Коопсуздук Кеңешинде жарылган чагылгандын жаңырыгы али да өчө элек…

Артта калган жарым жылдык мезгил кандайдыр бир этаптуу мерчем, cыноочу мөөнөт сыяктуу кабылданганы маалым. Биринчи иретте, баягы эле, элдин баарынын эсинде терең орноп калган Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан соң…

Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинен соң, алгачкы айтылган саясий иликтөөлөр жана алдын ала айтылган божомолдор боюнча, дал ушундай болушу керек эле… Мына, эми ошол болжонгон убакыт да өтүп, дал ошол коюлган мерчемге чейин да келип жеттик!.. Демек, эң алгачкы алдын ала чыгарыла турган жыйынтыктарга карай турган болсок, коомдук-саясий турмушубуздагы көптөгөн окуялар ошол эле чуулгандуу жыйындын жаңырыгы сыяктуу сезилери шексиз…

Албетте, биринчи иретте, саясий интриганын эң башында жана жалпы эле коомчулуктун көңүлүнүн борборунда экс-президент менен жаңы шайланган президенттин өз ара мамилелери болуп келгендиги дагы жакшы белгилүү. Арийне, тактап коё турган бир нерсе, сөз алардын жекече өз ара “достук” мамилелери жөнүндө эмес, андай рамкадан эбак эле сыртка чыгып, жалпы өлкөнүн, саясий турмуштун алкагындагы чен-өлчөмдөргө өтүп кеткен мамилелер тууралуу жүрүүдө…

Жарым жылдык саясий аба-ырайынан кандай жыйынтыктарды чыгарууга болот? Ток этер жерин айта турган болсок, башка көп кырдуу жана мындан кийин да толук бүтпөй, же бүтсө да, мазмундук мааниде, же чынжыр реакциясы сыяктуу, биринин артынан бири улам уланып кете бере турган окуяларды айтпаганда да, азыр эле бир саясий чындык дээрлик ачык-айкын болгонсуп калды. Ал саясий чындык — ​жаңы президент Сооронбай Жээнбеков мына эми-эми гана — ​президенттик тактыга олтургандан кийин жарым жыл өткөн соң, өзүнүн “жаңы” деген кошумча титулунан биротоло ажырап, коомдук аң-сезимге толук кандуу, мыйзамченемдүү жана ыйгарым укуктуу президент катары кире алгандыгында турат. Албетте, инаугурация, Конституциялык мыйзам жана башка формалдуу атрибуттарды эске албай турган болсок…

Асыресе, ар кандай титулдардын ыйгарылышы, мыйзамдык негизде берилген ыйгарым укуктардын берилиши деле, акыры келип коомдук аң-сезимдеги “легитимдештирүү” аркылуу өтүүгө муктаж жана, ал тургай, мажбур болору белгилүү!

Кечээ жакында эле болуп өткөн Россия Федерациясынын жаңы шайланган президенти Владимир Путиндин инаугурациясы дал ошондой ойлорго түртөт. Бул церемония ал үчүн тек гана бир формалдуу, сөзсүз аткарыла турган, жасабай коюуга да болбой турган бир кошумча түйшүк, негизги маанилүү иштеринен алагды кылган процедура сыяктуу болуп калды…

Кремлдин Чоң Сарайынын (Большой Кремлевский Дворецте) Жыйындар өтүүчү залында бул саясий салтанаттуу церемонияга катышууга чакырылган бардык тармактардан жана чөйрөлөрдөн иргелип чакырылган миңдеген адамдарды тизип туруп, аларды тикесинен тик тургузган бойдон, 15 мүнөтчө күттүрүп коюп, өзүнүн Кремльдеги эле жумушчу кабинетинен 20–25 мүнөткө келип кеткен Владимир Путин кыска-нуска сөзүндө өз жашоосун Россия өлкөсү жана элисиз элестете да албай тургандыгын, өз жеке жашоосунун маани-маңызы бир гана ушул Россия өлкөсү жана анын көп улуттуу эли менен тыгыз жана ажырагыс болуп байланышып турарын билдирди! Ачыгын айтканда, жыйырма биринчи кылымдын башталышында Россияны оор жарандык согуштан жана террор коркунучтарынан биротоло сууруп чыгып, мурдагы батышчыл-талкалоочу саясаттан мураска калган, кризис сазына жедеп баткан экономиканы бутуна тургузуп, бутуна тургузуп эле тим болбой, ишенимдүү жана туруктуу түрдө өнүгүү жолуна салган президент элдин аң-сезиминде дал ошол Путин өзү айткандай, эли менен ажырагыс болуп, чыныгы элдик президент катары эбак эле сиңип калганы түшүнүктүү. Албетте, жалпы элдин санына салыштырмалуу, бир ууч да болбой турган, ошол эле батышчыл-оппозицияны эске албаганда!..

Бул чоң саясий окуянын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун дагы “жаңы президент” деген эпитеттен эми биротоло арылып, толук кандуу иштей баштаган учуру менен дал келиши да, кандайдыр бир деңгээлде алганда, символикалуу мааниге ээ болгонсуйт. Анткени, жашырып кереги не, тээ былтыркы күздөгү президенттик шайлоо өткөндөн баштап, инаугурациядан кийинки эң алгачкы күндөрдөн тартып эле, коомдук аң-сезимде Сооронбай Жээнбеков толук кандуу президент боло албайт, ал экс-президенттин колундагы марионетка сыяктуу гана болуп калып, формалдуу, “церемониалдуу” гана президент болуп калышы да толук мүмкүн деген кооптонуулар дагы жашап келген. Ал тургай, президенттик шайлоо учурундагы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков туш болгон айрым кыйынчылыктар жана анын эң башкы атаандашы — ​Өмүрбек Бабановдун күтүүсүздөн эле жана салыштырмалуу алганда, арбын добуш топтой алганы дагы дал ошол жогорудагы фактордон улам болду деп айтсак да болот. Башкача айтканда, башка ылайыктуу талапкердин жокутугунан улам, тандоонун чектелүүлүгүнөн улам гана, жогорудагыдай марионетка президенттүү болууну каалашпагандардын баары тең аргасыздан Бабанов тарапка ыктай башташкан болчу…

Бул өңүттөн алып караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы рейтинги абдан эле төмөн болчу, кыска убакыттын ичинде мен көтөрүп бердим деген сөздөрү көптөгөн кошумча суроолорду жаратат. Ал гана турсун, биз караган ракурстун призмасы аркылуу карай турган болсок, экс-президент, тескерисинче, талапкердин өзүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн реализациялай алышына кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук кылганы деле ачык көрүнүп турат!

Эми ал учурлар да артта калды. Алгачкы жыйынтыктарды чыгаруучу мезгил да келип жетти. Кыскача айтканда, азырынча алдын ала чыгара турган жана да оптимисттик маанайды жарата ала турган бир гана кубанычтуу нерсе — ​С.Жээнбековдун Россиянын мурдагы президенти Д.Медведевдин таскейпин кийбей, өз алдынча президент боло ала турган инсан экендигин тастыктай алгандыгы болду. Бул жерде парадоксалдуу бир суроо жаралышы да мүмкүн: эмне үчүн Россияга жана Владимир Путинге карата жогорудагыдай мамиле жасалат да, дал ошондой эле саясий кырдаалдын бизде кайталанып калышына карата (ал али жарала да электе, тээ түйүлдүк кезинде эле!) негативдүү мамиле жаралууда?..

Балээнин баары, айланып келип эле, биздин экс-президенттин өткөн алты жылдык бийлиги ичинде (энергиялуу жана абдан активдүү иштеймин деп алдыга тилек-максат койгон адам үчүн толук жетишерлик мезгилде), дал ошол Владимир Путиндей репутацияга ээ боло албай калгандыгында турат. Андай бийик кадыр-баркка жетмек турсун, ал өз бийлигин өткөрүп берип кеткенде, буга ачык эле сүйүнгөндөр да коомчулукта арбын эле болду. Ал эми унчукпай, сыртынан тек гана мисирейишип тим болушуп, а ичинен терисине батпай кубанышкандардын саны канча болду — ​муну бир Кудай өзү гана билет… Абдан зор убадалар жана ири масштабдуу, амбициялуу пландар менен бийликке келген экс-президент, ошентип, реалдуу турмуш менен куру кыялдардын ортосундагы ажырымдык деген каардуу чындыктын курмандыгына айланууга мажбур болду. СДПК партиясынын тегерегиндеги (саясий кенеш мүчөлөрүнүн) экс-президент жана жаңы президенттин айланасындагы өз ара мамилелерине байланышкан, жалпы коомчулукка чыгып кетип жаткан сөздөр деле Алмазбек Атамбаевдин имиджине ого бетер терс штрихтерди сала берери да күмөн туудурбайт. Ал эми “биз экс-президентке президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, сүйлөшүп көрүүгө кеңеш бердик” деген сыяктуу маалыматтардын өзү түпкүлүгүндө мыйзамга каршы келген аракетке түртүү экендиги анык. Конституцияга ылайык, президент кайсыл партиянын мүчөсү болсо да, кандай партиялардын колдоосу менен келсе да, баары бир, ал президенттик ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен соң, өз партиялуулугун токтотуп, бардык коомдук уюмдарга жана саясий партияларга бирдей карай башташы ылаазым. Ошондо гана ал чыныгы жалпы элдик президент (бир гана саясий партиянын президенти эмес!) деген наамга толук татыктуу болууга карай сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да умтула баштайт. Башка бардык тар-партиялык кызыкчылыктарга жана белгилүү бир коомдук-саясий кландардын кызыкчылыктарына гана багытталган иш-аракеттер — ​жалпы элдик жана өлкөлүк кызыкчылыктарга кайчы келе баштайт!

Айталык, ошол эле Владимир Путин оппозицияны да алсыз жана аз санда деп ойлоп, такыр эле аны менен эсептешпей койбой, тескерисинче, алар тараптан айтылган сын пикирлерге жана айтылган сунуш пикирлерге да өтө зор ынтаа коюуу менен изилдеп, алардын баалуулугуна жараша жыйынтыктарды чыгаруу менен иш жүргүзүп жатканын да байкоого болот. Мисалы, оппозиция лидери Алексей Навальныйдын кезектеги “документалдуу ашкерелөөчү фильминен” соң, анда “эскорт кыз Настя” менен миллиардер-бизнесмен Олег Дерипасканын компанииясында чогуу эс алып жүргөн вице-премьер министр Сергей Приходько дароо кызматынан кол жууду… Коомчулукта жана массалык-маалымат каражаттары, медиа айдыңында, жаңыдан алмашкан өкмөттөгү негизги чечүүчү фигуралар дагы жалпысынан Владимир Путиндин РФ Мамдумасында жаңыдан кайрадан шайланган премьер-министр Дмитрий Медведевге берген көрсөтмөлөрү боюнча аткарылгандыгы тууралуу дароо эле айтыла баштады. А биздин жаңы куралган өкмөт кандай критерийлердин жана программалардын алкагында куралды — ​бул боюнча, ал куралгандан бери бир айдан ашуун убакыт өтүп кетсе да, алиге чейин коомчулукка али шардана кылына элек. Тек гана күнүмдүк майда-чүйдө маселелерди чечип коюп, “текучка” менен алектенүүдөн жогору көтөрүлө албай, ырааттуу түрдө алга умтулбаган, алдына так жана конкреттүү иштелип чыккан максаттарды кое албаган өкмөт алыска кете албасы бышык. Андай өкмөт менен жалпы эле элибиз да, өлкөбүз да эч качан өнүгө албайт…

Коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштүн алкагында мурдагы вице-премьер министр Аскарбек Шадиевдин айланасында бир айдан ашуун убакыттан бери тынч албай, улам жаңы чуулгандуу фактылар ачыктала баштаган жагдайдын өзү эле көп жабык жагдайлардын бар экендигин каңкуулап тургансыйт. Ал өзү вицелик кызматынан өз ыктыяры менен отставкага кетип, ал эми ага каршы козголгон кылмыш иши Жогорку Кеңештеги (Эл аралык байланыштар боюнча комитеттин төрагасы болуп тургандагы) ишине байланыштуу болгону менен да, өзү иштей калган аз эле убакыттын ичинде, бул чиновник өкмөттө да артында оңой менен унутулгус “из калтырып” кетти десек болот. Маселен, анын калктын жакыр жашаган жана мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон катмарлар үчүн берилүүчү социалдык жөлөк пулдар жөнүндө айткан кеби эле, эмне деген дилетанттыкты жана карапайым эл менен өкмөт жетекчилеринин (айрыкча, ишкер жана жеке бизнес менен жашыруун шугулдангандар) ортосунда канчалык чоң ажырым тургандыгын билдирип турат. Көп балалууларга жана айыл жериндегилерге социалдык жөлөк пулду берүү керекби, же аны кыскартуу керекби? — ​деген суроо талкууланып жаткан кезде, Аскарбек Шадиев ал сумма жарыбаган эле бир акча экендигин, аны бербей эле токтотуп коюп, ошол билинбей, чачылып кетип жаткан майда акчаларды топтоп, ага мектеп же башка бир нерсе салууга жумшоо керек дегендей абсурддуу сунуш менен чыккан!..

Бул жерде, элде айтылган “ач кадырын ток билбейт” деген накыл кеп эриксизден эске түшөт. Аскарбек Шадиев сыяктуулар үчүн (анын интернетте жарыяланган мүлкүнүн санына караганда, ал биздин жакыр өлкөдөгү подполдук-көмүскө долларлык миллионерлердин бири экен!) ал жөлөкпулдун суммасы “жарыбаган эле акча” болгону менен, ай сайын дал ошол акчага муктаж болушуп, анын келишин күтүшүп, бала-чакасынын мектепте эл катары окууга баруусун ошол каражат аркылуу гана камсыздап турушкан үй-бүлөлөрдүн саны дагы биздин өлкөдө аз эмес, ал тургай, “олуттуу, калың катмар” экендиги маалым.

Айтор, элдин калың катмарынын көйгөйлүү жагдайларын өз жонтерилери менен сезе алышпаса да, аларды ичкертен жакшы туюп-билип, ошолорду чечүү үчүн жан-дили менен күйүп иштешкен чиновниктер гана өкмөт ишин алдыга жылдыра алары түшүнүктүү. Ансыз, эч качан өсүү да, алга жылуу да болбойт. Коомдук-саясий турмушта да, аткаруу бийлигинде да. Мисалга ала турган болсок, алгач Владимир Путиндин гана креатурасы катары саясатка келип, анын жеке жетегинен чыга албай турган, ага өтө көз каранды болгон саясатчы катары имиджи калыптана баштаган Сергей Мироновдун (Совет Федерациясынын мурдагы төрагасы) өз алдынча “Справедливая Россия” деген саясий партияны түзүп, эл арасында абройлуу саясатчыга чейин өсүп жетип, тез эле бул өлкөдөгү саналуу партиялардын биринин лидерине айланып калышы дагы жөн эле оңой келе турган жетишкендик эмес. Сергей Миронов өткөндө өз маектеринин биринде айтып жатпайбы: биз абдан жакыр үй-бүлөдө жашачубуз, көп учурларда апам бизди — ​мени иним экөөбүздү, — ​мектепке жөнөткөндө тамак бергенге эч нерсе таппай калып, бир кесим нандын бетине кумшекерди себелеп, салып берип, кара чай менен мектепке узатуучу деп. Журналист: азыр алган айлыгыңыз кандай? — ​десе, азыр айлыгым абдан көп, анын төрттөн бирин (25%ин!) мен ай сайын жакыр үй-бүлөлөргө берип турамын деп жатпайбы!..

А бизде, тилекке каршы, айлыгым абдан көп демек турсун, жөн эле көп деп айтканды да угуу кыйын. Аз, же жетпейт деп айтышат. Эриксизден, баары өз пейлиңе жараша болот деген сөздү эстейсиң…

Кыскасы, мамлекеттик социалдык жөлөкпул жарыбаган эле бир акча сыяктуу сезилген жогорку кызматтагы мамчиновниктердин баарына тең, бизде дагы “ошол жарыбаган суммага өз чөнтөгүңөрдөн ай сайын кошуп берип тургула” деп милдеттендириле турган болсо, бул абдан жакшы эле жөрөлгө болмок. Тилекке каршы, андай мыйзам жок. Дал ошондуктан улам, андай шектүү жолдор менен байыгандардын байлыгын көп учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен гана кайра мамлекетке мыйзамдуу конфискациялоо аркылуу гана кайтарып алуу каралган. Демек, маселенин баары эми дал ошол мыйзамдардын кыйшаюусуз, так аткарылышына жетишүүдө гана калды…

Ишенбек Муртазаев

Булак: Жаны Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *