Коопсуздук кеңешинин курамына Президенттин Аппарат жетекчиси менен Башкы прокурор киргизилет

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Иса Өмүркулов тааныштырды.

Мыйзам долбоору аркылуу Коопсуздук кеңешинин курамына КР Президентинин Аппарат жетекчисин жана КР Башкы прокурорду киргизүү сунушталууда. “Президенттин Аппарат жетекчиси Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарат, ал эми Башкы прокурор Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин туура аткарылып жаткандыгын көзөмөлгө алат. Андыктан аларды коопсуздук кеңешинин курамына киргизүү сунушталууда”,- дейт И.Өмүркулов.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Сурабалдиева Э.Ж., Джураев С.М., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Назаров А.К., Тулендыбаев П.Р., Байбакпаев Э.Ж., Асылбаева Г.К., Икрамов Т.И., Жутанов А.Т., Токторов А.С.

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Кaпырa-a-aй, 13 кишинин aты жaзылыптыр, үчөөнүн aтын aнчa-мынчa уккaн экенмин, aлaрдын дa экөө эч нерсеге жaрaбaгaн, чындaп келсе, түрмөдө отурa тургaн немелер. Кaлгaн 10 киши дa депутaт экен го. Мен колумaн келишинче окуп, aр нерседен кaбaрдaр болуугa тырышкaн кишимин. Бирок бул он депутaттын кaйсы бир тaрмaк боюнчa мыкты экенин, кудaй aкы, окугaн дa, уккaн дa эмесмин. Пaрлaменттин кaндaй aбaлдa экени мынa ушул жерден деле көрүнүп туру. Кыргыз Пaрлaментинин “Чем темнее ночь, тем ярче светит Лунa” деген принцип менен түзүлгөнү чын экен.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *