдай Кыргызстандын жалпы карызы 4,5 млрд долларга жетти. Же бешиктеги баладан тартып ак сакалдуу абышкага дейре 700 доллардан туура келет. Бул карыздардын жарымы бюджеттин тешигин бүтөөгө кеткен экен. Буюрса 2024-жылдан тартып жыл сайын 300 млн доллардан ашырып төлөшүбүз керек. Кантип төлөйбүз? Төлөп коюшар деген көпөстөрүбүз, байларыбыз чет мамлекеттерге качып кетишпедиби. Алардын кыйналган элге күйүп, кайрымдуулук, соопкерчилик кылуу тууралуу ниети да жок. Ушундай кризистин сормо сазына кантип такалып калдык? деп сар-санаага бата берем. Көрсө кылымдар, миң жылдыктар тогошкондон кийин биздин замандаштардын бир бөлүгүнөн адеп-ахлак, ыймандуулук, аруулук деген кетип, уурдоо, жымырып же кымтып алуу, мамлекеттин мүлкүнө кол салуу деген өнөкөт ооруга айланып калыптыр. Азыр мектеп окуучулары менен баарлашсаңыз алар адабий китептерден эмес, кимдин колунда кандай телефон, кимдин атасы бай, кандай машина айдайт, тамы кандай, кийими кандай деп талкуулашат экен. Демек биз чоңдор жаштарга тескери таалим-тарбия берип жатабыз. Мындай акыбалдан кантип чыгууга башым жетпей калды.

Бирок баары бир жакшылыктан, аруулуктан, тазалыктан үмүт үзгүм келбейт. Буга азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш башташы себеп болду. Калктын мүлкүнө, мамлекеттин казынасына суук колун салышкан арамкор мурдакы өкмөт башчылары, министрлер, депутаттар, башка жетекчилерге кылмыш иши козголуп, алардын жегенин кустуруу башталды. Калкыбызда «колуң менен жасаганды мойнуң менен тартасын», «билбейт деп уурулук кылба», «көптүн көзү көрөгөч» деген накыл кептер бар. Ошондуктан миллиондорду жеп коюшкан кылмышкерлер мыйзам алдында жооп бериши кажет. Аларды колдоп кол чогултуп пастыкка баруунун зарылчылыгы жок. Антип ар бирибиз өз кулунубузду, балдарыбызды колдой берсек, кайдан мыйзамдуулук болсун?! Бул жагынан мамлекет башчысынын кадамдарын толугу менен колдоп кубаттайм. Жетекчи деген Исхак Раззаковдой, Апсамат Масалиевдей таза болсо башкалар, асыресе кол алдындагылар да аларга теңелип элдин кызыкчылыгын башкы планга коюлат эмеспи. Деги эле гектарлаган жерге салынган заңгыраган хан сарайлардын кимге кереги бар? Тиги дүйнөгө ала кетишпейт го. Бизге эки метр эле жер тиет. Кепиндин чөнтөгү жок. Менимче Сооронбай Шарипович өзү таза болгону үчүн жана көп жылдардан бери жемкорлук күч алып кеткенине күйгөнү үчүн ушул аракеттерди жүргүзүүдө. Аны карапайым элдин басымдуу бөлүгү колдойт.

Атайын Жогорку Кеңешке келип эл өкүлдөрүнүн алдында өзүнүн ачык айкын ойлору, старатегиялык пландары менен бөлүшкөнү туура болду. Коррупцияга каршы күрөштү бир гана президентке таштап койбостон, ага өкмөт, парламент, жергиликтүү башкаруу органдары, коомчулук, массалык маалымат каражаттары көмөктөшүшсө оң болор эле. Анткени биз жеген наныбызды адалдап, бешене тер, таман акы менен табышыбыз керек. Уурулардын санын кыскартсак карыздан кутулууга, өлкөнү, айрыкча алыскы аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлмөк. Бул багытта үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында атайын каражаттарды, мамлекеттик инвестицияларды эске албаганда республикалык бюджетке 69,2 млрд сом түшкөн. Бул былтыркы деңгээлден дээрлик беш миллиард сомго көп. Демек жылыштар байкала баштады. Менин жеке ишенимимде Сооронбай Шарипович бийликке өзүнүн инилерин, кудаларын аралаштырбай, таза иштеп, мамлекетибизди кризистин сормо сазынан чыгарууга жигердүү салымын кошо алат. Ага ийгиликтерди каалайм!

Адылжан Жажанов

Булак: “Ачык сөз” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *