Командаңды көрсөтчү, мен сенин дараметиңди көрөйүн

“2040-жылга чейинки стратегиялык программа”. “40 кадам”, Таза коом” сыяктуу аталыштар соңку жылда расмий бийликтин саясий лексиконундагы эң эле активдүү колдонулган түшүнүктөр болууда…

Чын-чынына келгенде, эзелки кыргыз “эшигин көрүп, төрүнө өт” демекчи, политологдор, саясий эксперттер тигил же бул мамлекеттин коомдук-саясий платформасына көңүл бурууда, ал реалдуу, иш жүзүндө жүргүзүп келе жаткан саясатына баа берүүдө, адегенде эле анын саясий чакырык-лозунгаларына, ураан түрүндөгү кыска-кыска үгүт-насыят иретиндеги цитаталарына көңүл бурушат эмеспи.

Бул өңүттөн карай турган болсок, албетте, биздин чакан Кыргызстаныбыз дагы “Россия — ​дүйнөлүк держава” (Владимир Путин), “Узбекистан — ​государство с великим будущим!” (Ислам Каримов). “Казакстан жакынкы аралыкта дүйнөдөгү эң өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кошулат” (Нурсултан Назарбаев) деген сыяктуу эле, азыркы дүйнөлүк геосаясий картадан өзүнүн туруктуу ээлеген ордун жана олуттуу өнүгүү багытын табууга далалат кылып келе жаткандыгы кубаттоого аларлык көрүнүш.

Деген менен, жөн эле ай-асманды чапчый бербей, алыскы кол жеткис кыялдардан убактылуу болсо да артка карай бурулуп, жакынкы реалдуу иш-максаттарга жакындап келсек, өлкөнүн алиге чейин өткөөл доор кырдаалынан чыга албай келе жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Кимдир бирөөлөр, балким, биз өткөөл доорду эбак эле басып өткөнбүз, азыр зымырап өнүгүү темпин баштап жатабыз деп ойлошор. Бул эми, алардын жеке иши жана өз пикири дечи!.. А бирок, айтылуу Аскар Акаев жана анын оозу менен орок оргон, Кыргызстанды Орто Азиядагы экинчи Швейцария кылмакчы болушкан, “Кыргызстан — ​жалпыбыздын үйүбүз” сымал баналдуу жана тантык, ичинде эч бир күчтүү квинтэссенциялуу, концептуалдуу коомдук-саясий, экономикалык ой-идея камтылбаган чакырыкты эң популярдуу үгүт үлгүсүнө айлантышкан Осмонакун сымал дээрлик бардык тармактардагы дилетант, чаласабат идеологдору деле, кезектеги президенттик шайлоо мөөнөтү жакындап келе жатканда “өткөөл доор”, “ашууда ат алмаштырбайт” деп улам-улам кайталашып, аргасыздан өздөрүнүн чама-чарктары чакталуу экендигин, ошентип, жок дегенде кыйыр түрдө, убактылуу болсо да моюнга алышкандай болушчу…

Алмазбек Атамбаев өзү мурдатан эле убада кылып келгендей, өз мөөнөтү аяктаары менен бийликтен кеткени жатат. Арийне, ал саясаттан эч кайда кетпей турганын эл алдында ачык жарыялады. Анын өзү тарбиялап, “өстүргөн” жаш муундардын өкүлдөрүн чечүүчү кызматтык орундарга коюу менен бирге, алар аркылуу өз эркин каалагандай (өткөргүч аркылуу сымал) деңгээлде ишке ашырууга же бери эле болгондо, — ​саясий процессти өзүнүн жеке көзөмөлүнөн чыгарбоого умтулуп келе жаткандыгы, — ​саресеп салып байкаган адамга, жашыруун деле эмес. Муну биз мурдатан эле боолголоп, айтып келгенбиз. Бул анчалык деле күтүүсүз кадам эмес. Бийликтен кетип жаткан президентке конституцияда экс-президент катары каралган гарантиялардан башка дагы саясий жана келечек стабилдүүлүгү сыяктуу гарантиялар да керек. Жок дегенде, ал өзү жүргүзүп келген иштер биротоло жокко чыгарылып, саясий өнүгүү багыты 190 градуска бурулуп кетпеси үчүн…

Асыресе, постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдөгү андай гарантиялардын канчалык бекем болорун, соңку жаңы тарых өзү тастыктап келе жатат.

Айталык, Владимир Путин өзүн мураскер кылып дайындап, президенттикке алып келген Борис Ельциндин алдында кандайдыр бир милдеттенмелерди алгандыгы жана аларды кыйшаюусуз аткарганы жалпы дүйнөгө маалым болгон. Экс-президент “Первый президент России” статусун дээрлик расмий түрдө алып, коомчулук арасында көзү өткөнчө таасирдүү фигура катары каралып, үй-бүлөсү жана жакындары кийинки бийликтен эч ыңгайсыздык көрүшкөн жок…

“Менин президент болуп калышым — ​анын (б. а. Ельциндин) жеке тандоосу болду, мен премьер-министрликтен кеткенден кийинки жашоомду такыр башкача элестетип жүргөн элем”, — ​деп моюнга алган Владимир Путин сөзгө бекем адам экендигин иш жүщүндө тастыктаганы менен, жүргүзгөн идеологиясы накта атайын кызмат адамынын стилинде болуп, акырындап, байкалбастан жүрүп олтуруп, Ельциндик саясат толугу менен ревизияланды.

Россия Федерациясындагы өкүм сүрүп келген мурдагы батышчыл-декларативдүү демократиячыл идеология толугу менен мекенчил-патриоттук духтагы идеология менен алмашты. Коомдук-саясий баалуулуктар да алмашып, жеке жарандардын жашоосуна мамлекеттик деңгээлде, реалдуу көңүл бурула баштады. Эл арасында баркы жок, айрым региондордо жек көрүндү болгонго чейин жеткен Ельциндин мураскери болгондугуна карабастан, кыска убакыт ичинде Путиндин бийик саясий рейтингге ээ болуп, аны менен кошо Россиянын эд аралык аброю артканы да дал ушуну менен түшүндүрүлөт. мындай саясат менен макул болбогондорду жана мурдагыдай ойлонгондорду — ​мураскер кыска убакыт ичинде оңой эле тазалап салган.

Мисалы, ельцин доорунда министрлерди өз машинасында баратып эле, телефон чалуу менен указ даярдатып, кызматтан алдырып, же койдуруп калган “всемогущий”, Борис Березовский сыяктуу “серый кардиналдарды” көп узабай биротоло кынына киргизип, кезегинде ал өзүнүн Санкт-Петербургдан Москванын Кремлине кызматка которулушуна таасири тийсе да (Березовскийдин ЛОГОВАЗ — ​бизнес боюнча оң колу -Бадри Патаркацашвили аркылуу), Кремльде президенттик креслого олтурары менен, ага эч тайманбай, көзүнө тике карап: “Все, я больше не Володя, я — ​президент России, — ​такой великой державы!” — ​деп айта алгандыктан улам гана ошондой көзкарандысыз, өз алдынча саясатты жүргүзүп, күчтүү, келечектүү багытка карай өз өлкөсүн багыттай алды…

Ал эми азыркы бийликтен кетип жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке келгендеги эч кимдин алдында андай коомдук-саясий же моралдык милдеттенмелери жок болчу. Тескерисинче, ал өзүн “апрель революциясынын” эң башкы идеологдорунун бири катары жана лидери катары көрүп, мамлекеттик жогорку кызматтык орундарга дайындоодо, же мамлекеттик сыйлык-наамдарды ыйгарууда да талапкерлердин билимдик жана профессионалдык критерийлерине, алар сиңирген эмгектерине карап баалабай, тигил же бул адамдын ошол революцияга берилгендиги жана өтөгөн кызматы, же “биз оппозиция кезде ачык колдой алышпаса да, жок дегенде, кезегинде бизге бир аз болсо да жан тартып жүрүшкөн эле” дегендей маанайда, “ылым саноо” аркылуу (маселен, “Азаттык” радиостанциясынын мурдагы кызматкерлерин жана айрым оппозициячыл журналисттерди) баалап келгендиги белгилүү.

Төңкөрүшчүл “революция” учурунда борбордук аянтта кокусунан эле ок жаңылып, жеке өзү үчүн да күтүүсүздөн эле “апрель баатырына” айлангандар, же оппозиция митингине катышуу менен салым кошуп, оппозиция гезитин чыгарып, же оппозициячыл маанайдагы массалык-маалымат каражаттарында көрүнө калгандар, же “обончу катындар” атка конгон топ менен чогуу, расмий бийликтин өкүлдөрүнүн ортосундагы кайым айтышууларында, көчөдөгү ажылдашууларда чаңкылдаган үндөрү бир аз угула калгандар деле заматта үйлөнгөн чаначтардай желденишип, “чоң фигураларга” айланышып, өздөрү үчүн да күтүүсүздөн эле “саясатчы-мамлекеттик ишмер” болуп чыга келишкени маалым

Алты жыл бою Алиясбек Алымкулов, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Кубат Оторбаев, Кыяс Молдокасымов, Топчубек Тургуналиев, Камила Талиева, Султан Жумагулов ж. б.д. ушулар сыяктуу дилетанттык деңгээлден эч качан өйдө көтөрүлө алышпаган жана көтөрүлүп кетүүгө канчалык далалат кылышса да, жеке инсандык-потенциалдык дараметтери да чектелүү болушкан түркүн түстөгү адамдар Атамбаевдик команданын өзөгүн түзүп келишти го?!.. Асыресе, атамбаевдик доорго баа берүүдө, сөзсүз түрдө алардын “ишмердиктерин” да кыйгап өтүп кете албайбыз.

Жогоруда аталгандардын көбүнө эбак эле тиешелүү тармактар жана алар жетекчи болуп барышкан тармактардагы компетенттүү адамдар өздөрүнүн “татыктуу” бааларын берип коюшкан. Ал эми “свежий” маданият министри болгон Султан Жумагуловду — ​ал мындан бир жылча мурда Монголияга журналисттер менен кошо иш сапарына барып келген соң, ошол эле тапан журналисттер “Улан-Батор — ​Султан-батыр” деп атап алышканы али элдин эсинен кете элек!..

Кыскасын айтканда, кандайдыр бир деңгээлде жогорку бийликке, андан соң мамлекеттик жетекчиликке өзү үчүн деле күтүүсүздөн эле келип калган Алмазбек Атамбаев мындай бийик деңгээл талап кылган күчтүү идеология, стратегиялык программа менен келген жок. Демек, ошондой идеология жана программанын тегерегине чогулган күчтүү жана ар тараптуу даярдыгы бар командасы да болгон жок. Мамлекеттик программа дегенди мындай эле кой, үзүл-кесил, кокусунан эле башка келе калчу ар кандай ойлор-идеялар сыяктуу эле чачкын, бирдиктүү эмес, иштелип чыккан, терең ойлонулган, алдын ала дыкаттык менен эсептелген программадай эч таасир калтыра албаган ойлорду, сунуштарды “2013–17-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасы”, “2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы”, “40 кадам” деген сыяктуу жасалма саясий-идеология жыттанган “жарнамаларга” жабыштыра берүү менен эле алар сыйкырдуу күчкө ээ болуп кетишпейт!

Айтор, азыркы президент өз командасын жана өз ишин улантуучу мураскерлерин жогорку бийликте калтырып жатканы менен, өзүнүн күчтүү идеологиясын жана мурдагылардан кардиналдуу өзгөчөлөнгөн, дал ошондуктан улам, жалпы эл тарабынан жапырт колдоого алынып кеткен программасын калтыра алган жок. А бул болсо — ​көп сандаган идеясыз, утурумдук кадрларга караганда, алда канча баалуу нерсе. Өлкөгө андай импульс жана кыйшаюусуз, туруктуу багыт берүүгө сейрек гана мамлекеттик жетекчилер жөндөмдүү болушат. Дал ошондуктан улам, өз идея-программасы жок жетекчилер өзүнүн бул параметрлер боюнча алсыздыгын, жана да өз алдынча саясат жүргүзүү үчүн чабалдыгын жашырышып, демейде, (коомдук-саясий жана экономикалык кырдаал кардиналдуу өзгөрүүлөрдү абдан талап кылып турса да!) “мен мурдагы эле саясатты улантамын, бүтпөй калган жакшы иштерди бүтүрөмүн” деген сыяктуу билдирүүлөрдү жасашат.

Учурдагы кызматтык мөөнөтүнүн эң соңку көз ирмемдерин өткөрүп жаткан Алмазбек Атамбаев, азыр жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өткөн соң, расмий түрдө экс-президент статусуна ээ болот. Анын алты жыл бою жасаган иштерине өткөн чак катары, азыркыдан такыр башкача көзкараш менен карап, каалайбызбы-каалабайбызбы, сын көз караштан өткөрүп, объективдүү баалоо — ​коомчулуктун иши. Бул эртедир-кечтир сөзсүз жасала турган иш. Айрымдар, жок, Атамбаевдин ишине эл эбак эле өз баасын берип койгон деп ойлоштору да мүмкүн. Жок, ал өз учурундагы жана убактылуу гана, үзгүлтүктүү жана эпизоддук маанидеги гана, үстүртөн берилген баалар болчу. Эми болсо — ​ошол чачкын жана терең иликтенбеген жагдайларды дал өз баасында, кемитпей да, ашырбай да, жыйынтыктоочу мезгил келди.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *